Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:32

"Билимге кайдыгер коомбуз". ЖРТ кыргыз мектептеринин деңгээлин көрсөттүбү?


ЖТР жыйынтыгы кыргыз тилдүү мектептердеги билим берүүнүн сапаты тууралуу маселени кайрадан күн тартибине чыгарды.

Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Анын жыйынтыгында “Алтын сертификат” алган 54 окуучунун 53ү орус тилдүү мектептерден экени талкууга түштү. Өлкөнүн ири шаарларын албаганда, аймактарда дээрлик мектептердин баары кыргыз тилинде билим берет.

Кыргыз тилдүү мектептер чабалбы же?..

Быйылкы жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгына ылайык, 54 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болушту. Эң жогорку – 242 упайды Бишкек шаарындагы №70 мектептин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов алды.

ЖРТдан жогорку көрсөткүч көрсөтүп, "Алтын сертификат" алган 54 мектеп бүтүрүүчүсүнүн ичинде болгону бир гана окуучу кыргыз тилинде билим берген мектептен экени белгилүү болду.

Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, социалдык тармактарда кыргыз тилинде окуткан мектептердеги билим сапатына байланышкан талкууларга жем таштады.

Журналист Тургунбай Алдакулов ЖРТнын жыйынтыгы мамлекеттик тилге урулган сокку болду деген пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Тургунбай Алдакулов
Тургунбай Алдакулов

"Мамлекеттик тилге карата эң күчтүү сокку. Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТ аркылуу орус тилинин статусун болуп көрбөгөндөй көтөрүп койду. Тата-пата деп ЖКда ызылдап отура бергиле. Мамлекеттик тилдин белин сындырган, орус тилине кулдай кызмат кылган аткаминерлер "бар болсун"! ЖРТнын жыйынтыгында кыргыз тилинен тест тапшырган көпчүлүк окуучулар алтын сертификатка жетпей калды. Орус тилинен тапшыргандар жогорку балл менен "алтын сертификат" гана алып тим болбостон, "кыргыз тилин окуп башыңарды оорутпай орус тилине өткүлө" деген пропаганданы жайылтууга жетишти. Мен өзүм да ата катары баламды орус класска которууну ойлоно баштадым. Мамлекеттик тилди министрлик, жогору жактагы атка минерлер ойлобосо менин күйүп-бышканым бир пул экен го. Баламдын келечегине зыяны тийген патриотизмдин эмне кереги бар?", - деп жазды журналист.

Кыргыз тилинде билим берген мектептерден ЖРТда жогорку упай алып, жакшы көрсөткүч көрсөткөн балдар буга чейинки жылдары деле аз болуп келген дейт дагы бир журналист Семетей Талас уулу.

Өткөн жылы 56 бала "Алтын сертификат" алган болсо, анын ичинен алты гана окуучу кыргыз тилдүү мектептерден болгон. Семетей Талас уулу кыргыз тилинде окуткан мектептердеги окуу программаларын кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейт.

Семетей Талас уулу
Семетей Талас уулу

"Бизде мектептер жетишсиз. Окуучулар үч мөөнөт менен окушат. Класста баланын саны көп, кеминде отуздан ашык, кырк бала. Мугалим алардын кимисин сурап жетишет? Сабактардын арасында тажатма, баланын келечеги үчүн мааниси азыраак предметтер, жаттамай, балдар үчүн кызыксыз сабактар баланын мээсин толтуруп, алардын эрте эле сабакка кызыгуусун жоготуп коет. Билимге кызыгуусу жоголгон бала мектепке жөн эле барып келип, телефон чукуп, сабак окугусу келбейт. Мугалимдердин да билим деңгээлин өстүрүү зарыл. Алардын балдарга сабагын кызыктуу, ошол эле убакта оңой түшүндүрүп берүүчү ыкмаларды окутуп, талапты катуулатып коюу керек. Албетте мындай жыйынтыктар орус тилинде билим берген мектептердин артыкчылыгын көтөрөт. Натыйжада кыргыз тилинин кадыры дагы төмөндөйт. Ошондуктан, ага жеткирбөө үчүн ЖТРда ийгиликке жетишкен балдарды изилдеп, алар бул ийгиликке жетүү үчүн кантип, кайсы жактан даярданды, мектеп даярдадыбы же курска бардыбы, ушулардын баарын иликтеп чыгып, себебин билүүгө болот", - деди Семетей Талас уулу.

"Тесттин суроолорунда айырма жок"

Соцтармактарда айрым ата-энелер ЖРТга кирген суроолор алгач орус тилинде түзүлүп, анан кыргыз тилине которулган болушу мүмкүн экенин да жазып жатышат. Ошондон улам кыргыз мектептерде окуган балдарга түшүнүксүз болуп жатканын жазгандар болууда. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тестирлөө сынагын уюштурган Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынара Батракеева мындай пикирлер менен менен макул эмес. Анын айтымында, тесттин суроолору эки тилде бирдей түзүлөт:

Чынара Батракеева
Чынара Батракеева

"Бул маселе көп жылдан бери эле көтөрүлүп келе жатат. 2022-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан да сындар айтылып, Билим берүү жана илим министрлиги атайын эксперттик топ түзүп, тесттин суроолоруна изилдөө жүргүзүлгөн. Анда "тесттер мектептин окуу программасына дал келеби, эки тилдеги тапшырмалардын сапаты бирдейби" деген суроолорго жооп алынган. Жыйынтыгында, окуу программасына дал келет, тапшырманын сапаты бирдей" деген корутунду баа берилген. Эң башында ЖРТ жаңы кирип жаткан учурда тест суроолордун басымдуу бөлүгү орус тилинде түзүлүп, кийин кыргыз тилине которулчу. Азыр андай эмес, биздин тест суроо түзгөн адистерибиз эки тилде бирдей алып барышат. Биз дагы бул маселеге кылдат мамиле кылып, тапшырмалардын сапатына көңүл бурабыз", - деди Чынара Батракеева.


Кыргызстандык окуучулардын билим деңгээли Жалпы республикалык тесттен тышкары түрдүү изилдөөлөрдө, мисалы, PISA долбооруна катышкан учурда төмөн экени аныкталган. Кийинчерээк өлкө бул долбоорго катышуудан баш тартканы бар.

"Билимге кайдыгер коом болдук"

Көз карандысыз Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бир нече жылдардан бери Кыргызстанда Окуучулардын билим жетишкендиктерин улуттук баалоо (ОБЖУБ -НООДУ) долбоорун жүргүзүп келет. Акыркы сынактар кыргыз тилинде окуткан мектептерде окуган балдардын билим деңгээли төмөн экенин көрсөткөн дейт педагог Кеңешбек Сайназаров.

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

"Реалдуу чындык - бүгүнкү күнү кыргыз коомчулугу, кыргыздар - той-топур, оюн-зоок, шерине, умра, жума намаз, айт намаз, ажы той дегендер менен гана алек болуп, билим, илимдин маанисин такыр унутуп калдык. "Казандагы чөмүчкө чыгат" дегендей, балдарыбыз мектепте кандай билим алса, тест, сынактарда дал ошол алган билим деңгээлин көрсөтүп атышат. Бир эле нерсени айтайын, кыргыз тилинде окуткан мектептер балдардын элементардык билим сабатын - окуганын түшүнө алганын аныктоочу НООДУ долбоорунда да эң төмөн көрсөткүч көрсөтүшүүдө. Ушул НООДУда кыргыз тилинде окуткан мектептердин балдарынын деңгээли айрым предметтер боюнча өзбек тилинде окуткан мектептердин балдарынын деңгээлинен да төмөн болду. Учурда өзбек тилдүү мектептерде билимге, илимге катуу маани берилип, балдарды окутууга, билимге сугарууга аракет чоң. Ошондуктан, ала кушту атынан чакыралы дагы, биздин кыргыз тилинде билим берген мектептердин окутуу сапаты начар экенин мойнубузга алалы. Анткени балдарыбызга мектептен берилген билим тайыз, мугалимдер балдардын билимге чындап сугарылышына жан-дили менен аракет кылышпайт. Үйдө ата-энелер балдарынын кандай билим алып жатышканына кызыкпайт, анткени өздөрү китеп окуп, өнүгүүгө кызыкдар эмес. Албетте, анан балдар окугусу келбейт, телефон чукулап, мектепке эптеп-септеп барып келип жүрүп, аны бүтүрүшөт. Кыргыз тилинде окуткан мектептерде жетекчилер - директор менен завучтар дагы мугалимдерден тийиштүү билим сапатын талап кылышпайт. Ошондуктан, ЖРТда кыргыз тилдүү мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку көрсөткүч бере албашына бул мектептерде билим берүүнүн сапаты начардыгы негизги себеп", - деди Кеңешбек Сайназаров.


Агартуу министрлиги тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча айтылып жаткан сын пикирлерге комментарий бере элек. Аталган министрликтин медиа борборунун директору Кубат Чекиров ЖРТнын жыйынтыгы мектептик билим берүүнүн түздөн-түз көрсөткүчү деп айтууга болбойт деп эсептейт.

Ошол эле учурда кыргыз тилинде окуткан мектептерде "кризис" болуп жатканын, учурда билим берүүнүн жаңы моделине өтүү менен бул мүчүлүштүктөрдү чечүү аракети жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди:

Кубат Чекиров
Кубат Чекиров

"ЖРТнын жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинде окуткан мектептерде билим деңгээли төмөн деп айыптоо туура эмес. Анткени тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча негизинен шаардагы мектептердин балдары жогорку көрсөткүч берип атышканы - алардын атайын курстарга барып, жеке даярданып, жыйынтыгында жогору упай алып жатышат. Ошондуктан, мында кыргыз тилдүү жана орус тилдүү мектептерге бөлүп, билим деңгээлин себеп кылуунун зарылчылыгы жок. Ооба, Кыргызстанда билим берүү тармагы көп жылдардан бери "кризисте келе жатканы" эч кимге жашыруун эмес. Кыргыз мектептериндеги педагогдордун көпчүлүгүнүн кесиптик деңгээли төмөндүгүнө, окуу китептердин, мугалимдердин тартыштыгына, окуу лабораториялардын жетишсиздигине байланыштуу, айтор, себептерин айтып отурса көп. Быйыл эми Кыргызстанда жаңы, заманбап билим берүү моделине өтүп жатабыз. Анда билим берүүнүн стандарттары, окуу программалары жаңыланып, мугалимдердин кесиптик даярдыгын жаңылап, эң башкы максат - окуучуларды жаңы заманбап көндүмдөргө окутуп, окуу процессин жаңы талаптарга ылайык келтирүү", - деди Кубат Чекиров.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору 2013-2023-жылдары “алтын сертификат” алган абитуриенттер боюнча баяндама даярдаган. Ага ылайык, 2013-жылы кыргыз тилде сынак тапшырган бир да абитуриент “алтын сертификат” албаса, 2019-жылы 26 бала жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. 2020-жылы Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Акмарал Нурбек кызы эн жогорку - 226 упай алган.

Ошол эле учурда жыл сайын жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү босого баллдан да өтө албай калганы талкууга түшөт.

Билим берүү - Кыргызстандагы көйгөйлүү тармактардын бири. Акыркы жылдары кыргыз бийлиги билим берүү жаатында реформалар жүргүзүп, мектеп программасында өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонорун айтып келүүдө. Быйыл 12 жылдык окуу системасына өтүп, Cингапурдун Cavendish системасына негизделген окуу китептерин колдонорун жарыялаган. Ошондой эле эгемендик жылдардан бери иштеп келген министрликти быйыл экиге бөлүп - мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды өзүнчө ажыратып, Агартуу министрлигин түзгөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG