Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

АКШда трак айдоо тартиби катаалдашат


Трак, АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.
Трак, АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда оор жүк тарткан трак айдоочулар америкалык жаран болууга тийиш деген талап коюлууда. Бул эреже Кошмо Штаттарда иштеген кыргыз жарандарына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

"Трак айдоо эми оңой болбойт"

АКШнын Транспорт министрлиги 26-сентябрда америкалык жарандыгы жок адамдарга коммерциялык унаа айдоого күбөлүк берүүнү олуттуу чектеген чукул токтом кабыл алды. Мындай чара өткөн айда Флоридада болгон жол кырсыгы жана өкмөттүк аудиттен кийин көрүлүп жатат.

Токтомго ылайык, АКШнын жараны болбогон кишилер бир нече шарт аткарылбаса оор жүк ташуучу машина айдоо үчүн күбөлүк ала албайт. Атап айтканда, аларда жумуш визасы болууга, федералдык деңгээлде иммиграциялык макамы жакшылап текшерилүүгө тийиш.

Транспорт министри Шон Даффи Калифорния штатынын бийлигинен АКШнын жарандыгы жок мигранттарга коммерциялык унаа айдоого уруксат күбөлүгүн берүүнү токтотууну талап кылды.

Орусияда миграция саясаты катаалдашканы кыргыз жарандары арасында Европа өлкөлөрүнө, АКШга миграция агымы күчөгөн. АКШда америкалык жарандыгы жок адамдарга коммерциялык унаа айдоого күбөлүк берүүнү олуттуу чектеген чукул токтом кабыл алынганы кыргыз мигранттарын кабатыр кылып турат.

АКШда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын арасында трак айдагандар көп. Тогуз жылдан бери АКШда жашап, иштеп келе жаткан кыргызстандык мигрант Адилет Айтикеев да учурда трак айдап, оор жүк ташып иштейт.

Адилет Айтикеев
Адилет Айтикеев

"Учурда көп трак айдоочулар жолго чыкпай, коркуп атышат. Анткени ишке уруксат берүүчү убактылуу кагазы менен жүргөн, макамы жок, бирок макам алууну же сотту күтүп жүрүп эле иштеп жүргөн мигранттар көп. Ошолордун көпчүлүгү ишке чыга албай, кооптонуп жатышат. Анткени паспорту же жашыл картасы бар мигранттарды деле полиция кармап кетип, териштирүүдөн кийин кое берген учурлар да бар".

Учурда Америкада иштеп жүргөн кыргызстандык дагы бир мигрант Уланбек (аты өзгөртүлдү) атайын макам алуу үчүн сотту күтүп жүргөндөрдүн бири. Ал дагы буга чейин тааныштары аркылуу трак айдоочу болуп иштеп жүргөнүн, иштөөго уруксат лицензиясынын мөөнөтү аягына чыкса кайра ала албай калышы ыктымалдыгын билдирди.

"Америка жараны эместерге такыр трак айдоого тыюу салынат деген туура эмес. Бирок мурдагыдай болбой, катуу чектөө киргизилип жатат. Мисалы, азыр иштеп жаткандар лицензиясы түгөнгөнчө иштей берет. Аларды иштен айдабашы мүмкүн. Бирок эгер жумуш визасы, грин картасы же жарандыгы болбосо жаңылабай коюшу толук ыктымал. Андай макамы жокторго трак айдоого такыр лицензия берилбейт. Буга чейин Америкага турист, студент, качкын болуп келип калгандар деле лицензия алып, трак айдап жүрө берчү элек, эми мындан ары андай болбойт дегени кыйла кооптондуруп жатат".

Трак, АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.
Трак, АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда оор жүк ташуучу унаа айдап, тиричилик кылган кыргызстандыктар Америкадагы демократия жана сот адилеттүүлүгүнөн үмүт этип турушат. Алар президент Дональд Трамптын мигранттарга карата кыйла чектөөлөрүн көпчүлүк штаттар кабыл албаган сыяктуу эле Транспорт министрлигинин бул токтому да АКШ штаттарынын бийликтеринин колдоосуна ээ боло албайт деп эсептешет.

"Трак айдоого мигранттарга тыюу салуу демилгесин президент Трамп алгачкы жолу көтөрүп жаткан жок. Ал мурдагы мөөнөтүндө да муну демилгелеп, бирок штаттардын бийликтери каршы чыгышкан. Анткени оор жүк ташуу бизнеси Американын экономикасындагы бирден бир маанилүү тармак. Айдоочулар америка жараны гана болуш керек деген чектөөлөр жумуш күчүнүн, айдоочунун жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Америкада сот бар, алар бул токтомду оңой эле жокко чыгарып коюшу ыктымал. Көптөгөн демократиялык штаттар муну кабыл албайт. Бирок трак айдоого берилүүчү уруксат кагаздарды берүү катаалдайт. Текшерүүлөр күч алышы мүмкүн" - деди Адилет Айтикеев.

Мигранттарга мамиле катаалдашты

АКШда бийлик башына Дональд Трамп келгенден тартып мигранттарга мамиле кыйла катаалдады. Муну мигранттар бардык жерде жон териси менен сезип жатышканын Адилет Айтикеев "Азаттыкка" ырастады:

"Мен 10-сентябрда Алматы–Доха–Чикаго каттамы менен учуп келдим. Аэропортто куралданган коопсуздук кызматкерлери айрым эркек адамдарды кармап, документтерин тыкыр текшерип, суроолорду берип жатышты. Мени унчукпай кое беришти. Бирок чек арачы менин документтеримди алып кетип, өзүнчө бөлмөдө бир сааттай убакыт кармап, суракка алды. Ал жерде мен сыяктуу отуздай адам бар экен, көпчүлүгү эркектер болчу, улам бирин кезек менен чакырып, сурап атышты. Менден дагы кайда барарымды, эмне иш менен алектенеримди, АКШда качантан бери жашап жатканымды жана башка суроолорду берип, кое беришти. Буга чейин деле АКШдан сыртка чыгып, кирип эле жүргөм, бирок мындай сурак алгачкы жолу болду. Мигранттарды иштеген жеринен, көчөдө же унаа айдап бараткан учурда токтотуп, документтерин текшерген учурлар арбын эле болуп жатат".

АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин бир катар өлкөлөрдүн жарандарына берилүүчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн 3 айга чейин кыскарткан. Тизмеге Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан гана илингени нааразы пикирлерди жараткан. Буга АКШнын "кара тизмесине" кирген орусиялыктарга кыргыз жарандыгы берилгени негиз болушу ыктымалдыгы айтылган.

Санкциялар жана Кыргызстандын каяшасы

Ушу тапта АКШ, Улуу Британия жана Жапония Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн санкция киргизген Кыргызстандагы компаниялардын саны 15ке чамалады. Алар көбүнесе өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар.

11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салган. Төрт күндөн кийин – 15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция киргизген. АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деди.

Садыр Жапаров БУУ трибунасында.
Садыр Жапаров БУУ трибунасында.

"Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келатканын, эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келатканын белгиледи.

Президент Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар "айрым бейөкмөт уюмдардын жана кара ниет жарандардын" жайылткан жалган маалыматтарына негизделгенин билдирген.

Серепчи Руслан Акматбек уулу АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн санкциясынан Кытай сыяктуу чоң мамлекеттер дагы этияттанып жатканын айтууда.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Экономикалык санкциялардан биздин коңшулар - Казакстан, Өзбекстан сактанып, атүгүл Кытай банктары санкцияга илинип калбаса экен деп этияттанып жатат. Алар дипломатиялык жолдор менен балансты кармоого аракеттенип жатышса, биз ачык эле бир тарапка өтүп алып, эл аралык чоң трибунадан балп этип отурабыз. Эгер жарандарынын укугун коргогусу келсе президент Орусиядагы мигранттарга жасалып жаткан мамилени, кыргызстандык ишкерлерге бут тосууларды эмне үчүн так ушундай эле ачык айтпайт? Ушул тапта Казакстандын чек арасында жүгү менен жүздөгөн жүк ташуучу унаа Орусияга өтө албай турат. Тышкы саясатта этияттанып мамиле кылбаса биз бир мамлекеттин таламын талашабыз деп атып, ошолор менен чогуу изоляцияда калышыбыз мүмкүн. Ал биздин экономикабызга зыян гана алып келбесе, пайда бербейт".


Өткөн апта соңунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолугушуп, санкция, визалык жана миграциялык маселелерди талкуулаганы белгилүү болду.

“Министр Жээнбек Кулубаев санкциялар боюнча тең салмактуу мамиле зарыл экенин жана Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү маанилүүлү экенин айткан. Ал кыргыз тарап АКШлык инвесторлорду жана жаңы технологияларды тартууга кызыкдар экенин айтып, бул үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

АКШда болжол менен 50 миңдин айланасында кыргыз жараны жашап эмгектенери айтылып жүрөт, бирок бул сан мындан да көп болушу мүмкүн.

Өткөн жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдей киши мыйзамсыз киргени айтылган. Алардын 7 миңдейи Кыргызстандын жарандары деп көрсөтүлгөн эле.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2024-жылы АКШда иштеген кыргызстандык мигранттар мекенине 62 млн доллар которушкан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG