Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Депутат Түлөбаев өлкөнү газдаштыруунун альтернативдүү жолдорун кароону сунуштады


Бишкектеги ыш. 25-декабрь, 2024-жыл.
Бишкектеги ыш. 25-декабрь, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Бишкектеги ыш маселесин чечүү үчүн Кара-Кече көмүрүн колдонууга тыюу салып, газдаштыруунун альтернативдүү жолун кароону сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 20-январда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында айтты.

"Үч жол менен ыш маселесин чечсе болот. Кара-Кече көмүрүн алып киргенге уруксат бербей, шаардын төрт районуна Казакстандын зыяны жок отунун алып келгенге кампа куруш керек. Бул 30-40% ышты азайтат. Машиналарга катализатор койдуруу керек. "Газпромдон" кышкы тариф коюп берүү тууралуу сүйлөшүү керек, ошондо газдаштырууга шыгырап өтүп беребиз. Андай болбосо өкмөт "Газпромдон" башка газ алып келе турган компаниялар менен сүйлөшүү керек. Түркмөнстан, Иран, Өзбекстан, Азербайжан менен сүйлөшөлү", - деди эл өкүлү.

Өткөн аптада жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова "Альянс" жана "Ыйман нуру" фракциялары биргелешип өткөргөн жыйында абанын булганышынын негизги себептери катары Бишкектеги конуштарда калориясы төмөн көмүр, акыр-чикир жагылып жатканын белгилеген. Анын айтымында, аймактык реформадан кийин Бишкектин конуштары 47ден 99га көбөйгөн. Раимкулова маселени чечүүнүн жолу катары конуштарды газдаштырууну атаган.

Бишкек шаарында жалпысынан 157 миңден ашуун турак үй болсо, анын 30% жакыны газдаштырылганын Бишкек мэринин орун басары Талайбек Байгазиев ушул эле жыйында айткан.

Буга чейин “Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек шаары менен Чүй облусундагы 47 калктуу конуш газдаштырылганын билдирген.

Дүйнөдөгү абанын сапатын изилдеген IQAir сайтынын маалыматы боюнча, Бишкек бир канча жылдан бери абасы булганыч шаарлардын катарында.

Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаар тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG