Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Бишкекте Ататүрк паркын оңдоп-түзөө иши башталат


Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы паркты реконструкциялоо долбоору менен таанышып, шаардыктар менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 24-августта кабарлады.

Маалыматка караганда, башкалаанын Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан долбоордун алкагында паркты реконструкциялоо иши ооган жоокерлерине эстеликти, балдар аянтчаларын, сахнаны, спорт аянтчаларын, иппотерапия аянтчасын куруу, көлмө жана кароол аянтчаларын уюштуруу камтылган.

Мындан тышкары, 3 чакырымдык чуркоо жана 3.6 чакырым велосипед жолу салынат. Жалпы аянты 77 000 чарчы метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жасалат. Сугат системасы орнотулат жана башка инфраструктуралык иштер жүрөт.

Мэр шаар кызматтарына курулуштун мөөнөтү жана сметасы көрсөтүлгөн маалымат тактасын орнотууну, ошондой эле иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мэрия коопсуз жана ыңгайлуу велосипед жолун куруу максатында айрым аймактар тазаланарын, жапайы бадалдар жана текшерүүдө авариялык деп табылган дарактар гана алынарын кошумчалады. Ал эми башка өсүмдүктөр толук сакталарын белгиледи.

"Иштер жаңы дарактар жана бадалдар отургузулат. Бул аракеттердин баары паркты шаар тургундары үчүн дагы жашыл, жагымдуу жана ыңгайлуу эс алуу жайына айландырууга багытталган", - деп жазылган маалыматта.


Айбек Жунушалиев 2024-жылы 16-апрелде “Ататүрк” паркынан там курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген.

Аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, алар өз маалында тилкени мыйзамдуу сатып алганын, эгер турак жайлар түрттүрүлсө, алардын менчик укугу бузуларын билдиришкен.

Жунушалиев сейил бактагы турак үйлөр бузулбай турганын, алардын ээлери паркты өнүктүрүүгө каражат берерин 11-августта “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында айтты.

Шерине

XS
SM
MD
LG