Баткендеги чек ара жаңжалынан сузактык 22 жана 19 жаштагы кырчын өмүрлөр кыйылды. Экөө тең бир жылдык аскерде кызмат өтөп жүрүшкөн. Даниэлбек Малашов сентябрдын 15де үйүнө кайтып келмек. Ал эми 19 жаштагы Нурислам Карыбеков үйдүн улуусу болгондуктан ата-энесинин ишенген тиреги эле.
Кырсык
Ушул жылдын июль айынан бери аскердик кызматын өтөп жаткан төрт аскер каза болду. Армиядан ажал тапкан жоокерлер бири-бирин тааныбаганы менен, алардын өлүмү, тагдыры аябай окшош. Көз жумгандардын үчөө Ысык-Көлдө, бирөө Баткенде туулуп-өскөн.