Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:34

Ташиев Бишкек шаардык сотунун үч судьясы кызматтан кеткенин айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаардык сотунун үч судьясы “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жазадан бошоткон” деген негиз менен кызматтан кеткенин билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 23-августта Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын эли менен жолугушууда айтты.

Камчыбек Ташиевдин сөзүнө ылайык, биринчи инстанция уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсүн жети жылдан абакка кескен. Кийин Бишкек шаардык соту аларды чыгарып жиберген. УКМКнын төрагасы окуя качан болгонун жана кызматтан алынган соттордун аты-жөнүн тактаган жок. Камчыбек Ташиев судьялар кылмыш иштерине аралашкан фактылар катталып жатканын кошумчалап, жакында эле Ошто болгон дагы бир окуяны айтып берди.

“Ошто бир кылмыш болду. Прокуратуранын кызматкери 4 миң доллар алып, аны бир судьяга берет. Ал судьяны кармайлы деп үйүнө барышса ажатканасына кирип, алган акчасын өрттөйт. Ошол акчанын өрттөлгөн бөлүктөрүн чогултуп, экспертиза өткөрүп туруп жоопко тартып атабыз. Прокуратуранын кызматкерин кармап, эми судьяны жоопко тартуу боюнча Соттор кеңешине сунуш бердик. Сунуш колдоо тапса ал сотту да камайбыз”, - деди Камчыбек Ташиев.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев 7-августта өткөргөн онлайн кеңешмеде айрым судьялардын пара менен кармалып, этикага туура келбеген жүрүм-туруму жалпы сот тутумуна шек келтирип жатканын айткан.

Кыргызстанда 2023-жылы Судьялар кеңеши башкы прокурордун сунуштарынын негизинде мурда иштеп кеткен жана кызмат ордунда турган алты судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берип, мындай чара үч судьяга колдонулган. Андан тышкары сегиз судья жумуштан алынган.

Судьялар кеңеши 2024-жылы тогуз судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берип, алардын бешөөнө жаза чегерилген. Бир катар судьялар пара алууга шек саналып кармалган. Айрымдары көп өтпөй соттон акталып чыкканы кабарланган. 2025-жылы да бир нече судья пара алууга шектелип кармалган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG