24-августта Бишкектеги “ЦУМ-2” соода борборунда 21 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Ал соода борбордун эскалаторунан секирип кетип, 1-кабатка түшүп, ошол жерде үзүлгөн.
Саат 12:30дар чамасында милицияга кабар түшүп, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Алдын ала маалымат боюнча, 2004-жылы туулган М.С. аттуу кыз өз жанын кыйган болушу мүмкүн деп божомолдонууда.
Райондук милиция бардык зарыл экспертизаларды дайындаган.
Шерине