Акыркы эки жарым жылдан бери журналисттер, медиа чөйрөнү тынчсыздандырып келген "Жалпыга маалымдоо" каражаттары боюнча мыйзамды парламент 25-июнда кабыл алды.
Парламент депутаттар ашыкча талкуу кылбай, дароо эки окууда кабыл алган мыйзамга журналисттер, медиакоомчулук чочулоо менен кароодо. Анткени, документ өлкөдөгү маалымат каражаттарын тескөөчү жаңы эрежелерди камтып, журналисттердин ишмердигине түздөн-түз таасирин тийгизет. Мыйзамда журналист ким деген макамдан баштап, медиа каражаттардын түзүүчүсү, милдеттүү каттоодон өткөрүүнү талап кылган нормалар бар.
Жогорку Кеңештеги талкуу, өтпөй калган сунуш
Дал ушул маселени Жогорку Кеңеште 25-июнда өткөн жыйынында депутат Элдар Абакиров айтып чыгып, ага көз карандысыз журналисттер, юристтер каршы чыгып жатканын эскертти:
"Журналисттер президентке, парламентке кайрылуу жасаган экен, көрсөңүздөр керек. Ошол жерде бир моментти окуп жатам, талкуу бүткөндөн макулдашылган варианттар алынып калган экен. Өзгөчө журналисттин укугун, эркиндигин коргогон пункттар алынып, жок болуп калды. Анын ордуна "Министрлер кабинети өзү чечет" деген пункттар кирип калды дейт?".
Талкуу учурунда сөз алган эки депутаттын бири "Альянс" фракциясынын лидери Жанарбек Акаев мыйзам күчүнө кирсе, көз карандысыз медиаларга кесепети тийбейби деген чочулоосун билдирди:
"Медиа коомчулук кайрылуу жасап, "ЖМК боюнча мыйзам долбоорундагы сунуштарыбыз эске алынбай калды" деп кайрылышууда. Эсиңиздерде болсо, биз медиа коомчулук менен чогуу президенттин тапшырмасына ылайык, ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун өзгөртүп, жакшыртылган вариантын сунуштаганбыз. Медиага тоскоолдук болбошу керек".
Отурумга катышкан Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары Марат Тагаев болсо мындай чочулоолорго негиз жок деди:
"Жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтөт. Биз өзгөртүү киргизген эмеспиз, депутаттар өздөрү сунуштап, өзгөртүү киргизилген. Экинчи окуудан алар ЖМКларды каттоо боюнча сунуштарын беришкен".
Марат Тагаев ошол эле учурда сырттан каржыланган эл аралык медианын каржылоосу токтотулбай турганын белгилеп, алар буга чейин маалымат каражаты катары каттоодон өткөнүн айтты.
Элдар Абакиров жыйында мыйзамды медиа чөйрөнүн өкүлдөрү, өзгөртүү сунушун киргизген депутаттар менен талкуулоо үчүн Социалдык саясат боюнча комитетине экинчи окууга кайтаруу демилгесин көтөрдү.
Бирок вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутаттан жазуу жүзүндө сунуш сурап, депутаттын "азыр жазып берем" дегенин күтпөй документти добуш берүүгө койду.
Ага экинчи окууда 58 депутат “макул”, эки эл өкүлү “каршы” добуш берди. Ушул эле долбоорду үчүнчү окууда 57 депутат колдосо, үч эл өкүлү каршы болду.
Медиа коомчулук эмнеге нааразы?
Анткен менен журналисттик коомчулук парламент бүгүн кабыл алган мыйзамга терең тынчысызданып турат.
Медиа өкүлдөрдүн мындай маанайынын да өз жөнү бар. Анткени, бул документти өкмөт 2023-жылы иштеп чыгып, аны мурдагы мыйзамдын заман талабынан артта калганы менен түшүндүрүшкөн.
Дал ошол учурдан тарта талкууга түшүп, алгачкы вариант боюнча медиа коомчулукта нааразылык жаралган. Дал ушундай шартта президент Садыр Жапаровдун макулдугу менен мыйзам долбоордун жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ага журналисттер, медиа эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.
Бир жарым жылга жакын убакыт иштеген жумушчу топ мыйзам долбоордун текстин парламентке сунуштаган.
Бирок мыйзам долбоор Социалдык комитетке келген учурда мыйзам долбоордун бир катар нормалары өзгөрүп кетти. Тагыраагы, депутаттар Айбек Маткеримов, Алишер Эрбаев, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулу медианын ишин катаалданткан сунуштарды берип, ал кабыл алынды.
Жаңы редакцияга ылайык, "өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш" деген норма киргизилди. Жалпыга маалымдоо каражатынын түзүүчүсүнө байланыштуу бир катар талаптар коюлган.
Бул өзгөртүүлөр документти иштеп чыгуу маалында жумушчу топко мүчө болгон бир катар медиа өкүлдөрүн нааразы кылган.
Аталган жумушчу топтун мүчөсү, журналист Кайыргүл Урумканова парламент комитети журналисттер менен биргеликте иштеген долбоорду депутаттар эске албай, бир катар катаал нормаларды киргизгенин социалдык тармакка жазды.
“Эки жылга жакын медиа коомчулук күрөшкөн иштин баары таштанды кутусуна ыргытылды”, - деди Урумканова.
ЖМК мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөсү, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков буларды айтты:
"ЖМК боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн үч жумушчу топ түзүлгөн. Акыркысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көз карандысыз журналисттер, медиа уюмдардын өкүлдөрү кирген жүмушчу топ эки жылдан бери ар бир берененин үстүнөн иштеп чыкканбыз. Бардыгын камтыган ченемдерди сунуштап, макулдашып алып чыккан соң, ушул мыйзам долбоору кабыл алынса деген каалообузду айтканбыз. Бирок тилекке каршы, биз сунуштаган редакция эмес, 1-окууда өзгөртүүлөр киргизилген, бир кыйла катаалдашкан мыйзам долбоору кабыл алынып отурат. Биздин жумушчу топ депутаттар тарабынан өзгөртүлгөн мыйзам долбоору парламент комитеттеринде 2-3-окууда кабыл алынган соң, жалпы отурумда ага добуш бербөөгө чакырып, кайрылуу кылганбыз. Регламент боюнча мыйзам чыгарууну демилгелеген субьекттер он күн ичинде сунуш-пикирлерин берүүгө укуктуу. Ошондуктан, эми деле үмүтүбүз бар. Президент Садыр Жапаровго да мыйзам долбоорун артка кайруусун өтүнүп, кайрылабыз деп турам. Себеби, бул мыйзам долбооруна өзгөчө көңүл буруп, ушул боюнча тапшырмаларды берип, эки-үч ирет жумушчу топ түзгөнү - президенттин бул маселеге маани бергени. Биз ойлойбуз ал мунун баарын жокко чыгарбашы керек".
Жумушчу топтун мүчөлөрү президентке, парламентке кайрылып, мыйзам боюнча мунасага табууну сунушташкан. Бирок Жогорку Кеңеш бул кайрылууну көңүлгө алган жок.
Журналист Элвира Султанмурат кызы эми бул долбоорго президент кол койбошу керек деген пикирде:
"Жумушчу топ менен чогуу иштелип чыккан вариант баарыбыздын көңүлүбүзгө төп келген болчу. Себеби, акыркы убактарда Кыргызстанда көз карандысыз медиага катаал мамиле күч алды. Ошонун фонунда ЖМК тууралуу мыйзамды кайрадан катаалдантып кабыл алып жатышы - кабатыр кылбай койбойт. Анткени маалымат каражаттары сөзсүз түрдө каттоодон өтүүгө тийиш деген талап дагы, медианы ооздуктоого толук мүмкүнчүлүк берет. Каттаган мекеме кайра эле каттоосун жокко чыгарып коюушу мүмкүн. Ошондуктан, парламент бүгүн кабыл алган мыйзам долбоору бул жолу да президенттин макулдугун албайт деп ишенем".
Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Садыр Жапаровдун бул мыйзам боюнча позициясы азырынча беймаалым.
Бирок соңку жылдары өлкөдөгү сөз эркиндиги, медиалардын ишмердигине байланыштуу көптөгөн чочулоолор айтылып келет. Буга акыркы мезгилдеги медиа жана журналисттерге байланыштуу кабыл алынган мыйзамдар да себеп болууда.
Дал ушул демилгелерден улам медиа коомчулук жана бир катар эл аралык уюмдар өлкөдө сөз эркиндигине олуттуу тоскоолдуктар жаралганын белгилеп, бийликти мындай демилгелерден баш тартууга чакырып келет. Расмий бийлик сунушталган мыйзамдарды тармакты иретке салуу аракети деп, өлкөдө сөз эркиндиги бар деген позицияны кайталап келүүдө.
Шерине