Мамлекет башчы бул иштин тергелишин жеке көзөмөлүнө алганы, жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү тапшырганы кабарланды.
"Өлүм жазасына тартылсын"
Зомбулуктун курмандыгы болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын сөөгү 30-сентябрда Барскоондо жерге берилди. Анын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып жатышат.
"Айсулууну өлүкканадан эле кепиндеп беришиптир, атасы менен апасы да кызынын айдай жүзүн акыркы жолу көрө алышкан жок. "Ачпагыла" дешиптир. Демек, ошончолук мыкаачылык менен айчырайын бузган да. Аргасыздан мейли дедик, Айсулуубуз эсибизде жаш, сулуу бойдон калсын дедик. Биз талап кылабыз, кызыбызды кыйнап өлтүргөн зөөкүрдү эң жогорку жазага - өлүм жазасына тартып берсин!" - деди маркумдун жакындарынын бири "Азаттыкка".
Жакындары айткандай, шектүүнү өспүрүм кыз өмүрүндө көргөн эмес.
Бул үрөй учурган окуяда милициянын дарегине да катуу сын айтылып жатат. Издөө иштери "өз убагында ыкчам жүргөн эмес" деген доомат айтылууда.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Айсулуунун туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөрдү кылган делген милиция кызматкерине чара көрүлөрүн кабарлады. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов:
"Милиция кызматкери маркум кыздын жакындарына туура эмес маалымат бергени айтылып жатат. Учурда биз мунун үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүп жатабыз. "Арызды албай койгон, издебей койгон" деген маалымат тараткан адамдыкы туурабы же туура эмеспи, биздин кызматкерден кеттиби, иликтөө башталды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына жараша тиешелүү адамдарга чара көрүлөт. Иликтөө бүткөндөн кийин коомчулукка ачык маалымат беребиз", - деп билдирди.
Султан Макилов милиция кызматкерлери "өспүрүм кыздын атасынын арызын албай коюшкан" деген дооматты да четке какты. Анын сөзүнө караганда, адам жоголгону тууралуу маалымат түшөрү менен милиция издөө иштерин жүргүзө баштайт, үч күн күтүш керек деген норма жок:
"Кыз 27-сентябрь күнү саат 12:30да үйүнөн чыгып кеткен экен. Атасы ошол күнү кечки саат сегиз жарымда биздин аймактык бөлүмгө кызынын жоголуп жатканын айтып, телефон чалган. Милициянын ыкчам тергөө тобу жерине барып, арызын алып, иликтөө иштерин башташкан. "Коопсуз шаардын" жана башка камералардагы жазууларды алып, автоунааны тактап, кайда барып, кайда кеткенин тактап, аягында Бишкектен табышты. Машинасын жууп-тазалап, таштап кеткен экен. Телефондорун сатып жиберген экен, милиция сүрөтүн, аты-жөнүн тактап, Бишкектеги кичи райондордун биринде жашынып жаткан жеринен табышты. Кармалгандан кийин ал өзү баары кандай болгонун айтып, кыздын сөөгүн таштап кеткен жеринен көрсөтүп берген".
Макиловдун маалыматына караганда, Мукашеванын өлүмү боюнча тергөөнү ИИМдин Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.
Президенттин тапшырмасы, Жогорку соттун маалыматы
Айсулуунун ишинин тергелишин президент Садыр Жапаров да жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болду. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, өлкө башчысы жаш балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүү маселесин карап көрүүнү тапшырды.
"Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда мамлекет башчысы Президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге каршы жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иштөө тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү. Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда", - деп жазды басма сөз катчы.
Кыргызстанда өлүм жазасына 1998-жылы мораторий киргизилген. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.
ИИМдин маалыматына караганда, Айсулуунун өлүмүнө шек саналып кармалган киши мурда соттолгон. Милиция азырынча тергөө кызыкчылыгына байланыштуу шектүү тууралуу кенен маалымат берүүдөн баш тартууда.
Жогорку соттун басма сөз кызматы 1-октябрда маалымат таратып, шектүү буга чейин төрт жолу түрдүү беренелер менен соттолгонун билдирди.
Тактап айтканда, 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 167-беренеси ("Тоноо") менен айып тагып, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерген.
Он жылдан кийин, 2016-жылы февралда ошол эле Октябрь райондук соту аны киши өлтүрүүгө аракет жасаган деген айып менен Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 28-беренеси ("Кылмыш далалаты") жана 97-беренеси ("Киши өлтүрүү) боюнча күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 12 жылга камоо жазасын дайындаган. Бирок үч айдан кийин Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы райондук соттун өкүмүн өзгөртүп койгон. Ал жерден айып Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо") жана 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча тагылып, акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратуу дайындалган, калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган. Жогорку соттун басма сөз кызматы ал дайындалган жазасын өтөгөн деп билдирди.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага кат жолдоп, шектүүнүн буга чейинки өкүмдөрүнүн негиздүүлүгүн кылдат текшерүү керектигин белгиледи.
"Акыйкатчынын катында Башкы прокуратурага шектүүгө карата мурда чыгарылган өкүмдөрдүн негиздүүлүгүн кылдат текшерүү сунушталды. Андан сырткары, шектүү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгын тактап, андай болгон учурда тийиштүү органдар анын эркиндиктеги жүрүм-турумуна канчалык деңгээлде көзөмөл жүргүзүлгөнүн дагы карап чыгуу керектиги белгиленди. Жамиля Жаманбаева буга чейин дагы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда же пробация боюнча бошотулгандар кайрадан ушундай оор кылмыш жасаган учурлар кездешкенин жана алардын колунан балдар жана аялдар жапа чегип жатканын белгилейт", - деп жазылган Омбудсмен институту тараткан маалыматта.
Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылындагы көл жээгинде зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Кылмышка шектүү 29-сентябрда кармалып, камакка алынган. Жети-Өгүз райондук соту 1-октябрь күнү аны эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.
"Коомчулук эки күн чуулдайт, анан унутулат"
Кыргызстанда буга чейин да кыз-келиндер уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуялар болгон. 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын, 2021-жылы Айзаданын өлүмүнөн бери бир нече кыз-келин күйөөсүнүн, чогуу жашаган эркектин, жигитинин же таптакыр тааныбаган зордукчунун колунан каза тапкан.
Расмий маалыматтарга таянсак, бул кыз-келиндердин өлүмүнө айыпталып, соттолгондордун айрымдары пробация же башка себептер менен эркиндикте жүрсө, кээ бирлери аз мөөнөткө жазага тартылган. Ал эми кыздардын өлүмүнөн кийин "шалаакылык кылганы" үчүн кызматтан бошотулган милиция кызматкерлеринин айрымдары кайра эле шаардык, облустук ички иштер башкармалыктарын жетектөөгө үлгүрүштү.
Журналист Семетей Талас уулу үрөй учурган кылмыштардын токтобой көбөйүп жатышына алардын жазасыз калып же жеңил жазага тартылышы, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылышы себеп деген пикирде.
"Оор кылмыш жасагандарды жазасынан эрте бошоткон соттордун, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссия мүчөлөрүнүн, андай иштерге өз учурунда реакция кылбаган укук коргоо кызматкерлеринин ишин, жоопкерчилигин да кароого убакыт келди. Мындай каргашалуу окуя катталганда гана соцтармактарда гүүлдөп, жазып кала беребиз, 2-3 күндөн кийин ал унутулат. Айсулуунун өлүмүнө шектелип кармалган адам да мурда бир нече жолу соттолгон болсо эмне үчүн, кантип эркиндикте жүрөт? Кыргызстанда оор кылмышка айыпталып кармалгандардын канчасы эркиндикте жүрөт, кантип бошоду, ушул боюнча атайын статистика болушу керек. Аларды телефон аркылуубу же башка жолдор мененби, көзөмөл жүргүзүп туруу зарыл. Коомчулукта болсо ар бирибиз балдарыбызды кыздарды сыйлоого, урматтоого, аяр мамиле кылууга тарбиялашыбыз керек", - деди Семетей Талас уулу.
Айсулуунун өлүмүнөн соң соцтармактарда активисттер 2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмүнөн баштап Айсулуунун өлүмүнө чейин киши колдуу болгон он чакты кыз-келиндин туш болгон окуясынын чоо-жайын жарыялашты.
WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) боюнча Кыргызстан акыркы эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Активисттер укук коргоо, сот органдарынын, коомдун бул маселеге карата мамилеси, зомбулук жасаган эркектердин көп учурда жазасыз калып жатканы да зомбулуктун күчөшүнө себеп экенин айтып келишет.
Шерине