Сириядан кайткан узак жол. “Тынч жашоого ыраазымын”
Нуриза эгер он жыл мурун Сирияга жол тартпаганда азыр балким кыргызстандык ишкер аялдардын катарында болуп, өзү бир кездери кыялданган тигүү цехин жетектеп отурмак. Бирок анын тагдыры 2014-жылы күтүүсүздөн таптакыр өзгөргөн. “Сириядан кайткан узак жол” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында бөтөн жерде кыйналып, Кыргызстанга кайтып келген дагы бир келиндин азыркы турмушу тууралуу баяндайбыз. Коопсуздук жана этикалык талаптарга ылайык, каарманыбыздын жүзү көрсөтүлбөйт, аты-жөнү өзгөртүлүп, сөздөрү кадр артынан берилет.
Шерине