Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:19

Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу: Киевдин мүдөөсү аткарылдыбы?


Украин президенти Владимир Зеленский менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу, 17-октябрь, 2025-жыл
Украин президенти Владимир Зеленский менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу, 17-октябрь, 2025-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин Вашингтондогу сүйлөшүүсү олуттуу ийгиликке жеткен жок. Бирок талаш-тартыш, жаңжалсыз аяктады.

Сапар алдында Зеленский "Томогавк" ракетасы баштаган аскердик каруу-жарактарды алары айтылган. Бул куралдар ага төрт жылдан бери согушуп жаткан Орусияга такаат берүү үчүн аба-суудай эле керек.

Бирок айрым байкоочулар бул аракет жүзөгө ашпай турганын айтышкан.

"Томагавк" (TLAM) канаттуу ракетасы USS Cape St. George крейсеринен учурулуп жаткан учур. 2003-жыл.
"Томагавк" (TLAM) канаттуу ракетасы USS Cape St. George крейсеринен учурулуп жаткан учур. 2003-жыл.

"Томагавк" ракетасы

"Украиндер анчейин үмүт деле кылган эмес, андыктан буга капа болушпады", - деди Эл аралык мамилелерди иликтөө боюнча Европа кеңешинин жетекчиси Жереми Шапиро "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.

"Америкалык аскерлер аны такыр бермек эмес. Алар өтө кымбат турат", - деди ал. Муну менен катар Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүндө "Томогавкты" учуруу үчүн атайын шайманы жоктугун белгиледи.

Анткен менен Украинага курал берүү ыктымалдыгы Кремлди реакция жасоого түртүп, Путинди 16-октябрда Трампка телефон чалууга аргасыз кылды.

"Томагавктарды" берүү тууралуу сөз Трамптын администрациясынын позициясы президенттикке киришкенден бери канчалык өзгөргөнүн көрсөтүп тургандай.

Зеленский Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин "Томогавкты" жеткирүү боюнча келишим түзүлбөсө дагы Трамп мындай мүмкүнчүлүктү четке какпаганын айтты.

Американын тышкы саясат боюнча биринчи вице-президенти Илан Берман "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна бул салмактуу билдирүү экенин айтты:

"Эми Ак үй Орусияны моюн толготпой, ийге келтирген "шапалактарды" колго алабы же жокпу деген маселе турат. Менде "Томогавктарды" берүү идеясы бул процессти тезедетти деген ой жаралды. Менимче, президент жана анын кеңешчилери жарым жыл мурдагыдай Путиндин конструктивдүү сүйлөшүүгө барарына оптимизм менен караган жок", - деди Берман.

Украинадагы маанай

Украинадагы айрым аналитиктер "Азаттыктын" украин кызматына сүйлөшүү алар күткөндөй болбогонун айтышты.

"Кеп, 1-ноябрга карата АКШдан курал-жарак алуу механизминин жоктугунда. Мурдагы жардам түгөндү, жаңы бюджеттен ал үчүн болгону 500 млн доллар бөлүндү. Бул Patriot зениттик комплексинин жарым батареясы", - деди 2015-2019-жылдары Украинанын АКШдагы элчиси болгон Валерий Чалый.

АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Ак үйдө кабыл алган учур. 17-октябрь, 2025-жылы.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Ак үйдө кабыл алган учур. 17-октябрь, 2025-жылы.

Аскердик жардам керек экени саммит маалында орусиялык дрондор жана ракеталар украин шаарларын талкалап жатканда даана көрүндү.

Кил дүйнөлүк экономика институту Европа өлкөлөрүнүн июль жана август айларында Украинага бөлгөн аскердик жардамы өткөн жылдын алты айына караганда 57% азайганын байкаган.

Немис инситуту мунун ичинде PURL жаңы программасы барын да белгилеген. Бул программага ылайык, АКШ 2025-жылы аскердик жардамды токтоткондон кийин Европа өлкөлөрү Украина үчүн америкалык курал-жарактарды сатып ала баштаган.

Зеленский Трамп менен абадан коргонуу маселесин талкуулаганын айтканы менен жардамды кайра жандантуу маселесине жетише алган жок.

Алаканы чыңдоо

Маанилүү жылыштар болбогону үчүн жолугушуудагы маанай көңүлдү бурду.

Сүйлөшүүдөн кийин Трамп социалдык тармакка жолугушуу "достук маанайда" өткөнүн жазды. Трамп Зеленскийди февраль айында Ак үйдүн сүйрү залында кабыл алып, ал кайым айтышуу менен аяктаган. Мунун айынан атайын белгиленген түштөнүү болбой калган эле. Бул жолу эки лидер өз командасы менен атайын жазылган дасторкондо отурушту.

"Трамп Украина үчүн позициясын өзгөрттү. Бул анын президенттикке киришкен алгачкы айларына караганда алда канча жакшы", - деп билдирди Одесса университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти Владимир Дубовик "Азаттыктын" украин кызматына.

"Мен бул жолугушууну кыйроо катары айта албайм. Мен оң жылышты гана көрүп турам", - деп кошумчалады ал.

Вашингтондогу аналитиктер бул эки лидер ортосундагы алаканы жакшырткан эң жакшы жылыш экенин белгилешти.

"Буга бир күндүк окуядай эмес, болуп жаткан иштин уландысы катары кароо керек. Процесс катары карай турган болсок, украиналыктар Ак үйдө жеме уккан маалга караганда алга жылды", - дейт Берман.

Шапиро белгилегендей, Зеленский Трамп менен Путиндин саммиттерине белгилүү бир параллелдүүлүк түзө алды. Анын айтымында, Трамп Путин менен сүйлөшкөндө Зеленскийди да байланышта кармайт деген түшүнүк калыптанды.

Зеленский Будапештте өтөрү айтылган сүйлөшүүгө катышабы же жокпу белгисиз. Трамп белгилегендей жакын арада бул шаарда Путин менен жолугушуу өтөт.

Трамптан бул тууралуу сурашканда, сүйлөшүү "эки тараптуу форматта өтүшү ыктымал экенин", бирок Зеленский менен байланышта болорун айтты.

Жолугушуунун форматы азырынча толук макулдашыла элек, Трамп Путин процессти узакка чоюуга аракет кылат деп тынсызданып турганын жашырган жок.

АКШ президенти ага канча убакыт берери, андан кийин кошумча басым көрсөтүү чечимин кабыл алабы же жокпу ал дагы азырынча белгисиз.

Басым санкциялардын жаңы айлампасы, орус мунайына кошумча импорттук тариф киргизүү же Украинага жаңы курал берүү түрүндө болушу мүмкүн.

Азырынча жолугушуу жыйынтыгы бүдөмүк бойдон калгандыктан, Путинге кичине да болсо ойлонууга убакыт бар.

Эксперттердин белгилешинче, Украинага согущ ачкандан бери Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы таасири солгундады. Москваны 13-октябрда Египетте өткөн Газада тынчтык орнотуу саммитине чакырышкан жок. Бул Орусиянын чөлкөмдө дипломатиялык ролу басаңдаганын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG