Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

"Мектептен каражат аягандар түрмөнү көп курат"


Окуучу балдардын бири-бирин өлтүрүүгө чейин жеткен мушташы баарыбызды ойлонтуп жатат. Мунун негизги себептери деп мугалимдердин үнү угулбай, ата-энелер балдарынан алыстап, мектепке бүтүндөй коом жетиштүү көӊүл бурбай жатканы айтылууда.

“Кетириш керек!” дегендерге

Жыл башынан бери эле катары менен бир нече мектепте бирден окуучунун өмүрү кыйылганы сөз болуп жатканда, Бишкектеги “№ 72 мектептин бүт жамааты жумуштан алынды” деген маалымат жазылды Фейсбукта. Кийин бул маалымат анык эмес болуп чыкты. Көрсө, бул мектептин деректири эле орун басарлары менен кошо кетирилген экен.

Баштапкы кабар убагында төгүндөлүп, кыйла көӊүл тынчыды – бир мектептин жамаатын бүт бойдон жазалоо такыр туура эмес чечим болмок. Бирок жетекчилерди кызматтан бошотуу менен деле маселе толук чечилбейт. Бул коомдогу ачууланган маанайды басаӊдатуу үчүн эле жасалган арга болуп калбашы керек.

Жаза катаалдыгы эмес, адилеттиги, бардык жагдайларды эске алуу менен өлчөмдөш берилгендиги менен маанилүү. Балдардын тарбиясына, тартибине кимдер тикелей жооптуу болсо, ошолордун баарына мүмкүн болушунча так аныкталган, ашыкча катаал эмес чара көрүү кажет.

Ырас, мындай учурларда тикелей тиешеси, катышы бар мекемелердин, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө сөз болгону туура. Кимиси өз милдетине шалаакы караган, кылмышты жаап-жашырган болсо, жазасын алууга тийиш.

Окуучулардын өлүмүнө жеткирген окуяга байланыштуу мектептин деректири, анын орун басарлары, тийиштүү класстардын жетекчилери, зөөкүр балдардын ата-энелери, балким, милиция кызматкерлери эмне кылган-кылбаганын териштирүү зарыл.

Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнайлы

Жумуштан кеткен мугалимдерди дароо болбосо да кайсы бир убакыт аралыгында кайрадан өз кесибинде иштешине жол ачуу керек. Алардын тажрыйбасы ЖОЖдон алган билиминен да маанилүү. Айрыкча эмгек акынын төмөндүгүнө байланыштуу мектептерде ар кайсы сабактарды окуткан адистер жетишпей жаткан шартта бул өтө зарыл.

Эки жылдай мурун Бишкектеги №1 мектеп-интернаттын мугалимдери митингге чыкканда баары жумуштан айдалган эле. Алар атайын беренеге такап бошотулгандыктан өз кесибинде иштөө укугунан да айрылышкан.

Ырас, айрымдары суранып жатып ошол беренени алдырууга жетишкен, бирок кыйласы башка тармакка кетүүгө аргасыз болушкан окшойт. Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү кызматкерлеринин республикалык профсоюзу эч кайсы мугалимдин тагдырына кайдыгер карабай, ар биринин каякта эмне кылып жүргөнүн иликтеши, кайрадан мектепке кирүүсүнө жардам бериши керек.

Мектепти кантип колдойбуз?

Жашы жете электердин тартиби үчүн күнөөнү бүт бойдон мектепке оодара бербей, азыркы жагдайды оӊдоо жолдорун караштыралы. Орто билим берүүнүн абалы кандай экени баарыбызга белгилүү. Шаардагы, айрыкча Бишкектеги мектептерде окуу класстары (кээде мугалимдер да) жетишпей, бир бөлмөдө 40тан ашуун баа отурганы да эч кимге сыр эмес.

Мугалимдердин түйшүгү эмгек акысына теӊдеш эмес – бул кесиптин коомдогу баркы төмөндөп кетиш себептеринин негизгиси ушул. Эгер агай-эжейлердин айлыгы базардагы соодагердин орточо кирешесиндей болсо, ЖРТ упайын 150дөн өйдө топтогон бүтүрүүчүлөр педагогикалык багытка тапшыра баштамак.

Ошондо балдар менен иштегенге шыктуу, мүнөзү бекем, инсандык баркын сактап, “чоӊдор” менен да, ата-энелер менен да мамиле түзө билген агай-эжейлер көп болот. Алардын таалимин алган окуучулар, таасири тийген ата-энелер коомду өзгөртөт, мамлекетти өнүктүрүүгө ар бир жаран көбүрөөк салым кошот.

Эмгек акыны жогорулатуу менен катар педагогикалык адистерди даярдоо программаларын, ЖОЖдо жана мектепте окутуу методикасын кескин өзгөртүү зарыл. Ошондо орто жана жогорку билимдин сапатын бир нече эсе жакшыртууга өбөлгө түзүлөт.

Азыр уу-дуу кеп болуп жаткан 12 жылдыкка өтүүнүн башкы максаты окутуу мөөнөтүн узартуу эмес, билим сапатын жогорулатуу болушу керектигин унутпайлы.

Түрмө салгандан көрө...

Кен байлыктарды иштетиш керек, бирок ал деле түгөнөт. Казылган жер узак жылдар бою толбой, чөп өспөй кала берет. Уулуу калдыктардын зыяны кенден алынган пайдадан ашып түшпөйбү?..

Коомдук тартипти сактоо, бекемдөө үчүн милиция, прокуратура күчтөндүрүлүшү керек. Бирок булар негизинен терс көрүнүштөрдүн себебин эмес, натыйжасын жоюу менен алектенишет.

Милиция кызматкеринин ишин ага караган чөлкөмдө канча кылмыш иши ачылганына карай баалаган система жарабайт. Эгер тартип сакчысы кылмыштуулукту азайтуу, алдын алуу үчүн да көбүрөөк иштесе, ага караштуу көчөлөрдө, кварталдарда тартип жакшырса, бизге ошол керек эмеспи?

Соттор кылмышкердин күнөөсү толугу менен далилденген учурда деле ишти создуктуруп, улам бир инстанцияга кайра-кайра өткөрө берген адат качан жоюлат? Системанын ушундай “иштегенинен” улам колу жука же “чоӊдордон” тааныш-билиши, тууганы жок адамдар көбүнчө кылмышкерди аргасыз кечирет. Жабыркаган жактын өзү айыпталган учурлар да аз эмес.

“Бул акчаны алгын да, тосмо арыз жаз. Антпесеӊ, муну тергөөчү менен сотко берип эле кутулуп кетем, а сен убара болуп каласыӊ”, – деген сөз көп айтылат.

Мамлекеттин, бийликтин коомду тарбиялоочу таасири өтө чоӊ болорун унутпайлы. Эгер адилеттүүлүк камсыздалса, талаш-тартышты мыйзамсыз жол менен “чечүүгө” умтулгандар азаят. Тескерисинче, кара өзгөй күчтөр үстөмдүк кыла берсе, “караларды” баатыр кылган маанай кайрадан күчөшү мүмкүн.

(Айтмакчы, түрмөлөр “түзөтүү мекемелери” деп аталат. Бирок анда отургандардын шарты кандай? Убактысын эмнеге сарптайт? Окуп, билим алганга, кесип үйрөнүүгө, иштегенге, өздөрү жактырган иш менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Камалган адамдарды түзөтпөй эле сындырып жаткан жокпу?..)

Мектепке келсек, мугалимдин сөзүн дээрлик жокко чыгарган нерселерди күн сайын көрүп-угуп жаткан балдар жашоодо кандай багыт алат?..

“Мектептен каражат аягандар түрмөнү көп курат” деген экен Германияны бириктирүүгө жетишкен алгачкы канцлери Бисмарк.

Ток этерин айтканда, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрмөйүнчө өлкөбүз өнүгүшү мүмкүн эмес. Адам ресурсу тонналаган алтындан да, миллиарддаган доллардан да, экономика менен саясаттагы ийгиликтерден да жогору бааланышы зарыл.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG