Бишкек шаарынын тургуну Баймурат Эрназаров өпкөсү сезгенип, ооруп калган иниси Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда жан бергенин билдирди.
Маркумдун дене табы 22-июнда көтөрүлгөн. Адеп коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы менен абалы жеңилдеген эмес.
Мындан улам туугандары аны Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга, Чүй облустук ооруканасына алып барышканы менен бирөө да кабыл албай койгон.
«Төрт күндөн бери улам бир ооруканага ташып жаттым. Чүй облустук ооруканасы Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнө жиберишти. Инимдин дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, түшпөй жатты. Бир аз гана жөтөл болгон. "Тез жардам" кызматын чакырсак, алар келип тест алып кетишти. Анализдин жыйынтыгы "вирус жок" деп көрсөткөн, бирок инимдин эки өпкөсү кагынган экен. Шаар четиндеги дарыканалардын бирине барып, ийне сайдырдык. Дене табы түшпөй, абалы оорлошо берди. Күнү-түнү "Тез жардам" кызматына, 118 байланыш номуруна чалып аттык. Бири да келген жок. Айла кеткенде машинеге салып алып шаардагы ооруканаларды кыдырдык. Баары эле "дене табы жогору, кабыл албайбыз" деп киргизбей жатышты. Жалдырап, жардам сураганыма да карашкан жок. Акыры оорукананын оозунан үзүлүп кетти».
Каза тапкан Бекмурат Эрназаров 50 жашта болчу. Жакындарынын айтымында, маркум кайсы бир өнөкөт дарттан деле жабыркаган эмес. Ошондон улам алар өлүмдүн себебине түшүнө албай турушкан чагы.
«Тест "вирус жок" деп көргөздү. Дене табынын көтөрүлүп, өпкөсү кагынганы коронавирустун белгилерине окшош экен. Мен бир чети ПЧР тесттерге ишенбей калдым. Алар так аныктай албайт окшойт. Дарыгерлер болсо анализдин жыйынтыгына карап, жардам берет экен. Инимдин колундагы тесттин жыйынтыгын көрүп эле бизди киргизбей жатышты. Мен деле коронавирус болуп калды деп ойлобойм. Маселе бизди ооруканалар киргизбей койгондо болуп жатпайбы. Вирустан башка дарты бар адам жардамга жетпей эле өлө бериши керекпи? Мен ушул маселеге өкмөттүн көңүлүн буруп, маселенин чечилишин талап кылам. Бул окуя дагы жүздөгөн адамдын башына келиши мүмкүн», -дейт Баймурат Эрназаров.
Маркум Бекмурат Эрназаров эки ай мурда карантин башталган кезде Орусиядан кайтып келген экен.
«Эки баласы бар. Экөө тең Орусияда иштейт. Келинчеги Сүлүктүдө. Булар негизи ошол жакта турчу. Карантин башталганда Орусиядан кайтып келген. Бишкекте кырдаал оңолгуча деп батирде жашап жаткан. Бул жакка келип иш таба алган жок. Ал ооруп калган күндөрү баарыбыз бирден каттап жаттык. Кайнилери, инилери күнүгө ооруканаларга ташып жүрүштү. Эгер кырдаал өзгөрсө балким, кайра Орусиядагы ишине кайтмак".
Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча териштирүү жүргүзө турганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Эки өпкөсү тең кагынган (пневмония) Касым бир күн мурда төрт саат бою оорукананын эшигин каккылап отурганын, бирок аны эч ким кабыл албай койгонун билдирди.
Ага чейин эки жума мурда коронавируска тест тапшырып, анализи таза чыккан. Акыркы үч күндүн ичинде абалы кескин оорлошуп кеткен экен.
«Темир жол ооруканасына жиберишкен, бир нече саат бою эч ким кабыл албай, ооруканага кире албай жаттым. Алым кетип, дем алганым кыйындап жатат. Бейтапканалар "орун жок, киши көп" дешип, дары-дармек жазып беришти. Үйдөн дарылана турган болдум».
Бишкектин Ыкчам медицина борборунун (“Тез жардам”) жетекчиси Искендер Шаяхметовдун айтымында, адатта жай мезгилинде мындай диагноз менен кайрылгандар сейрек болчу экен.
«Пневмония менен ооругандар 24-июнда 57 болчу, 25-июнда 48 адам катталды. Биз өпкөсү кагынды деп жатабыз, бирок өлкөнүн башкы пульмонологу коронавирус болгондо ошентет деп айтып жатат.
Мурда адатта пневмония менен суткасына бир-эки, ашып кетсе үч киши катталчу. Жайында такыр жок болчу да! 1,5 ай мурда суткасына беш-алты учур каттала баштаганда ооруканаларда кошумча орундарды ачуу керектигин айтып, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылгам».
Ооруканалар толду
Бир аптадан бери социалдык тармактарда дене табы көтөрүлгөн жарандар 118 кызматына чалып, байланыша албай жатканын жазып жатышат.
Ал арада ооруканалар коронавирус илдетине чалдыккандарга толуп, элди жаткырууга орун калбай калганы айтылууда.
Социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында бул көрүнүшкө даттангандар арбын.
Бишкек шаарынын тургуну Миргүл үч күндөн бери жашы 70теги апасын ооруканага жаткыра албай жатканын айтып берди.
Бир апта мурда анын апасынан COVID-19 аныкталып, абалы оорлошо баштаган экен. Миргүл 118 ыкчам номуру да, “Тез жардам” кызматы да бир ооздон “бейтапканаларда орун жок” деп жооп бергенин белгиледи.
«Башында сасык тумоонун эле белгилери байкалган. Бара-бара дем алганы оорлошту. Эки күн мурда дене табы көтөрүлүп, анализ тапшырганбыз. Жыйынтыгы "коронавирус" деп чыкты. Азыр төшөктөн турбай жатат. Сүйлөгөнгө, отурганга дарманы жок. 118 номуру да, "Тез жардам" да “орун жок, ала албайбыз” деп жооп беришти. Апам түнү менен кыйналып чыкты. Ушинтип үйүмдө алып отуруп эле апамды жоготуп аламбы? Эмне үчүн мага окшогон адамдарды өкмөт, дарыгерлер карабай жатат? Азыр тааныш издеп, акча берип болсо да, ооруканга жаткырам деп чуркап жүрөм. Үйдө кичинекей балдарым да бар. Аларга жугуп, баарыбыз ооруп калсак эмне болот? Буга ким жооп берет? Мына азыр эле "Тез жардамга" чалсам, “кезекте 60чы болуп турасыңар” деп коюп койду».
Тилекке каршы, Миргүлдүн апасы ооруканага жетпей 27-июнда түшкө жуук кайтыш болду.
«118 иштейби?...»
25-июнда Жогорку Кеңештин сессиясында эл өкүлү Марлен Маматалиев саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге 118 түз байланышы иштебей жатканын айткан:
«Акчаны алып эле жатасыңар, бирок жыйынтык чыкпай эле күндөн-күнгө күчөп атат. Жөнөкөй эле уюштуруу маселеси, мына сиздин көзүңүзчө 118 номуруна чалып атам. Албайт, жооп бербейт. 103 номуруна чалсаң, алар келбейт. Ушундай маселелерди чечип койсоңор. Акча жок болсо бир жөн», - деген депутат.
Буга чейин 118 кызматы күнү-түнү иштөөгө өткөнү жана мурда төрт линия болсо, азыр анын саны онго көбөйтүлгөнү кабарланган.
Медицина тармагы боюнча адис Елена Баялинова азыркы кырдаалда ооруканаларда орун жетишсиздиги күтүлгөн нерсе болчу дейт.
«Министрлик буга чейин эле орун жетишсиздигин айтып келген. Ал эми пандемия башталганда өзгөчө абал мына ушул саламаттык сактоо системасынын чоң агымына даярдык көрүшү үчүн киргизилген. Бейтаптардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Менин пикиримде, министрлик жана республикалык штаб тарабынан вирус менен күрөшүүдө приоритеттер так коюлган эмес. Мисалы, мобилдик топ же бейтаптарды кабыл алуучу жайларды түзүү ишти кыйла жеңилдетмек. Азыр Саламаттык сактоо министрлиги аргасыздан оор бейтаптарга кошумча орундарды камдап отурат. Бирок мындай чара да жетишсиз. Себеби, мыйзам боюнча ар бир жаранга медициналык кызмат көрсөтүлүшү керек. Эгер андай болбосо, адам укугун түздөн-түз бузууга жатат».
Бишкекте коронавируска чалдыккандар алгач Республикалык инфекциялык ооруканасына жаткырылып жаткан, ал жакта орун жетишпегендиктен жана өпкөсүнөн кагынгандар көп болуп жаткандыктан, бейтаптар Фтизиатриялык борбордо, 6-ооруканада, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын ооруканасында даярдалган өзүнчө орундарга жана Кыргыз-түрк ооруканасына жаткырылууда.
Саламаттык сактоо министрлиги жалпы жонунан илдетти жугузуп алган бейтаптар үчүн 1821 орун бар экенин маалымдаган.
26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев дагы кошумча орундар түзүлүп жатканын айтты.
«26-июндан тартып Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы Курортология институтунда 300дөн ашуун орун ачылды. Мындан тышкары, Бишкектеги №1 оорукананын бир корпусу пневмония болгондорду кабыл алууга даярдалып жатат».
27-июнда Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери эң көп учур - 309 жаңы бейтап катталды. Бир күн мурда вирус 250 адамдан табылган. Ошол эле кезде коронавирустан сакайып кеткендердин көрсөткүчү күндөн-күнгө төмөндөп жатканын дарыгерлер моюнга алууда.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 26-июнда айыккандардын оору жуккандардын жалпы санына карата көрсөткүчүнүн деңгээли 51,4% болгон. Үч күн мурда 58,3%, ал эми беш күн мурда 63,8% болчу.
Өлкөдө COVID-19 илдети алгач 18-мартта катталган. Ошондон бери бул инфекция 4 миңден ашуун адамга жугуп, 46 адам каза болду.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.