Орусияда "көзөмөл реестрине" 700 миңдей чет элдик жаран киргизилди, анын 83 миңи кыргызстандык мигранттар. Сирияда өкмөттүк күчтөр менен Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Өкмөт мамлекеттик башкарууну реформалоо башталганын билдирди.
Борбор Азия
дүйшөмбү 10 Март 2025

Учурда Борбор Азия чөлкөмүнүн бир да өлкөсүндө жөлөкпул суммасы аялдарды көп бала төрөөгө шыктандырбайт. Алар "өзүмө төрөдүм" дегени менен мамлекеттен келе турган жардамга эч качан каршы эмес. "Азаттык Азия" редакциясы Борбор Азия өлкөлөрүндө энелерге кандай колдоо көрсөтүлөрүн сураштырып көрдү.
Өзбекстан: "Сүйүнчү пулу" баарына берилбейт
Коңшу Өзбекстанда 2024-жылдын 1-апрелинен тартып бир жолку жөлөкпул (эл арасында "сүйүнчү пулу" делет – ред.) биринчи балага гана бериле баштады. Экинчи бала төрөлгөндө мындай жөлөкпулду социалдык коргоонун бирдиктүү реестрине киргендер, башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр гана ала алышат. Үчүнчү жана андан кийинки балдарга "сүйүнчү пулу" каралган эмес.
Өзбекстанда бир жолку берилчү колдоонун өлчөмү минималдуу эмгек акынын 70,3% түзөт – 738 150 сум (азыркы курс менен 55 доллар). Аны мамлекеттик кызматта, жеке ишканаларда иштеген, жумушсуз же студентпи, айырмасыз, бардык жаңы төрөлгөн наристелердин ата-энелери алышат.
Бирок "Азаттык Азия" редакциясы менен маектешкен өзбекстандыктардын көбү 3-4 жыл мурун балалуу болгонуна карабай, "сүйүнчү пулун" албаганын айтышат.
"Биринчи уулумду үч жыл мурун төрөгөм. Ал кезде мен студент болчумун, жолдошум бир фирмада иштечү. Уулубузга "сүйүнчү пулун" алган жокпуз, анткени мен анда университеттин ректорлугуна анча көп эмес сумма үчүн арыз жазгым келген эмес. Биздин үй-бүлө анча жакыр эмес, ошондуктан күйөөм да бул акчаны алгандан уялды", - дейт ташкенттик Фатима.
Буга чейин ата-энелер иштеген же окуган жеринен алынган документке ылайык жөлөкпул алса, жумушсуздар пенсиялык фонддон алып турушкан. Бирок азыр бул система автоматташтырылган. Эми жаңы төрөлгөн балдарга автоматтык түрдө жеке идентификациялык номур, анын негизинде туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет, кийин бир жолку жөлөкпул чегерилет. Ал сумма ымыркайдын ата-энесинин пластик картасына автоматтык түрдө которулат.
27 жаштагы Малика уулун 2024-жылы декабрда төрөгөн. Өзбек келин бир жолку жөлөкпул алуу системасы автоматташтырылганы өтө ыңгайлуу экенин жашырбайт.
"Төрөт үйүндө жатканымда QR код жазылган маалымкат беришкен. Уулумдун бардык маалыматтары ошол жерде жазылган экен. Кийин бул күбөлүк менен "Бирдиктүү терезеге" барып, туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала аласыз. Анан төрөт үйүндө менин банк картамдын номурун да алышты. "Сүйүнчү пулу" ошол маалымкат берилгенден бир сааттан кийин банк картага которулду. Айтарым, мен төрөт үйүнөн чыга электе эле балама бир жолку жөлөкпул алдым. Санариптештирүү абдан жакшы нерсе экен", - дейт Малика.
Ташкент облусунда жашаган Ироданын үч баласы бар – улуусу беште, кичүүсү 1,5 жашта. Ал буйрутма менен кондитердик азыктарды жасап сатат. Ирода күйөөсү иштеп тапкан 1 миллион 300 миң сум (100 долларга жакын) чоң үй-бүлөгө жетпей жатканын айтат.
"Жолдошум экөөбүздүн өзүбүздүн үйүбүз же унаабыз жок. Кайната, кайненем жана кайнагамдын үй-бүлөсү менен бир үйдө турабыз. Күйөөмдүн бир айлыгына кантип жашайбыз? Ошондуктан мен буйрутма менен таттууларды жасайм. Бирок үчүнчү балам төрөлгөндөн кийин күйөөм экөөбүз бир аз каржылык жактан кыйналдык, анткени ага төрөлгөндө жүрөк "кемтиги" диагнозу коюлган. Мен жардам сурап, жергиликтүү мааллеге кайрылдым. Бардык керектүү документтерди чогултуп, бизди аз камсыз болгон үй-бүлө деп жазып беришти. Азыр майып балам үчүн 900 миң сумдан (67 доллар) бир аз көбүрөөк, ал эми улуу эки балама 3 жашка чыкканга чейин 550 миң сум (41 доллар) жардам алам", - деди Ирода.
Өзбекстанда балдарга каралган жөлөкпулдун башка түрлөрү да бар, алар негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Aлсак, көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөкпул (100-325 миң сум же 7-25 долларга чейин), баланы багууга жөлөкпул (үй-бүлөдөгү балдардын санына жараша аныкталат), 16 жашка чейинки майып балдарга жана 18 жашка чейинки ВИЧ инфекциясына чалдыккан балдарга жөлөкпул (698 миң сум же 65 доллар).
Мындай төлөмдөрдү дайындоо жөнүндө арыз керектүү документтер менен бирге арыз ээсинин туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча жарандардын өз алдынча башкаруу органында (маалле) берилет.
Учурда Канадада жашаган, Өзбекстандагы саясий жана коомдук турмушту чагылдырган Negative Ютуб каналынын автору Улугбек Ашур "Азаттык Азияга" билдиргендей, ага балдарына жөлөкпул алуу үчүн арыз жана документ тапшырууда кыйынчылыктарга туш болгон өзбекстандык аялдар көп кайрылат. Мындай даттануулар ага ири шаарлардан эмес, негизинен Өзбекстандын алыскы аймактарынан келип түшөрүн айтат.
"Аялдар бул арзыбаган акчаны алуу үчүн ары-бери чуркап, көп документ чогултууга аргасыз болуп жатканын айтышат. Кызматкерлер үйдө жашаган ар бир адам тууралуу маалымат же банктан маалымкат, алтургай короодогу мал-жандын санын да сурайт экен. Керектүү документтерди чогулткан күндө да маалле кызматкерлери кемчилик таап, документтерди кайра кайтарып жатканына аялдар нааразы болууда. Жетекчилерге акча берип документин тапшырган үй-бүлөлөр да бар", - дейт журналист.
Казакстан: Айлыгы көптөргө жөлөкпул да көп
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен балдарга эң көп жөлөкпул Казакстанда берилет. Бул жерде бала төрөлгөндө мамлекеттик жөлөкпулдун эки түрү жана социалдык төлөмдөрдүн эки түрү чегерилет.
Биринчи кезекте ата-эне бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул алат. Анын өлчөмү үй-бүлөдөгү балдардын санына жараша болот:
– биринчи, экинчи жана үчүнчү балага – 38 айлык эсептик көрсөткүч (2025-жылы – 149 416 теңге же 300 доллар);
– төртүнчү жана андан кийинки балдар үчүн – 63 айлык эсептик көрсөткүч (2025-жылы – 247 716 теңге же 500 доллар).
Казакстанда үйдө бала баккан энелерге да жөлөкпул каралган. Жумушсуз аялдар бала 1,5 жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөкпул алышат. Анын өлчөмү үй-бүлөдөгү балдардын санына жараша болот жана 22 649 теңгеден 34 995 теңгеге чейин (45-70 доллар) чегерилет.
Кошумчалай кетсек, Казакстанда аялдар кош бойлуулугуна жана төрөтүнө, жаңы төрөлгөн ымыркайын багууга же асырап алууда таңкыстыкка кептелсе, иш берүүчүнүн социалдык камсыздандыруу фондуна которгон төлөмүн ала алышат. Төлөмдүн өлчөмү аялдын соңку 12 айдагы орточо айлык кирешесине жараша болот - эмгек акысы канчалык жогору болсо, декреттик өргүүгө чыккандан кийин ошончолук көп жөлөкпул төлөнөт.
Балдарын үйдө баккан энелерге да социалдык төлөм бар. Баласын 1,5 жашка чыкканга чейин багуу үчүн үйдө отурган келиндер акыркы эки жылдагы орточо айлык кирешесинeн 40% өлчөмүндө социалдык төлөм ала алышат.
Астаналык 30 жаштагы Бота эки баланын энеси. Улуу уулу 2 жашта, кичүүсү 2 айлык. Улуу баласын төрөп, декреттик өргүүгө чыкканга чейин Бота Алматыдагы институттардын биринде илимий кызматкер болуп иштеген.
"Биринчи уулум менен декреттик өргүүгө чыкканда жөлөкпул катары 600 миң теңге (азыркы курс менен 1200 доллар) алдым. Башка кесиптештеримден айырмаланып, мен алган жөлөкпулдун суммасы аз болчу. Анткени мен ал кызматта 9 ай гана иштегем. Айрым кесиптештеримдин эки жылдан кем эмес эмгек стажы бар, алар кош бойлуулук жана төрөттө жакшы жөлөкпул алышкан", - дейт Бота.
Казакстандык келин эки уулу төрөлгөндөн кийин мамлекеттен бир жолку жөлөк пул алганын, бул сумма Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү жөлөкпулдан алда канча көп экенин жашырбайт.
"Биринчи уулума 100 миң теңге (200 доллар), экинчи уулума 120 миң теңге (240 доллар) өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул алдым. Аны кийимге, памперске короттук. Мамлекет бизге жакшы жөлөкпул төлөп жатат деп ойлойм. Албетте, балдарды өзүбүз үчүн төрөйбүз, андыктан бул сумма деле жаман эмес. Ошондой эле биринчи уулум 1,5 жашка чыкканга чейин бала бакканыма жөлөкпул алдым. Ай сайын менин банк эсебиме 32 миң теңге (64 доллар) түшүп турчу. Бул жөлөкпулдун өлчөмү акыркы эки жылдагы орточо кирешенин негизинде эсептелет. Азыр экинчи уулума ай сайын 26 миң теңге (52 доллар) алам. Кичүү уулума азыраак акча алам, анткени ал төрөлгөнгө чейин декреттик өргүүдө болуп, иштеген эмесмин", - дейт астаналык Бота.
Кыргызстан: "4000 сом араң эки айлык памперске жетет"
Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып ымыркай төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" деп аталган жөлөкпул – 4000 сом берилет. Өкмөт үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берүүнү 2019-жылы ноябрь айында чечкен. Жөлөкпул алуу үчүн бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек.
Ош шаарынын тургуну Нурзия "балага сүйүнчүсүн" 6 жаш, 3 жаш жана 1,5 жаштагы балдары төрөлгөндө ар бирине алган. Жөлөкпулга документтерди күйөөсү менен кайнатасы чогултуп, тапшырган.
"Азыркы баалар менен бул 4000 сом көп дегенде эки айлык памперске жетет. Башкача айтканда, бул акча тыгынчык деле болбойт", - дейт Нурзия. Ал эч жерде иштебегендиктен башка социалдык төлөм албайт.
Үч баланын энеси аравандык Нурсыпат алган жөлөкпулдун дээрлик баарын балдардын кийим-кечесине, керектүү буюм-тайымына коротконун жашырбайт.
Ал эми Чүйдүн Беловодское айылында жашаган Бибинур эки жыл мурун алган 4000 сомун күйөөсүнүн бизнесине салганын, учурда бул бизнес алардын үй-бүлөсүн багып жатканын айтат.
Бишкекте жашап, 2019-жылы кыздуу болгон Элнура "балага сүйүнчүсүнө" дагы 3000 сом кошуп, банктан атайын аманат эсебин ачып, мүмкүн болушунча аны толуктоого аракет кылат. Ал убагында алган жөлөкпулу көп нерсеге жетперин айтат, бирок убакыт өткөн сайын, балким, эсепте топтолгон сумма анын баласына жакшы тыгынчык болуп каларынa үмүттөнөт.
Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын бир балага 1200 сомдон "үй-бүлөгө колдоо" жөлөкпулу төлөнөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдун өлчөмү аймактык коэффициент менен эсептелинет.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар башкармалыгынын жетекчиси Максат Туларбек кызы "Азаттык Азияга" билдиргендей, учурда өкмөт социалдык камсыздоо системасын жакшыртуу, айрыкча өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы райондорунда ата-энелердин каржылык жүгүн жеңилдетүү үчүн аракет кылууда.
"Кыргызстандын экономикасын өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы менен салыштыруу өтө кыйын. Бирок биздин өкмөт балдарга жөлөкпул берүү системасын жакшыртууга аракет кылууда", - деди ал.
2024-жылы президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү боюнча өзгөртүү киргизүүгө кол койгон. Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ал үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан, үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөкпулу деп аталат.
"Бул жөлөкпулдун өлчөмү азырынча тактала элек. Ошондой эле 2026-жылдан тарта өлкөнүн алыскы аймактарында көп балалуу энелерге "Бала Береке" деп аталган бир жолу төлөнүүчү төлөм бериле баштайт. Бул жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет: төртүнчү баласын төрөгөндөргө – 100 000 (жүз миң) сом, бешинчисине – 600 000 (алты жүз миң) сом, алтынчысына – 800 000 (сегиз жүз миң) сом, жетинчи балага – 1 000 000 (бир миллион) сом, сегизинчи балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом, тогузунчу балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом, он жана андан көп балалуу болгондорго 2 000 000 (эки миллион) сом берилет"- дейт министрликтин өкүлү Максат Туларбек кызы.
Ал бир жолку "Бала Береке" төлөмү кичүү бала бир жашка чыкканда берилерин белгилейт.
Тажикстан: Жөлөкпул аз, төрөлгөн бала көп
Тажикстандагы төлөмдөргө караганда, расмий Дүйшөмбү аялдарды көп балалуу болууга материалдык жактан түрткү берүүгө кызыкдар эмес. Балким бул зарыл эместир, анткени өлкөдө ансыз деле төрөттүн саны жылдан жылга өсүп жатат.
Дүйшөмбү шаарынын 32 жаштагы тургуну Лайло үч баланын энеси. Күйөөсү сегиз жылдан бери Орусияда миграцияда, жылына бир келет. Тажик келин кичүү баласын беш ай мурун төрөгөн.
Лайлонун айтымында, күйөөсү аны жана балдарын кор кылбай багып келет.
"Мен арызданбайм. Жашоодо бардык нерсе болушу мүмкүн. Бай жашабасак да курсагыбыз ток. Балам төрөлүп, чыгаша көбөйдү – памперс, дары-дармек, кийим дегендей. Бирок улуу балдарымдан калган кийим да бар", - деди Лайло.
Ал бала төрөлгөндө мамлекеттен бир жолку жөлөкпул алууга укуктуу экенин кошуналарынан укканын айтат.
"Ооба, бир жолу 100 же 200 сомони (9-18 доллар) беришет деп уктум. Бирок ал кайсы балага жетет? Азыр кымбат бааларды көрдүңүзбү? Ал акчага бир таңгак памперс ала аласыз. Кудайым жолдошума ден соолук берсин, мамлекеттен эч нерсе кереги жок", - дейт маектеш.
Тажикстандын "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү" мыйзамынын 14-беренесинде жөлөкпулдар жөнүндө айтылат. Анда бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул жана баланы багууга ай сайын берилүүчү төлөмдөр камтылган.
Жөлөкпул алуу үчүн энеси жашаган жери боюнча социалдык коргоо бөлүмүнө ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тапшырышы керек.
Тажик бийлиги учурда биринчи балага - 216 сомони (болжол менен 20 доллар), экинчи балага - 144 сомони (13 доллар), үчүнчүсүнө - 72 сомони (7 долларга жакын) жөлөкпул төлөйт.
"Жөлөкпулду ата-энесинин биринин иштеген (окуган) жери боюнча, ал эми ата-энеси иштебесе же окубаса, жашаган жери боюнча социалдык коргоо бөлүмдөрү төлөшөт. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул, эгерде ал жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып 6 айдан ичинде берилгенде гана чегерилет", - деп айтылат мыйзамда.
"Азаттык Азиянын" журналисти Тажикстандын башкалаасы Дүйшөмбү шаарында жашаган, 2024-жылы көз жарган он чакты келин менен маектешкен. Алардын бири да жөлөкпул алуу үчүн тийиштүү мекемелерге кайрылган эмес. Айрымдары мындай мүмкүнчүлүктү билишкен да эмес, ал эми билгендер: "ал үчүн өтө көп кагаз чогултуш керек" деп, кол шилтешкен.
"Бийлик Тажикстанда төрөттү колдоого кызыкдар эмес, анткени ансыз деле төрөлгөн балдардын саны көп. Өлкөдө көп балалуу үй-бүлөлөрдү түзүү салты кайра жанданууда. Мисалы үч-төрт балалуу үй-бүлө көптөн бери көп балалуу үй-бүлө деп эсептелбей калган", - дейт журналист Тахмина Мирзоева.
Тажикстан төрөттүн рекорддук көрсөткүчүнө жетип баратканын өлкөнүн юстиция министри Музаффар Ашуриён февраль айында өткөн маалымат жыйынында билдирген. Анын айтымында, 2024-жылы 253 миң бала төрөлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 11 миңге көп.
Былтыр Тажикстан калкынын өсүү темпи боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлеген.
2019-жылы ЮНИСЕФ, Эл аралык эмгек уюму жана Чет өлкөлөрдү өнүктүрүү институту (ODI) менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүндөгү балдарга универсалдуу жөлөкпулдар боюнча эл аралык конференция уюштурган.
Универсалдуу жөлөкпул - накталай түрдө берилүүчү аз өлчөмдөгү акча. Бул жөлөкпул ата-энелердин чыгымын жабууга жардам берүү, баланын бардык зарыл болгон жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында өлкөдөгү ар бир балага берилет. Бул каражат үзгүлтүксүз чегерилет жана үй-бүлөнүн кирешесинен көз каранды эмес.
Канада, Швеция жана Франция сыяктуу көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө балдарга атайын социалдык жөлөкпул системасы каралган.
"Калкынын саны Өзбекстандыкы менен дээрлик бирдей болгон Канадада балдарга атайын жөлөкпул каралган. Система саат сыяктуу иштейт. Ар бир эненин 18 жашка чейинки балдары үчүн жөлөкпул ар бир айдын 20сында банк картасына төлөнөт. Канадалык ар бир эне баласы 6 жашка чыкканга чейин жылына 7787 канада долларын (5450 доллар) жана 6 жаштан 17 жашка чейин жылына 6570 канада долларын (4599 доллар) алат. Үй-бүлө кийин башка өлкөгө көчүп кетсе деле, эненин банк эсебине Канадада төрөлгөн баласы үчүн ай сайын жөлөкпул которулат. Борбор Азияда, өзгөчө Өзбекстанда балдарга жөлөкпул алуу чоң бюрократияга чырмалышкан. Мамлекеттик органдар талап кылган маанисиз кагаздардын айынан көптөгөн энелер балдарына жөлөкпул алуудан баш тартып, жумушка чыкканга аргасыз. Паракорлук жана коррупция жөлөкпулдун балдардын ата-энелерине жетпей калышынын негизги эки олуттуу себеби болуп саналат. Эмнегедир Өзбекстанда балдарга, алардын келечегине акча жок. Бюджеттеги акча негизинен "жаркыраган шоуларга", керексиз фестивалдарга жумшалат", - дейт журналист Улугбек Ашур.
Макалнын авторлору Гуля Хаджаева, Наргиза Осмонова жана Наргиз Хамрабаева.