Москвадагы “Печатный экспресс” басмаканасындагы каргашага алты жыл болду. 2016-жылдын 27-августтагы өрт кырсыгынан 17 адам, анын ичинде Кыргызстандын 14 жараны каза болгон. Буга байланыштуу басмакананын башкы директору 2,5 жылга, башкы инженери 3,5 жылга жатак абагына кесилген.
Кырсык
Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон Баткендин беш тургунунун сөөгү жакындарына жеткирлип, жерге берилди. Каза болгондордун арасында үч баланын ата-энеси, жубайлар Каныбек менен Айгүл да бар. Алар куруп баштаган жаңы үйү пайдубалы түптөлгөн боюнча калды.