Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

«Коронавирус жугузуп алып ара төрөдүм»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир жашка чейинки 49 ымыркайдан коронавирус аныкталды. Адистер жаңы төрөгөн келиндер менен ымыркайлардын саламаттыгы жана коопсуздугу маселесин көтөрүп жатышат.

29 жаштагы Айдана бир ай мурда Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарган. Андан аз күн мурда коронавирус жугузуп алган келин ай- күнүнө жетпей операция жолу менен көз жарган:

"Үйдөгүлөрдүн баары катары менен ооруп калышты. Болушунча коргонуп жүргөм. Бирок вирус мени кыйгап өтпөптүр. Бир нече күндөн кийин эле дене табым көтөрүлүп, төшөктөн турбай калдым. Бат эле арыктап кеттим. Дары-дармек ичкенден коркуп жата бердим. Бир нече күндөн кийин атайын кызматты чакырып, алар анализ алышты. Эки күндөн кийин вирус жугузуп алганым аныкталды. Мени "Тез жардам" менен ооруканага жеткиришип, өпкөмдү тарттырганыбызда, эки жагы тең кагынганы билинди. Вирус өпкөмдүн 65 пайызын иштен чыгарган экен. Дарыгерлер келип текшерип жатышты. Бирок алардын биринин да жүзүн көргөн жокмун. Анан операция жолу менен төрөшүм керектигин айтышып, ойлонгонго бир күн убакыт беришти. Алар мага коронавирустун дарысы жок, ВИЧке каршы дары беребиз деп түшүндүрүштү. Макул болуп, дарыланып калдым".

Ошентип, Айдана 33 аптада салмагы 1 килограмм 600 граммдык кызды жарыкка алып келди. Бул эненин экинчи төрөтү. Беш жылдан бери бала самаган келин оорунун айынан чүрпөсүн колуна алып эмизе албай калганына кейиди:

"Төрөгөндө эле ыйлаганын угуп, "чыйрак кыз турбайбы" деп ойлоп койдум. Мен күткөндөй көкүрөгүмө жаткырышкан жок. Колумдан ыйлаткан бойдон жулуп кеткендеги сезимдери айтып бере албайм. Ыйлап эле отуруп калдым. Бир күндөн кийин салмагы түшүп, кызымды ара төрөлгөндөрдүн бөлүмүнө жаткырышты. Ал ортодо өзүмдүн абалым оорлошуп, реанимацияга жатып калдым. Дарыгерлердин жардамы менен өзүмө келип, улам-улам анализ тапшырып жаттым. Баш-аягы беш анализ тапшырып, анын акыркы экөө таза чыкты. Кызым да эки жолу тапшырып, аныкын да таза дешти. Ушуга чейин баламды колума алып, эмизе элекмин. Сүтүмдү сааган сайын ыйлап жатам. "Аз күндөн кийин үйгө алып кетесиңер" дешти. Жолдошум экөөбүз чыдамсыздык менен күтүп отурабыз. Кечээ автобуста келатсам, кош бойлуу келин беткабы жок отуруптур. Чыдабай жанына барып, баштан өткөн окуямды айтып бердим. Ал сумкасындагы беткапты дароо тагып алып, рахматын айтып түшүп кетти. Өзүмдү жакшылап карасам ушундай болбойт беле деп кейип отурам".

Кош бойлуу жана жаңы төргөн келиндердин саламаттыгына болгон кошкөңүл мамилесин акушер-гинеколог Замира да ырастайт. Ал ошол эле кезде бала менен эненин жакындары да жоопкерчиликти сезбей жатканына нааразы:

"Биздин төрөт үйүндө бир күндө 30-40 аял көз жарат. Эми элестетип көрсөңүз, ошол аялдарды чыгарганы ар бирине 10-15 адам келет. Бир күндө короодо жүздөгөн адам жөн эле топтолуп турат. Шарик, жумшак оюнчуктарды алып келишет. Эки-үч күн мурда төрөп, организми калыбына келе элек аялдын жанына туруп алып сүрөткө түшүшөт, жаңы төрөлгөн ымыркайды көтөрүп, ары-бери басып, фотоссесия кылышат. Дээрлик эч кимисинде беткап жок. Түшүндүрөбүз, "коронавирус жуктурасыңар" десек, кайра бизди урушкандар да аз эмес. Күзөттө турган балдар короону жаап, киргизбегенге аракет кылса да зымды тешип кирип кетишет. Элде жоопкерчилик жок! Түшүнүп турабыз, бактылуу көз ирмем, ар бири кубанып сүрөткө түшүп, тосуп алгысы келет. Бирок жаңы көз жарган аялдын, баланын саламаттыгын деле ойлошпойбу".

Кыргызстанда коронавирус аныкталган 3726 адамдын 49у жашы бирге жете элек ымыркайлар. Ошондой эле ооруну жугузуп алган 600дөн ашык медициналык кызматкерлердин арасында төрөтканада иштеген дарыгерлер да бар.

Буга чейин Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылып, алардын ичинен 14 эне жана беш ымыркай вируска чалдыкканы коомчулукта кызуу талкууланган.

Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев жаңы көз жарган эне жана ымыркайдын иммунитети алсыз болорун белгилеп, аларды саламаттыгына көңүл бурууга чакырды.

Камчыбек Узакбаев.
Камчыбек Узакбаев.

"Кош бойлуу аялдардан да вирус аныкталган учурлар көбөйүп, бул алардын саламаттыгына таасир этип жатат. Ушул тапта бизден "эне сүтү аркылуу балага вирус жугабы?" деп көп сурашат. Илимий жактан аныкталып чыкты, эмизгенде вирус жукпайт. Бирок эне баласын эпидемиологиялык режимде гана эмизүүгө тийиш. Ошол эле кезде ымыркай вирусту жакындарынан жугузушу толук мүмкүн. Биз азыркы шартта эне менен баланы мурдагыдай ызы-чуу, шаан-шөкөт менен төрөтканадан чыгарууну токтоткула деп суранып жатабыз. Себеби, ошол учурда эне жана баланын иммунитети алсыз, калыбына келе элек болот. Аны курчаган жакындары вирусту жугузуп кетиши мүмкүн. Ошондой эле кош бойлуу аялдарга да айтып жатабыз. Түйүлдүктүн саламаттыгы энелерге көз каранды, өзгөчө үч айга чейин эненин ооруганы ага түздөн-түз таасирин тийгизет. Этибар албай жүрө бербей, өзүңөрдү коргоп, карагыла деп айтар элем".

24-июнга карата Кыргызстанда 4196 адамдын анализи алынып, алардын арасынан COVID-19 жуккан 207 адам катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 92 адам. Ош шаарында 43, Чүй облусунда 35, Ош облусунда 28, Нарын облусунда беш, Ысык-Көл облусунда эки жана Жалал-Абад, Талас облустарында бирден адам.

Бир суткада бул илдеттен бир адам каза тапты. Ал Оштогу облустар аралык ооруканада дарыланып жаткан 48 жаштагы бейтап.

Акыркы сутка ичинде коронавирус жугузуп алып дарыланып жаткан 28 бейтап айыгып, үйүнө чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG