Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:39

Эл үнү: Суранам, мекенге алып кеткилечи...


“Азаттык” радиосунун Инстаграм баракчасына чет жактагы мигранттардан да көп сандагы кайрылуулар келип түштү. Алардын айрымдарына орун беребиз.

Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттарында жашаган мекендештер карантин маалында кыйналып жатышканын, өз мекенине кайтууга шарт түзүп берүүнү "Азаттык" радиосу аркылуу кыргыз бийлигинен суранышат.

Түркияда кыйналгандар

Анталия шаарында кары-картаңдарды багып иштеп жүргөн 56 жаштагы Гүлүмкан:

- Урматтуу Ак үйдө иштеген биздин аткаминерлер, депутаттар. Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби, биз Түркиянын Анталия шаарында иштеп жүргөнбүз. Азыр абал аябай оорлоп кетти. Иштеп жаткан жумушубуздан да айрылдык. Себеби, "карыяларды эми өзүбүз эле багабыз" дешип, бизди сыртка чыгарып коюшту. Ден соолугум да начарлап, түнкүсүн уктай албай калдым, жүрөгүм, бутум ооруп жатат.

Сиздерден көптөн көп суранарым, бизге атайын учак жиберип алып кетиңиздерчи. Кан басымым көтөрүлүп, жүрөгүм чыдатпай калды. Бул жакка карыздын айынан келгенбиз, акча табалы, карыздан кутулалы деген ойдо. Кыргызстанда жумуш болсо эмнеге жалдырайт элек? Жумуш да жок, айлабыз кеткенде кичине карыздан кутулайын деп келген элем.

Мартта эле кайра кайтмакмын, минтип баары жабылып калды. Эми качан кетеримди билбейм, билетимдин да акчасы жок. Менин деле жашым оңой эмес, 56га чыгып калдым, президентибизден, депутаттардан суранам, бизди угуп койгулачы.

Түркияда жана Түндүк Кипрде жашаган кыргызстандыктар кат түрүндө да кайрылуу жолдошкон.

- Урматтуу Сооронбай Шарипович, Мухаммедкалый Дүйшекеевич, Дастан Артистбекович!

Биз Түркия менен Түндүк Кипрде жашап, иштеп, билим алып жатабыз. Азыркы оор кырдаалда бизге жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Бул жакта бардык окуу жайлар жабылып, жумуш токтоду. Азык-түлүк кымбаттап, кээ бир жатаканалар карантинге жабылды. Студенттерди чыгарып жатышат. Күндөн күнгө каражатыбыз түгөнүп, батир акысын төлөй албай калдык. Абалыбыз оор. Мекенибизге өз алдынча кайталы десек, бардык авиакаттамдар токтоп, аэропорттор жабылып калыптыр.

Биз жарандарыбыздын тизмесин түзүп, элчиликке бир нече жолу кайрылып, алып кеткиле деп суранганбыз. Бирок жооп болбой жатат. Ушул маселени чечип бериңиздер. Биз 300гө жакын адамбыз. Арабызда жаш балдар, жашы 60, 70, 80деги апалар да бар.

Март айында Анталияга мейманга барып, кайра кайта албай калган 80 жаштагы Айчүрөк байбиче да кыргыз бийлигине кайрылды:

- Айланайын балдарым, кыздарым, менин жашым сексенде. Анталияга жээн кыздарыма эки неберем менен айылчылап келип, карантиндин айынан кете албай калып калдым. Мени алып кеткиле деп суранат элем. Кыздарым, кичинекей неберелерим болуп алтообуз келген элек. Эң кичинеси беште. Ушунча жашка чыккыча элден эч нерсе суранган эмес элем. Ушундай башка кыйынчылык түшкөндө жардам берсеңер экен деп ойлонуп жатам.

Түркияда иштеген Назик Орунбекова “Азаттык” аркылуу президентке жана кыргыз бийлигине кайрылды:

- Урматтуу Сооронбай Шарипович жана Жогорку Кеңештин депутаттары!

Биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби, жаңы чыккан коронавирустун айынан дүйнө азыр абдан кооптонуп жатканын билебиз. Ар ким өз мамлекетин коруганга укуктуу, аны да түшүнүп турабыз. Биздин эл аябай аз, ошол үчүн коопсуздук чараларын күчөткөнүңөрдү да туура экенин баамдап жатабыз.

Бирок чет жактагы мигранттарды деле ойлоп коюңуздарчы. Бул жакта акчасыз, ишсиз, үйсүз калдык. Иштейбиз деп келген элек, жумуштун баары жабылды. Учактар каттабай, билеттерибиз күйүп, орто жолдо калып калдык. Биздин да үй бүлөбүз бар, бала чакабыз, ата-энебиз бар. Биз да өз өлкөбүздө болгубуз келет, бизди бөтөн жерге таштабагылачы, суранабыз!

Түркияга январь айында жумуш менен барып, кайта албай калган Мээрим аттуу айым азыр беш айлык кош бойлуу.

- Сураныч мени дагы учуп кетчү кыргыздардын тизмегине кошуп коюңуздарчы. Беш айлык боюмда бар, жатканга жайым жок. Бөйрөгүм ооруп, УЗИге түшсөм, бала чоңойгон сайын бир бөйрөгүм жарабай бара жатыптыр. 17-апрелде визам бүтөт. Бир жарым жашта балам да бар, ал азыр Кыргызстанда, мени сагынып куса болуп жатыптыр.

Элчилик, консулдуктун байланыш номурларына чалсак, бирөө да албай жатат. Ичим күндөн күнгө чоңоюп, аябай кыйналдым. Кайсы жакта төрөйм? Сураныч аман-эсен мамлекетиме, үй бүлөмө барып алуума жардам бериңиздерчи. Мен сыяктуу кыйналгандар Түркияда аябай көп, бир эженин сегиз айлык боюнда бар, инсульт болуп калгандар да бар.

Айласы кеткен мигранттар

Орусиядагы эмгек мигранттарынын башкы көйгөйү да мекенге кайтуу болууда. Екатеринбургдан кайрылган, атын атагысы келбеген айым, эки күн мурда агасы курулушта кайтыш болуп калганын, анын сөөгүн Кыргызстанга алып кете албай жатышканын айтып, жардам сурады:

“Биз Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болобуз. Екатеринбург шаарында иштейбиз. Менин бир тууган байкем Кыргызстандан бизге келип, убактылуу курулуш жагында иштеп жатканына бир ай боло элек эле. Эки күн мурда аны кирпич басып калып, кайтыш болду. Азыр анын сөөгүн моргдон алуу боюнча бардык документтерди даярдап жатабыз. Бирок Кыргызстанга кантип алып кетерибизди билбей жатабыз.Такси жалдайлы десек, бир да машине макул болбой койду. Себеби жолдор жабык, чек аралардан өтө албайбыз деп жатышат. Кандай кылсак болот?”

"Азаттык" радиосу Миграция кызматы менен Тышкы иштер министрлигине кайрылып, жооп ала албады.

Москванын «Шереметьево» аэропортунан Кыргызстанга уча албай жаткан мекендештердин кайрылуусу. Видео кайрылуу "Эл үнү" программасына 4-апрелде келген.

Москвада аэропортто турган мекендештердин кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Москвадан Элина Нурланбекованын кайрылуусу:

- Мен жети айлык кош бойлуумун. Акчабыз жок калды, суранам жардам бергилечи. Москвада жашаган батирибиздин акчасын төлөй албай, эми эки күндө чыккыла деп жатышат. Документтерибизди алып коюшту. Каттообуз да бүтүп калган. Кимге, кайда барабыз? Ичим аябай ооруп да жатат. Жегенге наныбыз да калбай калды.

Москвадан Алтынай Мамасадыкова да "Эл үнүнө " кайрылып, буларды айтты:

- Азыр бизге элчиликтин жардамы жок, башка уюмдар көмөк көрсөтүп жатышат. Кыргызстандыктар азыр ушундай бейөкмөт топтор каржылап, күнүнө 200 рублдан төлөп, хостелдерде жашап жатышат. Шарты жоктор алтымыштай адам. Алардын арасында оорукчандары бар, кош бойлуулар да бар. Кыргыз бийлигинен ошолорду мекенге алып кетишин суранмакмын. Москвада иштеген жеке эле кыргыздар эмес, тажик, өзбектердин деле медициналык камсыздандыруусу жок.

Эртеңки күндө ооруп калсак, бизге эч ким жардам бербейт. Кокус өлүп калышса, коронавирусту жуктуруп алышса эч жактан дарылана алышпайт. Өлүгүн жеткирүү да мүмкүн эмес. Биздин президент бизге жардам берсе, Орусиядагы мигранттарды алып кетишсе. Коронавирус жукса деле мигранттар өз мекенине барып дарылангысы келет. Ал тургай дарыланууга акча деле төлөп беришмек. Эптеп бизди алып кетиңиздерчи.

Орусияда иштеп жүргөн Акыл Курманбек уулу паспортунун мөөнөтү бүтүп баратканын айтып, кеңеш сурады:

“Мен 13-апрелге билет алганмын. Бирок аны майга жылдырып коюшту. Паспортумдун мөөнөтү 29-апрелде бүтөт. Азыр карантинге байланыштуу көчөгө чыга албай жатабыз. Мени Кыргызстанга мөөнөтү өткөн паспорт менен киргизе береби? Консулдук, элчиликке байланышуу мүмкүн болбой жатат.”

"Азаттык" радиосу Калкты электрондук каттоо борбору менен байланышып, жума ичинде Акылдын суроосуна жооп алып берүүгө аракеттенет.

Дубайдан келген кайрылуулар

“Азаттык” радиосунун Инстаграмдагы @azattyk.kg баракчасына күнүгө жүздөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Дубай шаарында жумушсуз калган мигранттардан да бир нече кайрылуу келди. Атын атагысы келбеген кыргызстандыктар президенттен, бийликтен аларды да алып чыгып кетүүнү өтүнүп жатышат.

Ал эми Орусиядагы айрым кыргыз диаспоралары Самара, Тольятти шаарларында окуган студенттерге азык-түлүк жеткирип беришти. Москвадагы ишкер кыргызстандыктар ара жолдо калган мекендештерин убактылуу мейманканага жайгаштырып, жардам берип жатышат.​

Мекендештердин жардамы унутулбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

"Азаттык" радиосунун социалдык тармактагы баракчаларына күнүгө жүздөгөн кайрылуу түшүп жатат. Кайрылууңуздун алдына аты-жөнүңүздү, телефон номуруңузду калтырганды унутпаңыз.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG