Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:33

«Коронавирус жуккандар менен чогуу дарыландым»


Коронавируска тест тапшырып жаткан аял. Орусия.
Коронавируска тест тапшырып жаткан аял. Орусия.

Москвада коронавируска шек саналып, ооруканада дарыланып чыккан кыргызстандык келиндин баяны.

Орусиянын аймагында коронавирус жуктуруп алган кыргыз жарандары тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Март айынын соңунда 34 жаштагы кыргызстандык Айжамал (аты өзгөртүлдү) дем алуу органдарынын вирустук инфекциясы деген диагноз менен Москвадагы ооруканалардын бирине жатып чыккан.

"Эки айдан бери эле ден cоолугум начарлап, жакшы боло албай жүргөм. Температурам көтөрүлүп, жөтөлүп жаткам. Бирок жатып албай, ишке барып жүрдүм. Байкасам, ичкен дарыларым таасир этпей калды. Алым кетти. Рентгенге түшөйүн деп бейтапканага бардым. Ошол жерден «пневмония» дешип, "Тез жардам" чакырып, ооруканага жеткиришти.

Мен Москвада жакшы карайт, бизге караганда медицинасы өнүккөн, талап күчтүү деп ойлочумун. Көрсө, андай деле эмес экен.

Барганда эле экспресс-тест менен коронавируска анализ тапшырдым. Палатага жаткырышты. Анализдердин жыйынтыгын жети күн күттүм. Бул арада үч жолу анализ алышты. «Тест тапшыргандар көп, лабораториялар жетишпей жатат, ошон үчүн кечигет» деп эле жооп берип жатышты.

Ооруканада "орун жок" деп, төрөткананын палатасына жаткырып коюшкан. Биринчи күнү улгайган бир аял менен жаттым. Кийинки түнү эле ызы-чуу түшүп, аны башка жакка которуп кетишти. Маани берген эмесмин. Андан коронавирус аныкталганын кийин уктум. Эртеси дагы бир аялды жаныма жаткырышты. Төртүнчү күнү андан да коронавирус аныкталып, аны да башка жакка которушту.

Мен ошондо кооптоно баштадым. Жеке тазалыгыма, гигиенама канчалык көңүл бурсам да, алар менен бир бөлмөдө, бир абадан дем алып жаттым да. Ошол жерде иштеген догдурлар, медайымдар медициналык колкап, беткап кийбей жүрүшкөнүн көрдүм. Эч кандай антисептик, дезинфекциялык каражаттарды колдонушкан жок. Жанымда жаткан аялдарга биринчи укол сайып, анан мага да сайып жатышкан. Эч бир суроомо алгылыктуу жооп беришпеди.

Өзүң чоочун элде, бөтөн жерде жүрсөң, бир нерсени деле талап кыла албайт экенсиң. Эки адамдан кийин дагы дезинфекциялашкан жок. Санитар аял кадимкидей эле келип, полун жууп, столду сүртүмүш болуп кетти. Бизге коридорго чыкканга да уруксат бербей жатышкан. Ошондо гана "догдурга жолугам" деп чуу көтөрдүм. Ал бир саатта бошоду. Арыз-муңумду уккандан кийин гана мени коридорго отургузуп коюшуп, палатаны атайын аппарат, каражаттар менен тазалашты.

"Эки жумага карантинде болосуң, палатаңа эч кимди жаткырбайбыз" дешкен. Ошол эле түнү палатага абалы оор кемпирди алып келишти. Кийимимди чогултуп, дароо эле атып эле чыктым. Ызы-чуу салып, анализдеримди талап кылдым. Анан кагаздарды көтөрүп келишип, «таза» экенсиң дешти. Мен кагаздарымды териштирип жүргөн төрт сааттай убакыт ичинде тиги кемпирди карап да коюшкан жок.

«Жаш экенсиң, ооруканага жатпай эле койбойт белең. Чет жакта саякаттап жүрүп, вирусту алып келген орусиялыктардын 70-80 пайызы үйүндө эле дарыланып жатат» деп мага башында эле айтышкан. Бул окуядан кийин менде мигранттарды дарылашпайт тура деген ой кетти».

Атын өзгөртүп коюуну суранган мекендеш коронавируска тапшырган эки тести таза чыккан соң эки жумалык обочолонуу режимин сактоо милдеттенмеси менен 5-апрелде үйүнө чыгып кеткен.

Орусияда 750 миңдей кыргызстандык бар, алардын жарымынан көбү Москва шаарында. Чек аралар жабылып, аба жана темир жол каттамдары токтотулганы үчүн март айынын ичинде 10 миңдей мигрант гана Кыргызстанга чыгып кетүүгө жетишкен.

Бир нече жумадан бери Новосибирскидеги аэропортто 150дөй жаран, Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарында 130дай жаран жана Москвада 100дөй жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенге алып кетүүнү суранып турушат.

Орусияда абалга байланыштуу апрелдин аягына чейин эс алуу күндөрү жарыяланып, чет өлкөлүк мигранттардын 70-80 пайызы жумушсуз калышты.

Мындай абал бир эле кыргызстандыктарга тиешелүү эмес. Москвадагы "Домодедово" аэропортунда бир апта жашагандан кийин 31-мартта күч менен менен куулган тажик мигранттарын учурда Орусияда орун-очок тапкан мекендештери багып жатат.

Москавадагы тажик укук коргоочу Каримдан Еров Москвадан чыгып кете албаган мигранттар катаал жазага кириптер болушу мүмкүн экенин эскертип, Миграция борборуна барып, Орусияда жашоо мөөнөтүн 90 күнгө узартып алууну эскертүүдө.

Бирок азыр коронавирустан улам Миграция борборлору да жабык турат.

Орусияда 6-апрелде коронавирус 954 кишиден аныкталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 6343кө жетти. Анын ичинен 406 адам оорудан айыгып чыкса, 52 киши көз жумду. Ыкчам штабдын маалыматы боюнча өпкөнү сезгенткен вирус 80 аймакта катталып, 700 миң киши коронавируска тесттен өттү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG