Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:43

Украинанын Сумы облусуна, Орусиянын Москва шаарына дрон чабуулу болду


Украина. Харьковдогу чабуулдардын биринин кесепети. Апрель, 2025-жыл
Украина. Харьковдогу чабуулдардын биринин кесепети. Апрель, 2025-жыл

25-августка караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Сумы облусуна дрондор менен жапырт чабуул койду. Бул тууралуу Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди.

Анын айтымында, аймакта дрондор кеминде он жерге тийип, өрт чыкты. Алардын арасында киши жашаган үйлөр да бар.

Болжолдуу маалыматка караганда, курмандыктар жок, жабыркагандардын саны такталууда.

Ал тапта Москванын мэри Сергей Собянин шаарды көздөй учурулган эки дрон атып түшүрүлгөнүн 25-августта билдирди.

Ал дрондор кулатылган жерде тийиштүү кызматтар иштеп жатканын кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG