Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Францияны эң жаш президент башкарат


Сурамжылоонун жыйынтыктары телеканалдардан жарыяланган учур, 7-май 2017-жыл.
Сурамжылоонун жыйынтыктары телеканалдардан жарыяланган учур, 7-май 2017-жыл.

Францияда жекшембидеги президенттик шайлоодо борборчул талапкер Эммануэл Макрон жеңди.

39 жаштагы мурдагы экономика министри Эммануэл Макрон Франциянын алдыңкы беш жылдагы жаңы президенти болуп шайланды. BFMTV жана "Кантар паблик" сыяктуу бир катар сурамжылоо компанияларынын жыйынтыктары көрсөткөндөй, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында аны жалпы шайлоочулардын 65% ашыгы колдоду.

Атаандашы - 23-апрелдеги шайлоонун биринчи айлампасында экинчи келген ашкере оңчул Марин Ле Пенге шайлоочулардын 34% көбү добуш берди. Ле Пен жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында утулганын мойнуна алып, Макронду куттуктады. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болоору менен Париждеги тарапкерлеринин алдына чыгып, өзүнө добуш бергендерге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле шайлоо өнөктүгү маалында алга сүрөгөн идеялары үчүн күрөшө берерин айтты.

Марин Ле Пен
Марин Ле Пен

"Франция тарыхындагы жаңы барак"

Ле Пендин билдирүүсүнөн көп өтпөй Эммануэл Макрон да элге кайрылуу жасап, Франциянын тарыхында жаңы барак ачылганын, үмүт жана ишеним кайра жанданаарын белгиледи.

Францияда 1958-жылдан бери биринчи жолу эки салттуу партияга таандык эмес талапкер президенттик шайлоону жеңип чыкты.

Кызматтан кетип жаткан президент Франсуа Олланддын өкмөтүндө эки жылдай экономика министри болуп иштеген Эммануэл Макрон буга чейин бир да жолу шайлоого катышкан эмес. Ал өткөн жылы "Алга!" (En Marche!) аттуу прогрессивдүү кыймыл түптөп, 2017-жылдагы шайлоого катышаарын жарыялаган.

Европанын эң жаш лидерлеринин бири Макронго туш тараптан куттуктоолор келе баштады. Президент Франсуа Олланд Макрондун ишенимдүү жеңиши француз жарандарынын басымдуу бөлүгү республиканын баалуулуктарын колдогонун, алардын Европа Биримдигине берилгендигин көрсөткөнүн айтты.

Макрондун тарапкерлери
Макрондун тарапкерлери

Евробиримдик кубаттайт

Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер "француздар европалык келечекти тандаганына кубанып турганын" Твиттердеги барагына жазды. Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск да Макронду куттуктап, "Француз эли жалган маалыматтардын ордуна эркиндикти, теңчиликти жана достукту тандады" деп билдирди.

Макрондун атаандашы - Улуттук фронттун лидери 48 жаштагы Ле Пен мигранттарды сынга алганы менен белгилүү. Ал шайлоодо жеңсе өлкөнүн Европа биримдигиндеги мүчөлүгүн референдумга коерун билдирип, Брекситтен кийин Фрексит болот деп убада кылган.

Макрон болсо атаандашынан айырмаланып, Европа биримдигин, бирдиктүү валютаны колдоорун, ошентсе да уюм реформага муктаж экенин айткан.

Орусия жана хакердик чабуулдар

Ле Пен жана орус президенти Владимир Путин, Москва, 24-март 2017-жыл.
Ле Пен жана орус президенти Владимир Путин, Москва, 24-март 2017-жыл.

Ле Пен Орусиянын Крымды аннексиялашында мыйзамсыз эч нерсе көрбөстүгүн айтып, айрым маселелерде Москва менен стратегиялык байланышты бекемдерин билдирген. Шайлоо өнөктүгү маалында Орусияга барып, Владимир Путин баштаган бир катар жогорку бийликтеги саясатчылар менен жолугушкан.

Макрон болсо Орусиянын тышкы саясатын коркунучтуу деп мүнөздөп, Москвага киргизилген санкцияларды жактап келет. Анын штабы Орусияга байланышы бар хакерлердин чабуулуна кабылганын билдирген. Орус тарап муну четке каккан.

Шайлоонун экинчи айлампасына бир күн калганда да Макрондун штабы хакердик чабуулга кабылганы, бир канча гигабайттык маалыматтар уурдалганы белгилүү болду.

Алдыдагы сыноо

Макрон жубайы Брижит менен добушканада
Макрон жубайы Брижит менен добушканада

Айрым батыш маалымат каражаттары шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин Франция популисттик саясатчыларды четке какканын жазып чыкты. Бирок Макрон үчүн дагы бир сыноо алдыда турат. Макрон реформаларын ийгиликтүү ишке ашыруусу үчүн анын француз парламентинде бир дагы депутаты жок, "Алга!" кыймылы июнь айында өтүүчү парламенттик шайлоодо мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшү керек.

Францияда жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуш бергендердин саны мурдагыдан аз болду. Ички иштер министрлиги билдиргендей, жергиликтүү саат боюнча кечки бешке чейин шайлоочулардын 65% добуш берген. Бул көрсөткүч 2012-жылга (72%) салыштырмалуу 6%, 2007-жылга (75,1%) караганда 10% аз.

Макрондун жеке жашоосу да дүйнөлүк медианын көңүл борборунда турду. Ал 2007-жылы француз тилинен берген мурдагы мугалими, өзүнөн 24 жаш улуу Брижит Троньёге үйлөнгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG