Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Түркиядагы студенттердин түйшүктүү абалы


Стамбул, Түркия. 23-март, 2020-жыл.
Стамбул, Түркия. 23-март, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынан улам Түркиядагы бардык жогорку окуу жайлары жайга чейин аралыктан билим берүүгө өткөн. Айрым университеттердин жатаканалары толук жабылган. Түркияда эки миңге жакын кыргызстандык билим алат.

Мээрим Стамбул университетинин азык-түлүк инженериясы бөлүмүндө докторантурада билим алат. Ал окуусу жана жашаган жатаканасы үчүн акчаны өзү төлөйт.

Мээрим курбусу менен менчик жатаканада жашап, окуудан тышкары дүкөндө сатуучу болуп иштечү. Бирок Түркияда коронавирус пандемиясынан улам бардык соода борборлору жана коомдук жайлар жабылгандыктан Мээрим азыр жатаканасынан чыкпай отурат. Ал эч бир мекемеден стипендия албагандыктан жатаканада акчасын үнөмдөп жашоого мажбур болгонун айтты:

«Коронавирус башталгандан бери жашообуз оор болуп калды. Жатакананын бөлмөсүнө тамак даярдай турган меш алып кирүүгө болбойт. Биз кыйналганыбыздан курбум менен тоого чыкканда колдонулчу кичинекей газ плита алганбыз. Бир маал картөшкө кууруп жейбиз. Бирок муну жатакананын администрациясы билип калса бизге айып салат. Айла жок, эч кимге көрсөтпөй оокат кылып жатабыз».

Түркиянын жогорку окуу жайларында 155 миңге жакын чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын эки миңге жакыны кыргызстандык. Дүйнөнү курчаган коронавирустун алдын алуу максатында Түркиянын Жогорку окуу жайлар мекемеси жайга чейин университеттеги билим алуу аралыктан болорун маалымдаган. Ушундан улам жергиликтүү студенттер үйлөрүнө кетип, ал эми Кыргызстанга кайткысы келген студенттер аба каттамы токтогондуктан мекенине кете албай калышкан.

Түркиянын Самсун шаарында жайгашкан 19-май университетинин коммуникация факультетинин 2-курсунун студенти Рысбек Ысманов бул жактагы студенттердин абалын социалдык тармактарда чагылдырып жүрөт. Жаш активист өзгөчө өз чөнтөгүнөн билим алган айрым кыргызстандык студенттер жатаканасыз, акчасыз ара жолдо калганын баса белгиледи:

Рысбек Ысманов.
Рысбек Ысманов.

«Учурда 150гө жакын кыргыз студент «Кыргызстанга кетүүгө даярбыз» деп атайын каттам күтүп турат. Жакында эле Казакстандын Анкарадагы элчилиги 300 казак студентти мекенине алып кетти. Биз деле социалдык тармактар аркылуу кыргыз өкмөтүнө, элчиликке, тийиштүү министрликтерге кайрылып жатабыз. Бирок биздин үнүбүздү эч ким уккан жок. Өз чөнтөгүнөн акы төлөп билим алган студенттерге өзгөчө кыйын болду. Жатаканалар карантинге жабылып калган. Арзан мейманканаларда жашагандар бар. Аларга айрым түрк, кыргыз ишкерлер материалдык жардам көрсөтпөсө, чынында эле көчөдө калчудай».

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 4-апрелде мекенине кетүүнү көздөгөн 335 адам тизмеге алынганын кабарлады. Элчи бул тизмеге жараша Түркиядан Кыргызстанга атайын чартердик каттам каралып жатканын айтты.

Кыргызстандык студенттер Түркиянын 120дан ашык университетинде билим алышат. Мамлекеттик «Түркия стипендиялары» программасы аркылуу келгендер менен катар жеке менчик университетте окугандар да бар.

«Түркия стипендиялары» программасынын координатору Абдуллах Эрен «Фейсбуктагы» баракчасына бул программа аркылуу келип билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин стипендиялары өз убагында берилип, жатаканалары төлөнүп жатканын жазды.

Кония шаарындагы Селчук университетинин магистранты Асел Акматалиева да «Түркия стипендиялары» программасы менен келген. Учурда ал карантинге карабай билим алуу дистанттык негизде толугу менен уланып жатканын айтып берди:

«Азыр чет өлкөлүк студенттин баары бир жатаканага чогулдук. Тамак-ашыбыз мурдагыдай эле берилип жатат. Сыртка себепсиз чыгууга гана тыюу салынган. Биз болсо аралыктан билим алып, айрым онлайн курстарга катышып, чет тилин үйрөнүп, убактыбызды пайдалуу өткөргөнгө аракет кылып жатабыз».

Анкара шаарындагы ТЕД университетинин инженерия факультетинин доценти Мирбек Турдуев кыргызстандык студенттердин мындай кырдаалда мекенге кайтуусу кооптуу экенин эске салды:

«Мен эки жумадан бери студенттериме дистанттык негизде сабак өтүп жатам. Азыркы учурда студенттердин Түркияда же Кыргызстанда аралыктан билим алышында бир тоскоолдук болбойт. Бирок Кыргызстанга кетип баратканда же учактан же аэропорттон коронавирус жугузуп алышы мүмкүн. Кыргыз студенттердин мекенге кайтуу аракеттерин колдобойт элем».

4-апрелден тартып Түркияда коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында 20 жашка толо элек адамдарга жана 65 жаштан улууларга көчөгө чыгууга тыюу салынды. Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылган.

Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу чоң шаарларга автоунаалардын кириши токтогон. Түркияда авиакомпаниялар эл аралык жана жергиликтүү аба каттамдарын 20-апрелге чейин толугу менен токтоткон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG