Ал Адеп комиссиясынын чечими менен муфтияттын буйругунун негизинде иштен алынган. Видеокайрылууда имам мусулмандарга басым болуп жатканын айтып, президенттен дин эркиндигин коргоп берүүнү өтүнгөн.
32 жаштагы Фазлидин Парпиев 7-сентябрдагы жума кутбасы учурунда Өзбекстанда динзарларга, негизинен хижаб кийгендерге жана сакалчандарга басым жасалып жатканын сындаган. Анын алдында мамлекет башчыга видеокайрылуу жолдоп, өлкөдө диний ишеним эркиндигин орнотууну суранган. Ал күч органдары президенттин саясатына каршы иш жасап, Конституцияда жазылган диний эркиндиктерди чектеп жатканына кабатырлыгын билдирген.
Андан кийин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аны суракка алып, айткан сөзү үчүн коомчулуктан кечирим сурашын талап кылган.
Видеокайрылуу Парпиевдин "Фейсбук" баракчасына чыккандан бир күн өтпөй муфтият аны иштен бошоткон:
- Мен эмнени каалап турсам ошонун баарын айттым. Менин милдетим чындыкты элге жеткирүү жана бул милдетти аткардым. Эч кандай мыйзам бузганым жок. Мени эл алдына чыгып сүйлөө укугумдан ажыратып коюшту. Андыктан мындан кийин эч кандай кайрылуу жасай албайм.
Ошондой эле Парпиев атасына жогорку жактан коркутуулар болуп жатканын, мындан улам коомчулукка кайрылуу жасабай турганына атасына убада берип койгонун айтты.
Имамдын видеокайрылуусунда өзбек коомчулугунда акыркы күндөрү нааразычылык жараткан окуучулардын мектепке жоолук салынып барышына катуу чектөөлөр болуп жатканы айтылган. Видеокайрылуу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. 20 мүнөттүк видео кайрылууда Парпиев өзбек президенти Шавхад Мирзиёевге ишенерин айтып, андан өзбек элинин диний эркиндигин коргоп берүүсүн суранган.
Фазлиддин Парпиев 2011-жылы Сауд Арабиянын Мадина шаарындагы Ислам университетин аяктаган. Андан соң 2016-жылы Ташкенттеги Имам Бухари атындагы ислам институтун бүтүргөн. Ал эми “Омина” мечитинин имамы болуп бир ай мурда дайындалган.
Динге байланыштуу пикирин айткандарга чара көрүү өткөн айда Ташкент жана Кокон шаарларында да орун алды. Анда дин темасында жазып жүргөн кеминде беш блогер кармалып, административдик жазага тартылган.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы расмий түшүндүрмөсүндө блогерлер "милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбегени жана каршылык көрсөткөнү үчүн" айыптуу деп табылганын айткан болчу. Алар 10-15 суткага чейин камалган.
Алардын бири блогер Шакир Шариповго укук коргоо кызматкерлери "Фейсбук" баракчасында жазган билдирүүсү боюнча суракка алышканы кабарланды.
"Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын кабарчысы Сирожидин Талибов алар Өзбекстандагы социалдык темаларды жазып жүргөн блогерлер катары коомчулукка белгилүү адамдар экендигин айтты:
- Административдик жазага тартылган блогерлер Өзбекстандын социалдык тармактарында аябай попуярдуу. Алар өз баракчаларына диний жана социалдык темаларды блог түрүндө жазып, байма-бай жайгаштырып турчу. Аларды динчил деп койсок да болот. Акыркы убакта алар өкмөттүн "окуучу кыздарга мектепке жоолук салынып баруусуна тыюу салган" буйругун кескин сындап жазган блогдорун жарыялаган болчу.
Мындай ачык пикирлерден улам өзбек бийлиги өзүнө жакпаган интернет сайттарды жапмак болду. Өзбекстан өкмөтү кабыл алган жаңы токтомго ылайык, майзамда тыюу салынган маалыматтарды жайылткан сайттардын ишине жана блогдорго соттун чечими жок эле бөгөт коюлат.
Өкмөттүн интернет сайттарга бөгөт коюу чечими тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлигинин маалымат кызматы өзүнүн "Телеграм" каналына жазды. Эми өлкө аймагында тыюу салынган маалыматтарды жайган блогдор менен сайттардын тизмеси жакынкы күндөрү түзүлөрү күтүлүүдө.
Бирок расмий Ташкент бийликке жакпаган сайттарга атайын бөгөт коюлат деген маалыматтарды четке кагып келет.