4-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский жана бир катар европалык лидерлер Франциянын башкалаасы Парижде сүйлөшүү жүргүзүү үчүн чогулду. Европага сапарында Зеленский союздаштарына кайрылып, Москвага басымды күчөтүүгө чакырды.
Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулай турган "каалоочулардын коалициясынын" саммити негизинен европалык лидерлерди бириктирет. Лидерлер бир нече айдан бери Орусия кайра кол салбашы үчүн Украинага көрсөткөн аскердик жардамдын көлөмүн талкуулап келишет.
"Орусия биздин энергетикалык секторду күн сайын аткылап жатат. Биз өзүбүздү коргой турган жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушубуз керек. Путин кыш келсе көп жоготууларга туш болобуз деп ойлоп жатат. Муну болтурбоого тийишпиз. Аба чабуулуна каршы коргонуу стратегиялык жактан абдан маанилүү",- дедиЗеленский саммиттин алдында.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Парижде украин президентин кабыл алып жатып:
"Тынчтык келишимине кол коюлган күнү Европа Украинага жана украин элине коопсуздук кепилдиктерин сунуштоого даяр болот", – деди.
Бейшембиде Парижде Макрон, Зеленский, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана ошондой эле Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүүгө даяр 30дай өлкөнүн лидерлери чогулду. Жолугушууга онлайн форматта НАТОнун башкы катчысы, Норвегия, Канада, Испания, Жапония лидерлери жана ЕБ өлкөлөрүнүн Венгрия, Словакия жана Мальтадан башка бардык башчылары катышты.
Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак ушул эле күнү өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен Парижде АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф жана европалык аткаминерлер менен жолугушуу өткөнүн маалымдады.
"Жолугушуунун негизги максаты Украинанын коопсуздугу боюнча мамлекет башчылары жетишкен келишимдерди ишке ашыруу. Алар асманда, деңизде, жерде жана кибермейкиндикте күчтүү жана ишенимдүү болушу керек. Биз ошондой эле санкциялык кысымды күчөтүү, украин туткундарын жана Орусия уурдап кеткен балдарды кайтаруу маселелерин талкууладык. Украина үчүн туруктуу жана адилеттүү тынчтыкка жакындоо максатында позицияларыбызды координациялоону улантабыз", – деп жазды Андрей Ермак социалдык тармактагы баракчасына.
Зеленский жана Европанын лидерлери орус президенти Владимир Путин согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин айтып келишет.
Ушул эле күнү АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Украинаны колдогон өлкөлөрдүн саммитинен кийин Владимир Зеленский менен сүйлөшөрүн билдирди.
Буга чейин Трамп америкалык радио алып баруучу Скотт Женнингске маек куруп жатып Путинден "абдан көңүлү калганын" айткан. Ошол эле күнү Ак үйдө өткөн брифингде ал Украина маселеси боюнча "өтө кызыктуу нерселерди" билгенин кошумчалаган.
18-августта АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо Зеленский жана европалык лидерлер менен жолугушууда "бир-эки жумадан кийин" Орусия менен Украинанын тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгү айкын болорун айткан. Бир жума мурда болсо Трамп "эгер сентябрдын башында согушту токтотуу боюнча келишим түзүлбөсө Орусия үчүн абдан олуттуу кесепеттер болушу мүмкүн" деп эскерткен.
Путин Зеленскийди Москвага чакырды
Бир күн мурун Владимир Путин Бээжиндеги сапары учурунда кайрадан украин президентинин "легитимдүүлүгү" тууралуу айтып, тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз болсо өз максатына аскердик жол менен жетерин кыйыткан. Орус президенти шаршембиде журналисттердин "Зеленский менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярсызбы?" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берген.
"Мен бул нерседен эч качан баш тарткан эмесмин. Эгер жолугушуу жакшы даярдалып, оң жыйынтыкка алып келе турган болсо эмнеге өткөрүлбөсүн? Айтмакчы, Дональд да жолугушуу өткөрүүнү өтүндү. Мен ага оң жооп бердим. Эгер Зеленский даяр болсо Москвага келсин. Биз АКШдагы президент Трамп жетектеген администрациянын маанайын көрүп турабыз, алардын чын дилден чечим издегенин байкадык. Келечекте бул аракеттер кандай нукта өнүгөрүн убакыт көрсөтөт. Болбосо, биз алдыбызга коюлган милдеттерди аскердик жол менен чечүүгө мажбур болобуз".
Бээжинде дээрлик бир саатка созулган маалымат жыйынында Путиндин сөзүнүн басымдуу бөлүгү Украинанын айланасындагы суроолорго арналды.
"Зеленский даяр болсо Москвага келсин, ошондо жолугушуу болот",-деди орус президенти.
Путин ушуну менен экинчи жолу Зеленский менен Москвада жолугушууну сунуштады.
Ал эми украин президенти жолугушууну Москвада өткөрүүгө макул эместигин билдирген.
Ал тапта Орусиянын Украинга чабуулдары бейшембиге караган түнү да уланды. 4-сентябрга караган түнү дрон чабуулуна Одесса кабылды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматы билдиргендей, шаардагы өндүрүш ишканалары дрон чабуулуна туш болуп, бир нече кампада өрт чыккан.
3-сентябрда Украинанын Донецк облусундагы Константиновка шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан тогуз киши каза болуп, жети адам жараат алган. Облустун башчысы Вадим Филашкиндин маалыматына караганда, орус армиясы шаарды артиллерия менен аткылап, көп кабаттуу эки үй, жер там, дүкөн, соода борбору жана беш соода күркөсү зыян тарткан.
Мындан сырткары бир күн ичинде орус аскерлери жайкын тургундардын унааларына сокку урган. Натыйжада 36 жаштагы аял каза болуп, бир киши жаракат алган. Филашкин жергиликтүү тургундарды коопсуз жайларга чыгып кетүүгө үндөдү.
"3-сентябрда Орусиянын чабуулунан Донецк облусунда жалпы 11 адам каза болду. Каза болгондордун арасында Константиновкада курман болгон тогуз адамдан тышкары Сиверск жана Каленик айылдарынын дагы эки тургуну бар. Соңку бир сутка ичинде облуста 16 киши жаракат алды".
Орусия соңку чабуулдар боюнча комментарий бере элек.
Москва Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын далилдерге карабастан четке кагып келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт.
Шерине