Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Бишкек шаарында жер тамдардын 30% газдаштырылды


Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги газ түтүктөрү.
Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги газ түтүктөрү.

Бишкек шаарында жалпысынан 157 миңден ашуун турак үй болсо, анын 30% жакыны газдаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин "Альянс" жана "Ыйман нуру" фракциялары биргелешип өткөргөн жыйында Бишкек мэринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы 16 миң абонентке, жалпысынан калаадагы 31 миңдей үйгө газ берилген:

"Мурдагы жылдарга караганда абал жакшыраак. Күндө дрон менен шаардын абалы текшерилип, мониторинг, рейддер жүрүп жатат. Жалпысынан 346 мончо такталып, экологиялык абалы текшерилип, жабылды. Конуштарды газдаштыруу боюнча 2024-жылы рекорддук көрсөткүч болуп, 16 миң абонент газга туташты. Азыр Бишкекте бир күндө айланган машиненин саны 750 миңдей болуп жатат. Анын баарын текшергенге дагы программа иштеп жатабыз. Пилоттук негизде катализатор коюлган машина текшерилип, анын сапаты жакшы деп табылды".

Мунун алдында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова абанын булганышынын негизги себептери катары Бишкектеги конуштарда калориясы төмөн көмүр, акыр-чикир жагылуусун белгилеген. Анын айтымында, аймактык реформадан кийин Бишкектин конуштары 47ден 99га көбөйгөн. Раимкулова маселени чечүүнүн жолу катары конуштарды газдаштырууну атады.

Фракция баш калаадагы ыш маселесин жана анын себептерин, чечүүнүн жолдорун, сунуштарды талкуулап жатат.

Буга чейин “Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек шаары менен Чүй облусундагы 47 калктуу конуш газдаштырылганын билдирген.

Дүйнөдөгү абанын сапатын изилдеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы булганч шаарлардын катарында келатат.

Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаа булгай турганы айтылып келет.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG