Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Ош: Үй курган компаниялар ички жолдорго асфальт төшөөгө милдеттендирилет


Ошто жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн алдындагы муниципалдык жол.
Ошто жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн алдындагы муниципалдык жол.

Бул тууралуу Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн 7-сентябрда шаарды кыдыруу учурунда айтканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шаарда ондогон курулуш компаниясы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатат.

Курулуш учурунда алар үйлөргө суу тартып, электр линияларын өткөрүп жана башка коммуникацияларга кошулуу үчүн тротуарларды казып, унаа өткөн жолдорду бузат. Ошондуктан мындан ары бузган көчөлөргө асфальт басып, баштапкы абалына кайтарып берүүгө милдеттендирилет.

"Булар өзүлөрү жолдорду иштетип, талкалады. Анан жыйынтыгында мэрия жасаш керек деген туура эмес. 300 метр асфальтты баса албайбы? Алар бери дегенде 3-4 млн доллар табышат, жасашсын. Мэрияга бул объектилерден бир чарчы метр коммерциялык бөлмө же батирдин кереги жок. Болгону жолдорду жасашсын. Мен бул тууралуу айрым курулуш компаниялардын ээлерине да айтсам макул болушту. Булар укук коргоо органдарына арыздана алышпайт, себеби жолду бузгандары анык",-деген Токторбаев.

Оштогу көп кабаттуу үйдүн жанынан өткөн тротуардын орду.
Оштогу көп кабаттуу үйдүн жанынан өткөн тротуардын орду.

Токторбаев жолдорду оңдоп берүүгө макул болбогон компаниялардын курулуш объектилеринде электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотуларын кошумчалады.

Куруу тармагында бизнес жүргүзгөн компаниялар бул талаптар боюнча өз пикирин билдире элек. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG