Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 12 жыл мурун түзүлгөн.
Депутаттардын сунушу, өкмөттүн макулдугу
Жогорку Кеңеш шаршембидеги жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчы институтунун курамына киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алып берди. Мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда айрым депутаттар анын концепциясында Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборду жоюу нормасы каралбаганын белгилешти.
Депутат Дастан Бекешев Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы милдеттеринин бири болуп, 2013-жылы атайын мыйзам менен бекитилип түзүлгөнүн эскертти:
"12 жыл ичинде бул борбор өзүнүн актуалдуулугун көрсөттү. Түрмөлөргө, психиатриялык мекемелерге кирип, ал жактагы адамдардын кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарды ачыктап, көптөгөн жардамдарды берди. Жабык мекемелердеги адамдардын укуктарын бузууга тиешеси бар айрым мамлекеттик жетекчилерди жоопко тартуу сунуштарын ушул жерден бизге берип турушкан. Тилекке каршы, Жогорку Кеңеш аларды жоопко тарта алган эмеспиз. Эми бул борборду жоебуз деген таптакыр туура эмес", - деди Дастан Бекешев.
Дагы бир депутат Исхак Масалиев Акыйкатчы институту Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишин алып барарынан күмөн санады. Ал акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, Омбудсмен катары адам укуктарын коргой албай жатасыз деп сынга алды.
"Бизде Акыйкатчыдан башка адам укугун коргоочу институт калган жок. Бирок сиз да мындан алыстап баратасыз. Түрмөлөрдө, абактарда болуп жаткан кыйноолорго акыйкатчы катары көңүл бурбай атасыз. Сөз келгенде айтпасам болбойт, чын эле прокурорду акыйкатчы кылбаш керек экен. Сиз адамды коргой албайт экенсиз. Кыйноолорду жокко чыгаруу же алдын алуу борбору бир катар эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн болчу", - деди Исхак Масалиев.
Мыйзам демилгечилери аталган борборду жоюу чечимин депутаттардын сунушу, өкмөттүн макулдугу катары түшүндүрдү.
"Акыйкатчынын укугу чектелүү"
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, Акыйкатчыга бир бөлүм катары кошулуусун көпчүлүк укук коргоочулар сынга алды. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова акыйкатчынын ыйгарым укуктары Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун ыйгарым укуктарынан төмөн турарын айтууда.
"Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тууралуу мыйзамга ылайык, аталган борбордун кызматкерлери күн-түн, майрам, дем алыш күн дебей, жабык мекемелерге кирип, ал жактагы тиешелүү жарандар менен да, жетекчилер менен да жолугушууга укуктуу болчу. Эми Акыйкатчыга кошуп койгон учурда алар омбудсмен тууралуу мыйзам менен гана иштөөгө аргасыз болушат. Мурдагыдай жабык жайларга алдын ала эскертүүсүз бара албай калышат. Жабык жайларда сүрөт, тасма тартууга укуксуз болушат. Кыйноо фактылары боюнча маалымат келип түшкөн учурда улуттук борбор Аскер прокуратурасына, Башкы прокуратурага жана башка тийиштүү органдарга дароо кайрылып, алардын жоопторун алууга укуктуу болчу. Акыйкатчынын андай укугу жок. Анткени омбудсмен Париж принцибине ылайык, "А" макамына ээ эмес. Анын үстүнө кечээги мыйзам менен акыйкатчыдан "адам укугун коргоочу институт" деген терминди алып салышты. Эми мамлекеттик деңгээлде адам укуктарынын сакталышы жана кыйноолордун алдын алуу солгундайт жана артка кетет деп айтсак болот".
Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгонун "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова эске салды.
"Кыргызстанда түрмө реформасы, милиция реформасы боло элек. Кыйноолорго каршы борбор жарандар үчүн гана эмес, өкмөт үчүн да керек болчу. Бирок парламент репрессиялык кадамга барып, бул борборду жоюп салышты. Кыйноолордун алдын алуу борборун Акыйкатчы институтуна кошуу менен биринчиден - эгемен институттун статусу жоголот, бюрократиялык, коррупциялык, жабык иштер көбөйөт. Анткени Омбудсмен институту азыркыга чейин жүдөп-какап, кызматкерлер жакшы иш алып бара албай жатат. Муну атайын баяндамачылар да белгилеп, Кыргызстан адам укугу жаатында оор абалда турганын айтып келишет. Эми президент мырза бул мыйзам долбоорун артка кайтарып, Акыйкатчы институтуна болсо Париж принцибинин "А" макамын алып бериши керек".
"Омбудсмен жабык жайлардагы жарандардын укуктарын да коргойт"
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоочулардын мындай сын-пикирлери менен макул эмес. Ал Омбудсмен институту тууралуу сындар боюнча "Азаттыкка" төмөнкүдөй комментарий берди:
"Омбудсмен жөнүндө мыйзамга ылайык, акыйкатчы кайсы убакта болбосун жабык мекемелерге барууга, андагы адамдар менен жекеме-жеке аңгемелешүүгө, аларды кармоонун шарттары жөнүндө маалымат алууга жана алардын аталган мекемелерде болушунун мыйзамдуулугун тастыктоочу документтерди текшерүүгө укуктуу. Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор жөнүндө мыйзам акыйкатчынын жабык жайларга баруу укуктарын чектебейт. 2024-жылы Акыйкатчы институту тарабынан тергөө абактарына, убактылуу кармоочу жайларга жана жаза өтөөчү жайларга 258 жолу мониторинг жана инспекция жүргүзүлгөн. Былтыр аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мамлекеттик органдарга 36 көңүл буруу актысы жөнөтүлүп, анын негизинде укук коргоо органдарынын 16 кызматкери жоопко тартылган. Демек, акыйкатчынын мандаты жабык мекемелерде кармалган адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону да камтыйт", - деди ал.
Кыйноолордун алдын алуу борбору соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, түрдүү мыйзам бузууларды аныктап келген. Алсак, аталган борбордун кызматкерлери былтыр январда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу сот чечими чыкканына карабай, эки жумадай убакытта милициянын убактылуу жайында кармалып турганын билдирип чыккан. Кыргызстандын абактарында оор, айыккыс дартка чалдыккан адамдар кармалып атканын, айрымдары тийиштүү медициналык көзөмөл жоктугунан көз жумганын аныктаган.
Бир катар социалдык мекемелер - карыялар үйүндө, майыптыгы бар адамдардын интернаттарында жашоо-шарттын жоктугун, тамак-аштын сапаты начардыгын ачыкташкан. Жайыл районундагы психикалык жактан жабыркаган кыз-келиндер кармалуучу социалдык-стационардык мекемеде адам укуктары одоно бузулуп жатканын коомчулукка жарыялашкан.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги убактылуу кармоочу жайларда кыйноо жоюлганын айтып келет. Бирок кыйноого кабылып, милициядан, айрымдары Жаза аткаруу кызматынан, күч түзүмдөрүнөн запкы жегенин айткандар токтой элек. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор ушундай арыз-даттануулар менен иштеп, маалыматтарды, отчетторду берип, коомго ачык маалыматтарды жарыялап турчу.
Шерине