Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:56

"Боорум таза болсун десең итти эмдет". Жолбунду атуудан көрө бычкан оңбу?


Коллаж.
Коллаж.

Кыргызстанда соңку жылдары жолбун ит-мышыктар көбөйгөнү айтылууда. Адистер алар жергиликтүү фаунага коркунуч туудурганы аз келгенсип, жугуштуу ылаңдын да таратуучусу болуп жатканын белгилешет.

Расмий органдар жолбундар маселесин атуу жолу менен чечкенге аракет кылышууда. Зооактивисттер мындай күрөшкө каршы чыгып, жаныбарларды өлтүрүү ордуна тукумсуздандырууну сунушташууда.

“Жер Эне” подкастында бүгүн жолбун иттерге байланыштуу маселеге токтолобуз. Иттерден илдет жукпашы үчүн кандай эрежелерди сактоо керектигин адистерден сурайбыз.

Жалал-Абадга жолбун ит толду

Жалал-Абад шаарында жолбун иттер жалгыз-жарым адамдарга, кээде короодо байланып турган майда жандыктарга чейин тиш салууда. Алсак Мухаммед аттуу жашоочунун уулун төрт жыл мурда ээн жүргөн иттер талап кеткен.

“Чоң баламды төрт жыл мурда коңшулардын итти талап, оозун айрып салган, азыр кыйшайып жатат. Ал менен катар эле көчөдөгү иттер беш-алтыдан келип үйдөгү улакты да талап кеткен. Учурда бир үйдө төрттөн ит багып алгандар да бар. Аларга шаарда ит багыштын кажети деле жок да. Көчөдөн балдар мектепке бара албай айланып башка жол менен барып жатат”.

Шаардын дагы бир тургуну Аспироза Нурланова короодо толуп жүргөн иттерден кооптонорун жашырган жок.

“Мен шаардын чок ортосундагы көчөлөрдүн биринде жашайм. Эки балам эшикке чыкканда иттер каап алабы деп корком. Колумда да ымыркайым бар, өзүм дүкөнгө да чыкканда чочулайм. Эшиктин алдында топтошуп алып өткөн-кеткенге үрүп, таштандыларды чачып жатышат. Ушундай иттерди кайсыл жакка кайрылып, жок кылышты да билбей жатам”.

Жалал-Абад шаарында учурда канча жолбун ит бары белгисиз. Алар менен күрөшүү милдети “Тазалык” муниципалдык ишканасына жүктөлгөн.

Мекеменин жетекчиси Байгазы Эргешов калаада жыл сайын миңден ашуун итти атууга 230 миң сомго жакын каражат бөлүнөрүн айтты:

“2024-жылы 1378 итти шаардын аймагынан тазалап, атайын таштанды зонасына алып барып көмгөнбүз. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 200 ит көбүрөөк атылды. Шаардын аймагы кеңейип, мурунку Конгантиев, Ырыс жана Барпы айылдарынын айрымдары кошулгандыктан ал жактагы иттер да тазаланып жатат. Үйдө багылган иттерди короосунда турса ата албайбыз, моюнунда каргысы жок көчөдө жүргөндөрдү атабыз. Жума ичи шаарды ит-мышыктарды тазалап жатабыз. Шаар чекесиндеги сай боюнда жүргөн иттер дагы атылып жатат”.

"Атуу менен маселе чечилбейт"

Айыл чарба министрлигинин ветеринардык кызматы берген маалыматка таянсак, 2024-жылы 27 301 ит атылган. Иттерди атууга кеткен каражатты жергиликтүү бийлик өзү табууга тийиш.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Жолдош Чуштуков Бишкек шаарындагы жолбун иттерди атууга 7 млн 433 миң сом каралганын билдирген. Анын эсебинде бир итти атууга бардык чыгымын кошкондо 417 сом кетет.

Ал арада жаныбарлардын укугун коргогондор жолбун иттерди атууга каршы чыгып, бир канча жолу флешмоб өткөрүшкөн.

Майя Акунова.
Майя Акунова.

Зооактивист Майя Акунова жолбун ит-мышыктардын санын атып көзөмөлдөө гумандуулукка каршы келерин, андыктан аларды уруксуздандыруудан өтөрү жок экенин белгилейт.

“Эң коркунучтуусу, жаныбарларды өлтүрүү өкмөттүн деңгээлинде, унчукпаган макулдук менен жүрүп жатат. Биз канча жолу митингге чыктык. Эгер элдин келечегин ойлогондор болсо, бул көйгөйдү стерилизация гана чечип, жолбундардын санын азайта алат. Мындай кырдаалга иттер эмес, адамдар күнөөлүү. Айрым адамдар ити туугандан кийин күчүктөрүн талаага таштап салышат. Алар өз алдынча чоңоюп, көбөйүп жатышат. Жаныбарларга жасалган катаал мамилени токтотууга жардам сурап, Муфтиятка да кайрылсамбы дегем. Мамлекеттик органдар жаныбарларды стерилизациялоо үчүн көп акча кетерин айтышууда. Бирок андай эмес. Мен өзүм деле жарадар болгон ит-мышыктарды өз чөнтөгүмөн дарылатып келем. Канча деген ветеринардык клиникалар бар. Акча бөлүнсө, алар ишти жасамак. Буга Брижит Бардо баштаган башка жактык адамдар эмес, мамлекет өзү күйүшү керек эле. Азыр ит атууга миллиондор жумшалып жатат. Бул акчага канча деген жаныбарларды стерилизация кылса болот. Ошондо жаныбардын саны азаймак, эң башкысы көзөмөл болмок”, - дейт Майя Акунова.

Брижит Бардо өткөн кылымдын 1950-60-жылдары атагы дүйнөгө тараган француз актрисасы. Учурда 90 жашта. Анын фонду бүткүл дүйнөдөгү кароосуз калган жаныбарларга жардам берип келет.
Брижит Бардо өткөн кылымдын 1950-60-жылдары атагы дүйнөгө тараган француз актрисасы. Учурда 90 жашта. Анын фонду бүткүл дүйнөдөгү кароосуз калган жаныбарларга жардам берип келет.

Уруксуздандыруу же стерилизация демекчи, 2021-жылы француз актрисасы Брижит Бардо Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жазып, жолбун иттерди атууну токтотууну өтүнгөн. Ал жаныбарлардын көбөйүүсүнө каршы күрөшүү стратегиясы боюнча кызматташууну сунуштаган.

Мындан кийин Брижит Бардонун фонду жана Кыргыз-Француз экотуризм ассоциациясы Кара-Жыгач багындагы жолбун иттерди стерилизациялоо боюнча "Кумайык" пилоттук долбоорун ишке киргизген.

Анын негизинде ит-мышыктарды тукумсуздандыруу операциясы "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин клиникасында жасалып келет.

2024-жылы сентябрь айында франсуз элчилиги тараткан маалыматтан пилоттук программанын алкагында Бишкектин чет жакасында жана Ысык-Ата районунда 20 миңдей ит стерилизация болуп, 15 миңи кутурмага каршы эмдөө алганын көрүүгө болот.

"Атуу арга кеткендеги иш"

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти, ветеринария илимдеринин кандидаты Кубанычбек Карыпов жолбун иттерди тукумсуздандыруу же бычуу дүйнөлүк тажрыйба экенин белгиледи.

“Иттерди азайтуунун эң жакшы жолу - стерилизация. Бизде кастрация десе эркек малды гана бычат деп ойлошот. Ургаачы иттин деле жатынын бууп койсо болот, бир эле баш болуп жүрө берет. Дүйнөлүк тажрыйбага карасак, өнүккөн өлкөрлөрдө иттерди кармап, атайын жайларда багып, мителерге каршы дарылап, уруксуздандырып анан багып алуучуларга берет. Бизде да жолбун ит-мышыктарды кармай турган атайын жай ачыш керек. Азыр студенттерге тажрыйба керек, балдар ошол баш калкалоочу жайларга багып, жаныбарларга асма укол сайганды, операция кылганды иш жүзүндө үйрөнмөк. Мен ушуну облустук администрациядан суранайын деп жатам. Мамлекеттин дагы саясаты болуп, келечекте мыкты кадрларды, илимпоздорду даярдоого шарт түзүшү керек да. Ошондо гана ветеринария жаатында күчтүү адистер чыкмак. Азыр эми каражат жок, ит көбөйүп кеткенден улам аларды атууга туура келип жатат”.

Кыргызстанда жолбундарды кармап, баккан жай ачуу кымбатка турарын буга чейин Бишкектин “Тазалык” ишканасынын мурдагы жетекчиси Рамиз Алиев да айткан.

Ал былтыр шаардык кеңештин жыйынында Батышта жолбундарды кармаган жай ыктыярчылардын эсебинен иштерин, алар ит-мышыкты багууга каражат которуп турушарын белгилеген.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын азыркы жетекчиси Жолдош Чуштуков жолбун иттерди стерилизация кылуу мүдөөсүн билдиргени, Бишкек шаардык кеңешине бул боюнча долбоор сунушталары кабарланды.

Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын зооэпизотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору Кемелбек Абдылүсөнов жолбундарды стерилизация кылууга каражат жок экенин айтты:

Кемелбек Абдылүсөнов.
Кемелбек Абдылүсөнов.

“Республика боюнча бизде 226 миң 232 баш ит катталган. DOGS деген программа бар. Ага ылайык, иттерге паспорт берилет. Жылына бир кутурмага каршы эмделип, квартал сайын альвеококкоз, эхинококкозго каршы дары берилип турат. Ал эми канча жолбун ит-мышык бары тууралуу бизде маалымат жок. Андай ишти жергиликтүү бийликтер жүргүзүшү керек. Бирок алардын деле бул ишти кылууга чама-чаркы аз. Жаныбарлардын саламаттыгы боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун 182 мүчөсү бар. Ошол уюмдун талабына ылайык, өнүккөн мамлекеттерде жолбундарды кармоого акча бөлүнөт. Аларды атайын жайда кармап, дарылап, эмдеп турушат. Бизде анчалык каражат жок. Ошол себептүү атууга туура келет. Айыл өкмөттөр мергенчилерди жалдап, акчасын төлөп, жолбундарды жок кылууда”.

Кемелбек Абдылүсөнов ошол эле маалда көчөдө жүргөн иттердин көбүнүн ээси барын да кошумчалады. Анын айтымында, жакында ит-мышык кармоонун жаңы жол-жобосу иштелип чыгат.

“Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2022-жылы ит-мышык кармоо эрежеси жаңыланып бекитилген. Башка аймактар үчүн азыр иштеп чыгып атабыз. Айылда кандай, шаарда кандай кармалышы керек экенин так көрсөтөбүз. Коомдук жайда жетелеп жүргөнгө болбойт, адамдар түшкөн бассейнге түшүрүүгө болбойт, автобуска салууга болбойт, байлоодо турушу керек, көчөгө жетелеп чыккандар мурунтук тагышы керек деген эрежелер бар. Бирөөнү тиштеп алса, иттин ээси айып төлөшү керек. Бирок бизде аны көбү сактабайт. “Баламды коңшумдун ити каап алды, чара көрүңүздөр” деген каттар көп эле келет. Биз барып анын итин ата албайбыз, аны жергиликтүү бийлик чечиши керек. Борбордо таптакыр эле кароосуз калган жолбун иттердин саны атылып жатып саны кыскарган. Азыр көчөдө жүргөн иттердин көбүнүн ээси бар. Аны атсак, эртең ээси "сотко берем" деп кыйкырып чыгат", - дейт Абдылүсөнов.

Эмделбеген ит-мышык оорунун булагы

Кыргызстанда буга чейин иттен кутурма жуккан адамдар каза болгон учурлар катталган.

Соңку жылдары эхинококкоз жана альвеококкоз дарты жугуп, боорунан операция болгондор көбөйгөнү айтылууда.


Ветеринардык кызматтын зооэпизотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору Кемелбек Абдылүсөнов ит-мышык кармоого маани берилбегенинен улам ылаң жайылып жатат дейт.

“Иттерге паспорт бериле баштады дебедимби. Анда иттин аты, жашы, кайсы ооруга эмдөө алганы баары жазылып турат. Аны карап, дарылап туруу жергиликтүү ветеринардын милдети. Бирок ал барганда иттин ээси жок болуп калат же эшигин ачпай коет. Берген таблеткаларын ыргытып жиберет. Берсе да аны байлап койбойт. Ити ар кайсы жакта жүрөт. Жолбун ит-мышыктар чынында чоң көйгөй. Таштандыга ыргытылган тамакты, талаадан, токойдон майда жандыктарды, айрыкча келемиш, чычкандарды кармап жейт. Альвеококкоз, эхинококкоз баштаган коркунучтуу ылаңдар ошол кемирүүчү жандыктарда болот. Аны жегенден кийин мите курттун жумурткалары иттин ичегисинде көбөйүп, заңы аркылуу топуракка түшөт. Ал өсүмдүктөргө жармашып, кайра адамга жугуп атат. Ошол себептүү бизде бул оору менен ооруган адамдардын саны басымдуу. Акыркы күндөрү чет өлкөгө барып боорун алмаштыруу үчүн жардам сурагандар көбөйбөдүбү. Үйдөгү итин да дарылатпай, эмдетпей бала-чакасы ооругандар бар. Мал сойгондо боорунда курт болсо, аны көөмп салуу ордуна итине берип коет. Ал кайра эле балдарына жугат да. Азыр бул боюнча мектептерде, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин доценти, ветеринария илимдеринин кандидаты Кубанычбек Карыпов Алай районунда 2022-жылдан бери альвеококкоз, эхинококкоз оорусуна байланыштуу иш алып барат. Ал дарыланбаган, эмделбеген ит-мышыктар өтө коркунучтуу ооруларды алып жүрөрүнө токтолду.

Кубанычбек Карыпов.
Кубанычбек Карыпов.

“Зооноздук оорулар деп коет, альвеококкоз, эхинококкоздон башка иттерден кутурма, иттердин кыргыны, лептоспироз жугат. Токсоплазмоз деген коркунучтуу оору бар, Кыргызстанда бул тууралуу маалымат азыраак, ал дагы ит-мышыктан жугат. Мен өзүм Германияда 2,5 жыл аспирантурада окуп, иштеп келгем. Европанын эң алдыңкы өлкөсү болгон Германияда элдин бул оорудан жабыркашы 50% түзөт. Өнүккөн өлкөдө ошондой болуп атса, Кыргызстанда абал кандай экенин элестетип көрүңүз. 2003-жылы мен изилдөө жүргүзгөм. Ошол жылдары Кыргызстанда болгону токсоплазмозду дарылаган бир эле аял дарыгер бар болчу. Германияда үй-бүлөдөн бирөө ооруп калса, үй-бүлөлүк дарыгерди бекитип берет экен. Ал ошол бейтапты гана карайт. Токсоплазмоз мышыктын заңы аркылуу чыгып, териси булганганат. Аны бала кармап, колун оозуна салганда жугушу мүмкүн экен. Кээде чийки этти жегенде жугат экен. Кесепети адамдын нерв системасын жабыркатып, жыныс органдарын, бөйрөгүн оорутуп, кош бойлуу аял болсо өрчүп жаткан түйүлдүккө чейин өтүп кетет экен”.

Кубанычбек Карыповдун айтымында, ит-мышык багууга олуттуу маани бермейинче, эпизоотиялык абалды турукташтыруу кыйын.

“Бизде мурда “иттерге паспорт берели” десе, көбү күлгөн. Чындыгында паспорт ушундай нерселер үчүн керек. Ошондо жаныбарлар жергиликтүү ветеринарлардын каттоосунда болуп, эмделип, дарыланып турат. Мите курттарга каршы дары берилгенден кийин ит 70 саат байланып, андан чыккан заңды өрттөп, жок кылыш керек. Азыр айылдарда Беккари чуңкуру баарында эле жок да. Ошол жерде ылаңдап өлгөн малдын тарпы, заңы дезинфекция болуп көмүлүүгө тийиш. Эң жакшысы крематорий”, - дейт Карыпов.

Жолбундар экологияга коркунуч жаратууда

Окумуштуулар дүйнөдө жолбун иттердин айынан жапайы жандыктардын жана канаттуулардын айрым түрлөрү жок болуп кетиши ыктымал экенин айтып келишет. Мындай көйгөй Кыргызстанда да жок эмес. Экологдордун айтымында, жолбундар эпизоотиялык абалды гана курчутпастан, экосистеманы да бузат.

Зоолог Аскар Давлетбаков буга чейин “Жер Эне” подкастында жолбун иттердин айынан жергиликтүү фауна бүлгүнгө учурап жатканын айткан.

Аскар Давлетбаков.
Аскар Давлетбаков.

“2015-жылы бир фермага барсак, кундуздун териси илинип турган экен. Көрсө, ити жээкке чыккан кундузду талап салыптыр. Акыркы жылдары иттердин көбөйгөнү көйгөй жаратууда. Малдуу адамдар 10 чакты ит кармашат, бирок дурустап тамак бербейт. Бир жылы жайлоого барсам, бир койчунун 11 тайганы бар экен. Тайган идеалдуу аңчы да. Менин көзүмчө бир эчки менен тоо текени жара тартышты. Экинчиден, элетте жолбун иттер да көбөйдү. Беш жыл мурда Таласка барганда беш-алты үйүр ит көргөм. Топтошуп алып, тоо-ташты аралап жүрүшкөн, азыр андан да көп болсо керек. Алар айлана-чөйрөгө жана жапайы жандыктарга кандай коркунучтуу экенин билесизби? Ошон үчүн бизге ит кармоо жөнүндө мыйзам керек”.


Кыргызстанда буга чейин жолбун иттер короодогу кой-эчкиге тиш салып, кырып кеткени тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок алар жапайы жаратылышка кандай зыян алып келип жатканы азырынча белгисиз.

Буга чейин, 2018-жылы Бишкекте гана Кара-Жыгач багындагы жапайы жандыктарды жана куштарды жолбун иттерден коргоо үчүн Кыргыз-француз ассоциациясы жана Борбордук Азия университети “ЭкоПарк” долбоорун ишке киргизген.

Подкасттын аудиосун бул жерден уга аласыз.

"Жолбун итти аткандан көрө актап кой"
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:23 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG