Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Борбор Азия "Шенгени" ишке ашабы?


Демаркацияланган кыргыз-тажик чек арасы. Баткен. 2025-жыл.
Демаркацияланган кыргыз-тажик чек арасы. Баткен. 2025-жыл.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарында өтүп жаткан Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин жыйынында келечекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көзөмөлү деле болбойт деген ниетин билдирди.

Узак жылдар бою чыр-чатактын булагы болуп келген чек ара маселесине быйыл чекит коюлду. Ушу тапта эки өлкө ортосундагы такталган чек арага зым тартылууда. Борбор Азия өлкөлөрүндө чек арадан өтүп карым-катнаш кылуу дайыма тоскоолдуктар менен коштолуп келген. Чек араларды ачуу, Еврошаркет сыяктуу эркин карым-катнаш кылуу канчалык реалдуу?

"Чек арада аскерлерге муктаждык жоюлат"

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев келечекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аралар ачылат деген ниетин билдирди. Ташиев бул тууралуу расмий билдирүү жасаган жок. Бирок 30-октябрда Манас шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешине келген Өзбекстандын жана Тажикстандын чек ара мекемелеринин башчылары менен сүйлөшүп турган маалда айткан.

Камчыбек Ташиев (солдо)
Камчыбек Ташиев (солдо)

"Жакында биздин чек араларда чек арачы аскерлерге муктаждык жок болот. Биз өзүбүз, элибиз чогуу аракеттенип, чек араны бекемдейбиз. Биздин лидерлерибиз - урматтуу Садыр Нургожоевич менен Эмомали Шарипович бизге ушундай шарттарды түзүп берди, биз достукта гана жашашыбыз керек. Бизде башка жол жок, болушу да мүмкүн эмес. Мындан ары биз карапайым адамдарга достукта жана ынтымакта жашоосуна шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз", - деген Ташиев.

УКМК төрагасынын бул сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Соцтармактарда Борбор Азия өлкөлөрүндө да чек аралар ачылып, аймактын жарандары Европанын Шенген аймагындагыдай бири-бирине ээн-эркин өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүшү ыктымалдыгы талкууланды. Айрымдар муну "Борбор Азия Шенгени" деп атоого да үлгүрүштү.

Ошентсе да кээ бир адистер Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички чек аралары ачылышына бир катар экономикалык жана коопсуздук маселелери тоскоол болушу ыктымалдыгын белгилешсе, айрымдары, тескерисинче, дал ушул коркунучтарга аймактагы өлкөлөр чогуу каршы туруп, тышкы чек араны бекемдөөгө өтүүсү - мезгилдин талабы болуп жатканын айтууда.

"Жаңы үйгө көчүп кирсек деп турабыз". Кыргыз-тажик чек арасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Наркожол, аткезчилик, террордук коркунучтар...

Коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков УКМК төрагасынын оюн кубаттай турганын билдирип, бирок буга жолтоо боло турган көйгөйлөрдү атады.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

"Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын ортосунда чек ара, саясий-экономикалык мамилелер позитивдүү жагына өзгөрүп жатат. Коопсуздук кызматынын төрагасы да ошого негиздеп айткан болсо керек. Европадагы Шенген аймагында өлкөлөрдүн бири-бирине ишеничинен улам, чек арачынын жоктугунан, элдердин достугунан жакшы кызматташтык оң жемиштерин гана алып келет. Бирок бизде учурда кандай жакшылыктарга умтулсак да, ага жолтоо болуучу, тобокелге сала турган коркунучтарды унутпашыбыз керек. Анын ичинде наркотрафик, аткезчилик деген кылмыштуу схемалар бар. Себеби Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, Өзбекстан, Тажикстан ага кирбейт. Ошондуктан контрабанда коркунучу бар. Экинчиден, Ооганстандын түндүгүндө, Пакистан менен чек арасында террордук уюмдар бар. Бүгүнкү күнү ал жерде 30 миңдей согушкери бар террордук уюмдар Борбор Азияда динди колдонуп, жаңжал чыгарып, бийлигин орнотуу максатын көздөп жатканы белгилүү. Андан тышкары мыйзамсыз миграция күч алат, бул дагы түрдүү чагымдарга, улут аралык түрдүү чатактарга алып келиши мүмкүн. Бул дагы мамлекеттер ортосунда чыңалууну пайда кылышы мүмкүн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери келечекте мунун баарын минималдаштырып, бир чечимге келип, балким, бир валюта иштеп чыгып, паритеттүү экономикалык жумуштардын, саясий туруктуулуктун негизинде буга умтула турган болсо, анда каралса болот".

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө кесилишкен чек аралары узак жылдар бою чыр-чатактын булагы болуп келген. Бул маселеге быйыл чекит коюлду. Ушу тапта такталган чек арада зым тартылууда.

Борбор Азия өлкөлөрүндө чек арадан өтүп карым-катнаш кылуу дайыма тоскоолдуктар менен коштолуп келген. Жогоруда эксперт белгилегендей, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн баарында баңги бизнеси, диний радикализм маселеси дайыма көңүл борборунда турат.

"Коркунучтарга каршы биригүү керек"

УКМКнын мурдагы төрагасы Токон Мамытов, тескерисинче, аймактагы өлкөлөр туш тараптан болуп жаткан түрдүү коркунучтуу чакырыктарга бир жакадан баш, бир колдон жең чыгарып, чогуу каршы турса деп эсептейт.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

"Борбор Азиядагы беш өлкө каалайбы, каалабайбы, азыркы дүйнөдөгү глобалдык саясий, экономикалык, гуманитардык процесстер сөзсүз Ташиев мырза айткан жыйынтыкка алып келет. Анткени ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ, Түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги деген сыяктуу уюмдарга биригип жатабыз. "Борбор Азия+" деген жаңы саясий-экономикалык аянтча пайда болгон соң сөзсүз түрдө ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек. Дүйнөдөгү ири өлкөлөр биригип иштеп атышат. Биздин аймактагы беш мамлекет да муну түшүндү. Ошондуктан көп жылдардан берки чечилбеген чатак маселелерин тынч чечип жатат. Бул мамлекеттердин жер, суу, энергия байлыктары, адам ресурстары бар, келечеги бар экенин баамдап, Борбор Азия түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты байлаган геостратегиялык чекит экенин түшүнүп жатат. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, буга барабыз, турмуш ушуга алып келип, бизди бириктирет. Ташиев мырза айткандай, келечекте биз ички чек ара эмес, сырткы чек ара жөнүндө ойлонушубуз керек. Ар бирибиз өзүбүздүн чек араны кайтарып отура берсек сырткы чек арабыз бузулса, андан пайда жок. Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы чек арасын бекемдеп алсак, ошондо гана сиз айтып жаткан баңгизат, терроризм, контрабанда, мыйзамсыз миграция, адам сатуу жана башка коркунучтарга каршы туруп, токтото алабыз. УКМК төрагасы мына ушуну эске алып туруп айткан деп түшүнүү керек".


Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөр чек арадан өтүү, карым-катнашка келгенде бири-бирине кучагын ача берчү эмес. Бирок акыркы он жылдыкта мурда узак жылдар бийликте турган лидерлер алмашып, карым-катнашты жакшыртуу ниеттерин айта баштады. Мурда, керек болсо, кирип-чыгыш мамилелерин виза аркылуу чечүүнү сунуштоого чейин жеткен мезгилдер болгон.

Айталы, чек арадагы жаңжалдардан улам акыркы жылдары кыргыз-тажик чек арасы төрт жылдай жабык турду.

Өзбекстан менен чек ара тактала элек учурда деле кыргыз-өзбек чек арасында келишпестиктер такай орун алып турчу. Ар кандай келишпестиктерден улам 2000-жылдардын орто ченинен тартып Өзбекстан Кыргызстан менен байланыштырган бир канча чек ара өтмөктөрүн жаап салган эле. 2017-жылдан кийин гана мамиле жакшырып, чек ара бекеттери ачыла баштады.

Тажикстан менен быйыл жазында чек ара тактоо маселеси соңуна чыгып, карым-катнаш кайра калыбына келүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG