Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

Укук коргоочу Рузиевдин кайрадан камалышы талкуу жаратты


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Караколдук укук коргоочу Камил Рузиев камалганы белгилүү болду. Милиция ал "опузалап акча талап кылууга" шектелип жатканын билдирди. Жакындары тагылган айыптарды четке кагып, ал жалган жалаага туш болгонун билдирүүдө. Рузиев буга чейин Ысык-Көлдө милициянын өзүн айрым мыйзамсыз иштерге айыптаган.

Каракол шаардык милициясы укук коргоочу Камил Рузиев Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдоодо. Облустук милициянын маалыматына караганда, укук коргоочунун жана дагы бир адамдын үстүнөн даттанган адам өзүнүн уулуна козголгон “кылмыш ишин жабууга жардам беребиз” деп коркутуу жолу менен андан көп суммадагы акча талап кылынганын билдирген:

"Арыздын ээси 4-сентябрда Е.М. аттуу жаранга 30 миң сом берген. 11-сентябрда Е.М. жана Р.К. 125 миң сомду алып жаткан учурда кармалышкан. Кылмыш ишинин алкагында кошумча далилдерди топтоо максатында шектүүлөрдүн жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлүп, документтер алынган. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин камалды."

Укук коргоочунун уулу Азат Рузиев атасынын кармалышын атайылап, ишмердүүлүгүнө бут тосуу максатында жасалган кутум деп сыпаттады:

Азат Рузиев
Азат Рузиев

"Жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча ишти милиция жаап койгон болчу. Атам быйыл ал кыздын атасынын өтүнүчү менен кайра ишти жандандырууну көздөп, прокуратурага кайрылмакчы болуп жүргөн. Ал ортодо айыпталуучу тараптын жакындары жабырланган кыздын атасына акча сунушташыптыр. Көрсө алар милиция менен атайын кутум уюштуруп, атамдын ишмердүүлүгүнө бут тосуу максатында акчаны белгилетип анан алып келишиптир. Атайын акчаны алып кетүүгө атам менен чогуу келүүгө шарт түзүп, пулду берип жаткан жерден милицияга карматышкан".

Азат Рузиевдин айткандары боюнча Каракол шаардык милициясы комментарий бере элек.

Камил Рузиев 2020-жылы 30-майда “Документ жасалмалоо” жана “Алдамчылык” беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. Кийин анын ишиндеги “Алдамчылык” беренеси алынган. Каракол шаардык соту 2022-жылдын 12-августунда Рузиевдин “ишинде кылмыштын курамы жок” деген негизде актаган.

Прокуратуранын доо арызын караган облустук сот кийинчерээк “Документ жасалмалоо” беренеси менен айыптап, ага 80 миң сом айып салган. 2023-жылы 10-январда Жогорку соттун соттук коллегиясы укук коргоочуну актаган чечим чыгарган.

Рузиевдин кайрадан кармалып, камалганына коомчулукта түрдүү пикирлер бар. Айрымдар аны мыйзамдарды жакшы билген соң шектүү тарап менен андай сүйлөшүүгө барбай эле койсо болмок деп эсептешет. Алардын бири жарандык активист Айбек Теңизбай:

"Азыркы учурда укук коргоочулар үчүн эң оор абал болуп турат. Ар тараптан кысым байкалып жатат. Ошол себептен укукчулар мыйзам чегинен чыкпай, өтө кылдат болушу керек эле. Антпесе өздөрү коргоп жаткан абал кайра өзүнө каршы иштеп калышы толук ыктымал экенин биз бул окуядан байкадык".


Укук коргоочу 12-сентябрда Каракол шаардык сотунун чечими менен Караколдогу тергөө абагына киргизилген. Анын уулу Азат Рузиев атасынын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен облустук сотко кайрылышарын билдирди:

"Атама козголгон кылмыш иши тергөөнү үй камагына чыгарып коюп жүргүзүүгө жол берүүчү берене. Ал оор кылмыш кылган жок да. Адвокаттары менен чогуу облустук сотко апелляциялык арыз беребиз".

Камил Рузиев Жогорку соттун аны актаган 2023-жылдагы чечиминен кийин "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстанда укук коргоочулардын иши кооптуу экенин, өзгөчө күч кызматкерлерине жакпасын айтып берген:

"Менин укук коргоочулук ишмердүүлүгүм үчүн милиция кызматкерлеринин басымына көп туш болдум. Анткени мен көбүнчө күч кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин ашкерелеп, ошолорго каршы иш алып барам. Менин өзүмдү канча кыйнашты, жазып жүрүп чындыкка жете албай, мени кыйнаган адамдардын иштери жабылып кетти. Жогорку сот мени актады, бирок мени жок жерден эркиндигимден ажыратып, 7 кылмыш ишин козгогон адамдардын бири да жоопко тартылган жок. Менин укугумду бузган, эркиндигимди чектеген кызматкерлер жооп бериши керек".

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, укуктук жардам берип келгени менен белгилүү.

Камил Рузиев: Аймакта укук коргоочу болуу оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:40 0:00


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG