Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Евробиримдиктин 26 мүчөсү Орусияга каршы трибуналга катышууга даяр экенин билдирди


Кая Каллас
Кая Каллас

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча мекемесинин жетекчиси Кая Каллас шаркетке мүчө 26 мамлекет Украинадагы согушка байланыштуу атайын трибунал түзүүгө катышууга даяр экенин билдирди.

"Бүгүн 26 мүчө-өлкө бул трибуналдын катышуучусу болуу милдетин өзүнө алды", - деди Каллас. Анын айтымында, Брюссел Нидерланд баштаган мүчөлөрдөн чыгымдардын тизмесин күтүп жатканын, андан кийин долбоордун үстүндө иштөө уланарын билдирди. Трибунал түзүүнү 2022-жылы Урсула фон дер Ляйен сунуштаган. Түзүмдү Орусия ошол жылы чыгып кеткен Европа Кеңешинин алкагында ачуу пландалууда.

Кремль мындай трибуналдын мыйзамдуулугун тааныбай турганын билдирген. Москва бул түзүмгө кошулган өлкөлөр "бир тараптуу жана конструктивдүү эмес турумду ээлей" турганын айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG