Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушунда орус тарапта согушуп каза болгон дагы бир кыргызстандык жарандын жакындары маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү айласын издеп жатат. Тилекке каршы, Украинадагы согушка азгырылып барып, ал жактан сөөгү келген кыргызстандыктардын саны улам өсүүдө. Буга чейин Украинанын "Жашагым келет" деп аталган долбоору 360дан ашык кыргызстандык Украинадагы согушка катышып жүргөнүн жазган.
"Уулумдун сөөгүн алып келүүгө жардам бергиле"
"Азаттыкка" Якутияда иштеп жүргөн уулу Султанбек (аты өзгөртүлдү) Украинадагы согушка барып, ал жакта набыт болгонун айтып ыйлаган эне кайрылып, баласынын сөөгүн мекенине алып келе албай жатканын билдирди.
Анын сөзүнө караганда 33 жаштагы уулу май айында Орусия жарандыгын алып, көп өтпөй эле Украинадагы согушка кеткенин кеч билген.
"Уулум Якутияда 2011-жылдан бери эле иштеп келе жаткан. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар. Келинчеги да ошол жакта чогуу иштечү. Бирок эмне болуп, эмнеге азгырылып, Украинадагы согушка кетип калганы мага белгисиз. Согушка баруу үчүн келишимге кол койгондон кийин гана кайнисине жана аялына айтыптыр. Мен бул тууралуу августтун аягында, кагаз келгенде гана билип отурам. Мага уулумдун кайниси кабар берди. Балам орус жарандыгын май айында эле алыптыр, беш күндөн кийин согушка кетиптир".
Согушта каза болгон маркумдун энесинин айтуусунда Орусиянын Коргоо министрлиги алгач баласы дайынсыз жоголгонун маалымдаган. Бирок көп өтпөй уулу 11-июнда Донбасстагы согушта "аскердик милдетин өтөп жатып көз жумганын" кабарлаган "кара кагаз" алган.
Быйыл жазында Украинанын “Жашагым келет” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушка катышкан деп 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын 38и каза болгон.
“Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.
Украинадагы согушка Орусия тараптан катышып жүрүп көз жумган кыргызстандыктар тууралуу алгачкы маалыматтар 2022-жылы жай айларында пайда болгон. Алардын ичинде айрымдары согушка Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жеринен кеткени аныкталган. Андай жарандарга согушка катышуу эркиндик жана акча кепилдигин бергени ачык булактарда деле айтылган.
Кийинчерээк Украинадагы кан майданга эркиндикте жүрүп эле кеткендер тууралуу маалыматтар көбөйө баштаган. Айрым эксперттер буга акыркы жылдары Орусия мигранттарга мамилесин катаалдаштырып, документинде мүчүлүштүгү бар мигранттарды деле түрдүү себептер менен кагаздарга кол койдуруп, согушка катышууга мажбурлаганын айтып келишет.
Орус жарандыгы өмүрдөн кымбатпы?
Орусиянын Украинадагы согушунда 70тен ашуун кыргыз өлгөнү тууралуу маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда ачык эле айтылып келе жатса да бул согушка азгырылган кыргызстандыктардын аягы тыйылбай жатканы эмнеден кабар берет? Кыргызстандык жарандардын Орусиянын жарандыгын жеңил жол менен алуусубу, согушка катышканы үчүн убада кылынган ири суммадагы акчабы?
"Норвегиянын Хельсинки комитети" эл аралык укук коргоо уюмунун улук кеңешчиси Ивар Дале кыргызстандык жарандардын согушка катышууга макулдугун берип, келишимге кол коюшуна Орусиянын пропагандасы чоң роль ойноп жатканын белгиледи.
"Орусияда иштеп жүргөн жаш мигранттар соцтармактардан согушка катышкандарга берилүүчү артыкчылыктар тууралуу саат сайын таратылып жаткан маалыматтарды көргөн сайын жеңил акчага азгырылууда. Андан тышкары Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров Москвага бир нече жолу барды, Орусия Украинадагы согушка Кыргызстандын 18-19 жаштагы букараларын жалдап жатканы тууралуу бир ооз да айткан жок. Белгилей кетүү керек, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарга мындайдан оолак болууга көмөктөшүп келет. Кыргызстан Түндүк Корея эмес, анын жарандарында согушка катышуудан баш тартуу укугу бар".
"Мигранттар аркылуу азгыруу жүрүп жаткансыйт"
Орусияда мигранттар менен иштеген юристтердин бири акыркы убактарда Борбор Азиядан барган мигранттар өздөрү ортомчу болуп, мекендештерин, жердештерин, тааныштарын Украинадагы согушка азгырган учурлар катталып жатканын "Азаттык" менен бөлүштү. Эфир сыртында калууну каалаган маектешибиз акыркы убактарда орус бийлиги борборазиялык мигранттарды ушундай жол менен согушка тартууну баштады деп эсептейт.
Май айында Орусия жарандыгын алып, 11-июнда согушта өлгөнү кабарланган Султанбектин апасы да уулу өзүнүн жердештеринин азгыруусуна алданып, келишимге кол коюп бергенби деп боолголоодо.
"Менин балама окшогондор эмне үчүн кетип атышат, анткени азгырык, үгүт жүрүп жатат. Мен баламдын дайынсыз жоголуп жатканын айтып, Москвадагы тууган-тааныштарыма кайрылгам. Ал жактагы бир эжем менин өтүнүчүм менен кыргызстандыктардын кээ бирлеринен сураштырыптыр. Эжеме бир таксист кыргыз Украинадагы согушка үч жолу барып келип, көп суммада акча алганын, ал жакта кыргыздарды согушка салбасын, сөөк ташып, жол тазалап жана башка түрдүү иштерди жасап эле жүрүшкөнүн, келишимди улам узартып коюп, көп суммада акча алса болорун айтып, мактаныптыр. Мен өзүмчө ошолор себепкер болгонбу деп болжолдоп жатам. Анткени, келинимдин сөзүнө караганда, уулум улам насыя алып жатып карызы көбөйүп кетиптир".
Энеси Украинадагы согушта көз жумган уулунун сөөгүн кантип алып келүүнү билбей, аргасы куруп турган учуру. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кандай жардам бере алат деген суроо менен "Азаттык" Тышкы иштер министрлигине да кайрылды.
ТИМ маалымат иликтенип, чара көрүлөрүн кабарлады.
Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу билдирип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.
Шерине