Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

Шотландияда борборазиялык мигранттардын спорттук мелдеши өтүүдө


Шотландиядагы Данди шаарында Европада иштеп жүргөн Борбор Азиянын жарандары үчүн спорттук мелдеш өтүүдө. Иш-чараны Шотландиядагы Борбор Азия өкүлчүлүгү уюштурган.

Европага сезондук жумушка барган борборазиялык мигранттар арасында мындай иш-чара биринчи ирет уюштурулуп жатат. Анын алкагында Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстан жана Тажикстандан барган мигранттар ойноп жатышат.

Европага сезондук жумушка барган Борбор Азиянын жарандары көбүнчө айыл чарба тармагында иштешет. Алардын көбү 4-5 жылдан бери Европада экенин, мурда англис тилинен кыйынчылык болгонун, учурда борборазиялыктар үчүн жеңил болуп калганын айтып беришти.

Шотландиядагы спорттук мелдеш 25-августта да уланат.

Расмий маалыматка караганда, ушул убакка чейин Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштеп келген. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт.

Соңку жылдары Европанын бир канча өлкөсүнө, айрыкча Британияга сезондук жумуштарга тартылган кыргызстандыктар көбөйдү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG