Өкмөттүн акчасын жөн эле алып жүрө бербей колхоз чарбасына жардам кылсын, азык-түлүк кайдан келгенин билип жүрсүн дегениби же чын эле кол күчү жетишпейби, ишке жарамдууларды сүрүлтүп кара жумушка айдашчу.
Бейшебай Усубалиевдин "Баягылар" баянында колхозго жардамга барган илим адамдары сүрөттөлгөн.
Арноо
Аңгеме Мурза Гапаровго арналган. Бул жалгандан көчүп кетерин билгенсип даркан жазуучу:
"... Кош бол эми Ала-Тоо – Кыргыз атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам...
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми Ата Журт ...
Кучагыңды кучактап ... эркин жатам ..." деп жазып кеткен экен.
Ошентип "Баягылар" - айылга жумушка жиберилген университеттин аспиранттары, лаборанттары, мугалимдери, илимий даражасы, жогортон кийлигишип кара жумуштан алып калары жоктор. Бир жарым ай катуу иштешти. Чарчашты. Чөп чабышты. Болгондо да токойдун ичинен. Топ-топ болуп иштешти. Математик менен физиктер, химик менен биологдору өздөрүнчө бөлүнүп кетип тарыхчылар менен филологдор калышкан.
Шаардан келген жардамчылар колхоз чоңдорун кубантчу бекер жумушчу күчтөр. Айрыкча буларга бригадир жакын. Филологдор менен тарыхчылар бир бригада. Ушинтип эле факультет-факультет болуп бөлүнүп кетишип, сүйлөөктөр өзүнчө калышыптыр. Шаардан автобус-автобус кылып бекер иштеп берчүлөрдү айылга алып келип контордун алдына токтогондо бригадир кубанычын жашыра албай "баягы эле ишиңер" деп жиберди. Анысы беркилерге дайын болчу.
"Анткени баягыдай эле ... дегенин баары тең жакшы билишет да. Эки солду тартышкан соң, бактын көлөкөсүндө жөн отура берген, же солуп жата берген уят да. Кичине болсо да, душман көзүнө көрүнүшүң, кыймылдамыш болуп турушуң керек да. Ооба, кыймылдашат. Топ-топко бөлүнүшөт да, челкилдеше башташат. Челкилдешкени ушул – карта ойношот. Убакыт зымырайт, буларга анын зымырап жатканы сезилип да койбойт. Качан гана чалгы чыңагычтын эшеги айкыра баштаганда, кара филолог (бул – олбурлуу киши, ошон үчүн курсагы тез ачса керек) селт этип:
– Балдар, токтоткула картаңарды. Эшек айкыра баштады, тамак ичер маал болду окшойт, – дейт да, ордунан ыргып турат.
– Эшегиңди!... – дейт оюндун кызуусуна жаңы эле кирип бараткан, көзү тостойгон филолог кыжына. – Жаңы бүйүрүм кызып келатканда... Айкырып... Ушул үчүн эшек да!..
Кызык, ушул маалда ар жактагы бактын түбүндөгү чоң ташка кыңкайып, же тирүү экени, же өлүү экени белгисиз, козголбой жаткан тарыхчы-аспирантка да жан кирет десең:
– Кандайча тамак ичээр!.. – дейт ал саатын карап элеңдей. – Дагы беш мүнөт бар да. Эшегиңер туура эмес…
– Эшектики туптуура! – дейт аны толук сүйлөтпөй, бери жактагы карта десе жантыгынан жата калган жаш филолог.
– Эшектер өмүрү жаңылбайт, алар туптуура айкырышат. А сенин саатың дайыма туура эмес, дайыма беш мүнөт артта калат".
Кара жумуштан эмес карта чаап отуруудан чарчагандар тамак ичкенге жөнөп калышат.
Убакыт
Убакыт ушинтип өтөт. Моюнунан байлаган ит ууга жарабасын баары билет. Шаардан келгендер айылдын жумушун жарытып иштебесин, эптеп күн өткөрүшөрүн буларга чоң болуп келген университеттин өкүлү деле билет. Ал өзү убакты-саатын башкарма менен өткөрөт. Башкарма башчыны аябай сыйлайт, эртеңки күнү таанышын ээрчитип анын алдына барат, тигил окууга өтүшкө жардам кылат. Ушундай, баары байланышкан. Анан ошол башчы бир күнү буларды тизип алып чөп чаппай эле карта чаап отурушканын ректоратка билдирип, иштен айдатарын айтып, каарын төгө баштады эле толук тарыхчы тигиге асылып кирбеспи:
" – Сен кайсы арыңа чыкчырыласың, ыя?! Болуптур, отузунчу жылдардагы комсомолдор деп эптеп кандидаттыгыңды жактап алдың. Эмне, ушунуңа мактанасыңбы?! А баягыңды билесиңби, Пётр биринчи ким десе, Пётр биринчи социалисттик революциянын негиздөөчүсү деп ГОСто шерменде болбодуң беле... Биз деле кишибиз, кечигебиз, үй-бүлөбүз, балабыз бар дегендей. Балдардын энеси бар дегендей. Анан...".
Эл дымый түшүп, анан кыраан-каткы болушкан. Тиги болсо, колун шилтеп басып кеткен. Ошондон бери текшергенин койду. Өзү менен өзү. Анын катыгын берген тарыхчы ошондон бери дердейип жүрөт. Кадыр-барктуу. Өзү болсо жетекчи курбалдашын кийинчерээк мактап калчу болду: "Эси бар да!.. Бир айттым эле, ошондон бери тизгинин тартты да койду. Акылы бар да..."
Картанын акесин тааныткан ошол топтун бүгүн үйлөрүнө кайтчу күн келип калыптыр. Бир жарым ай деле кыйла убакыт. Талаа-түздө жүрүп жүдөштү, чөптү тоо-тоо кылып үйүп коюшпаса да кыйла жердин чөбүн бүтүрүштү. Анан, албетте, чарчашты да. Шаарга кетерге жакын бир кой сойдуруп сый көрүп кетүүнү чечишкен.
Кой маселеси кокусунан чыгып калбадыбы. Математиктер кой сойдурушуп сый көрүшүптүр, ошону угуп калып булар да кызыгып калышкан. Колхоздун кою бекер, сата турган болсо анысы деле анчалык кымбат эмес. Койду колхоздун ветврачы таап берет, аны кайда сойчу жерди табышкан. Ушул айылдык мугалимдин үйүндө союп, ошол жерде отурмай болушту. Жиби менен акчасын алып кой таап келмекчи болгон тарыхчы мына түш ооп баратат, эмдигиче дайыны жок.
Бир убакта тарыхчы келди. Күтүп отургандар анын колунда жиби жүргөнүн көрүп болбой калган экен деп ойлошкон. Бирок болуптур, тарыхчы ветврачты күткөнүн, койлор кралинге салынып калгандан союшка таппаганын, бирок бирөөдөн жараган шишек алып, аны мугалимдин үйүнө байлатып койгонун узундан-узун сабак кылып шашпай түшүндүрүп берди.
Шишек
Чогулган акчанын калганын коромжу кылбай алып келгенин баса айтты.
"Эч кимиси үндөбөй, атүгүл сүйлөгөнгө батына алышпагандай, бир азга дымый түшүштү. Аңгыча орус филологиясы боюнча аспирантурада окуган, дулдуйган кара жигит тынчтыкты бузду:
– Коё турсаңар, – деди ал элди бир айландыра карап. Анан чочугандай тике эле карт тарыхчыга кайрылды.
– Сиз... Тиги... Эмне эле... Шимек.
– Шимек эмес, шишек,– деди жаш филолог күлүп.
– Сиз тиги... Ошо шишек дедиңиз, ээ. Деги шишек деген эмне?
– Эмне болмок эле?!. – Карт тарыхчы ачуулана, атүгүл ызалана кетти. – Шишек деген кой да!..
– Кой экенин билем, бирок аныңар эркекпи же кызбы …
Бир карт тарыхчыдан башкасы кыраан-каткы күлүп калышты.
– Кыы-зз эмес, эркек!.. – Карт тарыхчы кыз деген сөздү өзгөчө кекене айтты. – Шишек болгондон кийин эркек да, эркек дейм! – Анан ызырынып, өзүнчө сөгүнүп алды. – Кы-ызз деп, анан дагы кыргызмын деп коёт иттин баласы десе!..
– Анда... Тиги... – Аспирант дале түшүнө албай жатты. – Аныңар кочкор тура, койдун эркегин биздин айылда кочкор дейт... – Айласы кеткендей, отургандарды суроолуу эле карап калды. Кызык, отургандар бирдемеден шектенгендей, шалдая түштү".
Кудая тобо, шишекти түшүндүрүш орус филологго ушунчалык оорго турушун эсине албаптыр. Бечара тарыхчы "Шишек дебедимби... Шишек деген бул... Шишек.." деп айласы кетти. Дагы жакшы булар менен бирге жүргөн Мукан деген айылдык мугалим шишек эмне экенин түшүндүргөндөн кийин тарыхчы "өх" деп отуруп калды. Буларың илим жактап алса эмне болушар экен?! Жөнөкөй нерсени түшүнө албай отурушат.
Акыры түшкү тамакка барышып, анан күтүп отурган аялдын үйүнө келишти. Сыйы жакшы болду, кетерге келгенде жаштар биринчи чыксын деп жанагы төртөө жолго чогуу чыгышкан. Баары чогуу чыгышса университеттин мугалимдери сайрандап жүрөт деп кеп болот имиш. Кызык ошондон кийин башталбадыбы, шаарга кетчү машине табыш кыйын болду. Айылдагы бирин-серин машинелердин баары эмнегедир тоону көздөй кетип, шаарга дегени жок. Баягылар кыйла күтүп калышты.
Жолдо келатканда буга чейин унчукпай келген Мукандын ичкенден кийин тили чыгып калабы, жанындагылар угуп жалгыз өзү сүйлөп калбадыбы. Аспирант-филологдун "шишек" деген сөздү билбегени, анан илим жактайм деп жүргөнү Муканды катуу капа кылган экен. "Шишек деген эмне экенин айтып берчи дешип, түшкө кирбеген нерсени эсине түшүрүп". Ушундай калаты адамдар менен бир жарым ай жүргөнүнө нааразы окшойт. Аспиранттын майда сөзү жакпаптыр, "агайларым мындай экен деп, тигиндей экен деп" артынан ушак айтпастыгын ырастап, "мен деген бетине эле айтам!" деди.
Мунусу "шишекти" билбеген аспирант-филологго катуу тийди окшойт, тиги жөндөн-жөн эле Нартайды мактап, ага Мукандын жакшы иштегенин айтам деп койбоспу.
"Бул сөз отко май куюп жибергендей эле болду.
– Нартай!.. – деди Мукан жүзүн жыйра. Эмнегедир сөзүн улай албай, кыйлага туруп калды да, кимдир бирөөгө даттанып жаткансып, өзүнчө эле сүйлөнүп кирди. – Срочно келе кал деп телеграмма уруптур. Жүрөгүм шуу эле дей түштү. Шыдыр эле жөнөдүм. Келсем... Сен менин ордума жумушка барып, иштеп келгин дейт. Приказ берет. Көрдүңбү, "сен!" дейт...
– Ким? – филолог-аспирант элейди.
– Нартайың да!.. Сен дейт!.. Мен жездесимин да!.. Мен деле адаммын да!.. – Сүйлөй албай мукактана кетти. Бала боору ооругандай Муканды жалдырай тиктеп калды.
– Анда, – деди филолог-аспирант артка бурулуп, Муканды аягандай. – Келбей эле койбойсуңбу...
– Кантип келбей коём?.. Окууга өткөрсө... Кулап калсам, жүгүрсө...
– Ии... Көрдүңбү... Анда унчукпа...
– Келбейт эле болчумун... – Мукан өзүнчө күңк этти да, негедир туталана кетти. – Мен силерди!.. – Кайра ындыны өчө. – Келбейт эле болчумун...
– Ой, анан сени ким айдап келди дейм?..
– Силер!..
– Эмне?! Менин эмне ишим бар сени менен!..
– Келгин деп... Срочно деп... Сен дейт, менин ордума барып дейт, иштеп келгин дейт... Анан мен эмне дейм?.. – Мукан аргасы түгөнгөндөй, алаканын жая кетти.
– Айтпайсыңбы?
– Эмнени?
– Бара албайм, менин өзүмдүн жумушум бар дебейсиңби...
– Айтпай коюптурмунбу? Айттым. Айттым, айтсам, ишиңди коё тур дейт. Меники күйүп жатат дейт... Силер ушундай!.."
Мукан сабактарына баа койдуруп чуркап жүргөн кайнисине каршы чыга албай баягылар менен тоодон чөп чапканы келиптир. Андан сурабай-этпей эле Нартай жөнөтүп ийиптир. Илимин жактап, өзүн бийик сезип алган окшойт, ичип алгандан кийин соо кезинде оозунан бир ооз сөз чыкпаган жездеси жол бою ызырынып келди.
Эмнегедир ачуулуу, кайнисине жалтактап ачык айта албай жүргөн сөзүн бул жерде жарыя кылып койгонуна кыжыры келдиби же жол бою токтолбогон кажылдактан тажадыбы таксини токтотту да таксиден түшүп калды. "Баягылардын" баяны ушинтип бүтөт.
Сөз соңунда автор тууралуу маалымат, Бейшебай Усубалиев филология илимдеринин доктору, профессор, "Түркүк", "Көз", "Түтүн", "Түн" аттуу китептердин жана "Кыргыз филологиясы жана филологдору" деген көлөмдүү монографиясы баш болгон 150дөн ашуун илимий эмгектердин автору.
Шерине