Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:01

Бишкек–Ош жолун оңдоого тартылган жумушчулар айлыгын ала албай жатканын билдиришти


Бишкек–Ош жолун оңдоо иштери. Август, 2025-жыл.
Бишкек–Ош жолун оңдоо иштери. Август, 2025-жыл.

Бишкек–Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жол оңдоо иштерине тартылган оор техника ээлери төрт айдан бери айлыгын ала албай убара тартып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Алардын айтымында, "Альянс Капитал КЖ" мекемеси менен жол тейлөөгө ылайыкташкан унаалардын ээлери ушул жылдын май айында ижара тууралуу келишим түзүп, жол оңдоо иштерине тартылган. Бирок май айынан бери акчасын ала албай келет.

Мекеменин карызы 10 млн 600 миң сомдон ашканы да айтылды.

"Альянс Капитал КЖ" компаниянын ээси катары Өзбекстандан келген Мухиддин Умаров аттуу жаран көрсөтүлгөн. Бирок ал Кыргызстандан чыгып кеткенин бул компанияга тышкы башкаруучу катары дайындалган Нурсултан Матисаков билдирди.

Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев "Альянс Капитал КЖ" компаниясынын жетекчиси алмашканын тастыктап, акча жумуш аткарылганы тууралуу отчеттон кийин которуларын, 10 күндүн ичинде баары айлыгын аларын белгиледи.

Бишкек–Ош автожолу соңку 25 жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Анын 104 чакырымы быйыл октябрга чейин жасалышы керек болчу. Анын 52 чакырымын кытайлык China Road, калганын "Альянс Капитал КЖ" жасамак. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG