МИК үйлөрдү 8% үстөк менен, баштапкы төлөмсүз бере баштарын президент Садыр Жапаров билдирди. Бул тууралуу ал 6-сентябрда Ысык-Көлдөгү "Улан" балдар борборун ремонттон кийин ачып жатып айтты жана быйыл МИК 10 жылдыгын белгилеп жатканын да кошумчалады.
Башта МИКтин уставдык капиталы 10 млн сом болсо, быйыл 87,5 млрд сомго чыкты.
"Жалпысынан МИК аркылуу үй алгандардын саны 13 миң 850 үй-бүлөнү түздү. Учурда "Мамлекеттик турак жай" программасынын алкагында дагы 100 миңге жакын жараныбыз кезекте туруп, үйлөрүнүн курулуп бүтүшүн күтүп жатат. Демек, жеткиликтүү турак жай программабыз ийгиликтүү ишке ашууда. Биз каржылоо механизмдерин кеңейтип, үлүштүк курулушту мындан ары өнүктүрүүбүз зарыл. Ал эми көп балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга, жаш адистерге социалдык ипотеканы 4% менен жана баштапкы төлөмсүз берүүгө жетишели деп жатабыз. Мындай жеңилдик мамкызматкерлер, соцкызматкерлерге да каралат. Ошондой эле жарандар үчүн жеткиликтүү ипотеканы жылдык 8% менен баштапкы төлөмсүз берүүнү максат кылып жатабыз",-деди Жапаров.
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алууга кезекке тургандардын саны бүгүнкү күндө 40 миң 411 адамды түзөт. Үй алгандардын саны 9 миң 799 жаран. (KS)
Шерине