Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

"Макронду фашизмди четке каккандар шайлады"


Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэл Макрон бир нече күндөн кийин ант берип, ишке расмий киришмекчи.

Бир катар аналитиктер бир нече жыл мурун эле аты анча белгисиз жаш саясатчынын шайлоо кампаниясындагы чечкиндүүлүгүн белгилөө менен катар, анын алдында көп маселелер турганын, биринчи кезекте атаандашы ашынган оңчулдар партиясынын лидерине бөгөт коюу үчүн эле ага артыкчылык берген француздардын ишенимин алуу керектигин айтышат. Борбо университетинин саясат изилдөөчүсү Давид Гаузер "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Эммануэл Макрон Франциянын калың элине мындан үч жыл мурун эле таанылган. Анын шайлоодо жеңишинин, ийгилигинин сыры эмнеде?

Давид Гаузер: Макрон мырзанын ийгиликке жетишин эки негизги жагдай шарттады деп ойлойм. Биринчиден, ал саясий классты жаңылоо максатын койгон. Франциядагы азыркы саясатчылардын орто жашы 65-70тин тегерегинде десек болот. Саясатта негизинен улгайып калган кишилер жүргөнүн ачык айтуу керек. Алар коомдогу акыркы өнүгүүлөр менен байланышты жоготуп койгондой.

"Мага Макрон жакпайт"
"Мага Макрон жакпайт"

Экинчиден, шайлоонун экинчи айлампасында Макронго Марин Ле Пен менен беттешүүгө туура келди. Ле Пен, белгилүү болгондой ашынган, экстремисттик күчтөрдүн өкүлү. Макронго добуш берген француздарын көбү анын көз караштарын бөлүшкөндүгү үчүн эмес, фашизмди четке каккандыгы үчүн, Ле Пенге каршы болгондуктан ага артыкчылык беришти. Башкача айтканда, атаандашы демократияга жатпаган баалуулуктарды жактагандыктан, шайлоочулар демократияны сактап калуу үчүн Макронго добуш беришти. Ошол 65 проценттин 50% жакыны фашизмди четке каккандыктан аны шайлашты деп ойлойм.

"Азаттык": Макрондун артында таяна турган партиясы жок. “Алга” деген кыймыл кечээ эле түзүлгөн. Бул жагынан жаңы президентке башкаруу оңой болбосо керек?

Эммануэл Макрон
Эммануэл Макрон

Давид Гаузер: Ооба, абдан кыйын болмокчу. Себеби “Алга” деген уюшмасы партия эмес, кыймыл. Анын макамы башка бир саясий партиянын мүчөсү болуп, бир эле мезгилде кыймылга кирүүгө жол берет. Ошондуктан социалисттер же борборчул-солчул партиялардын айрым мүчөлөрү, ошондой эле республикачыл оңчул партияга кирген айрым кишилер “Алга” кыймылына кошула алышкан. Бирок салттуу партиялар – социалисттер менен республикачылар мындай кош мүчөлүккө каршы.

Эмки айга белгиленген парламенттик шайлоодон кийин ошол партиялар “Алга” кыймылы менен биргелешип башкаруу үчүн көпчүлүктү түзө алышабы же жокпу белгилүү болмокчу.

Шайлоого чейин, башкача айтканда 18-июнга дейре социалисттер бийликте кала берет. Макрондун кыймылы өлкө аймагындагы бардык шайлоо чөлкөмдөрүндө ат салышка талапкери чыгарын айтууда. Бирок экинчи айлампада кайсы бир күчтөрдүн биригүүсүнө күбө болушубуз мүмкүн.

“Алга” солчулдардын да, оңчулдардын да электоратын өзүнө тарта алышы керек. Эки жактын тең колдоосу болбосо, ийгиликке жетише албайт. Кыймылдын позициясы борборчул бойдон кала бермекчи.

Марин Ле Пен
Марин Ле Пен

"Азаттык": Макрон шайлоону жеңгени белгилүү болгондон кийин жактоочулары менен жолугушканда абдан көп жаштар жүрдү. Ал жаш муунду кантип тарта алды?

Давид Гаузер: Эммануэл Макрон 39 жашта. Демек жаштардын көйгөйлөрүн жакшы түшүнгөн киши. Жаштар анын жаңы саамалыктарга, жаңы нерселерге ачыктыгы алар күткөндөй натыйжа берет деп үмүттөнүшөт. Мисал келтире кетсем, Макрон жаңы байланыш технологиялары, стартап, жаңы кесиптик контракттар деген түшүнүктөрдү жактайт. Эски муундагы саясатчылардын көбү жаш муундан кыйла эле алыс болгондуктан, мунун бардыгын жакшы түшүнчү эмес же көңүл сыртында калтырып келишкен.

"Азаттык": Эми Макронго эң биринчи кезекте кандай маселелерди чечүүгө туура келет?

Давид Гаузер: Эң биринчи көйгөй – бул жумушсуздук. Азыр жумушсуздардын саны 4 миллионго жеткен. Буларга толук эмес жумушчу күн иштөөгө аргасыз болгон дагы 5 миллиондун тегерегиндеги кишини кошуу керек. 9-10 миллиондой франциялык жакырчылык көрсөткүчүнөн төмөн деңгээлде жан сактап келет. Алардын бардыгы кесиптик рынокко камтылган эмес.

Дагы бир нерсени белгилей кетүү зарыл. Макрондун ушунча добуш топтогонун дагы бир себеби – шайлоочулардын 25% экинчи турга катышкан жок. Дагы 9% актай бюллетень салып, талапкерлердин эч кимисине добуш берген жок. Булар жана Ле Пенге экинчи айлампада артыкчылык берген элдин 35 проценти начар жашаган француздар.

Макрон – бул ийгиликтүү, жаңы технологияларга, сырткы дүйнөгө, глобалдашууга ачык Франция. Ал эми майда мамлекеттик кызматкерлер, мугалим, догдурлар, маданият ишмерлери жана башка кесиптердин өкүлдөрү көңүл сыртында, четте калгандай. Жаңы президент ага добуш бербеген Франциянын ишенимине ээ болууга тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG