Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

"Цензурага жол ачат". Жарандык коомду чочулаткан жаңы мыйзам


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Укук коргоочулар балдарды терс маалыматтан коргоого багытталган мыйзам долбоору цензурага жол ача турганын белгилешүүдө. “Кыргызстандагы балдар жана медиа керектөөнүн” анализинде бул долбоор Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнү көрсөтүлгөн.

Балдарды терс маалыматтан коргой турганы айтылган мыйзам 21-июнда үчүнчү окууда кабыл алынды. Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева сунуштап, үч жолку окуудан жактырылган долбоорго президент Садыр Жапаров качан кол коеру азырынча белгисиз.


Кыргызстандагы “Медиа Полиси Институту” уюму балдарга зыяндуу маалымат тараткандарды тыйып, айып салууну сунуштаган бул мыйзам долбоору чийки экенин билдирди.

Эксперттер анализ жүргүзгөндөн кийин "мыйзам долбоору цензураны орнотууга жана жарандардын маалыматка жетүүсүн өзүм билемдик менен чектөөгө багытталган, бул жарандардын конституциялык укуктарына карама-каршы келет" деген тыянак чыгарышкан.

Адистердин белгилешинче, балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо боюнча бардык зарыл ченемдер Кыргызстандын мыйзамдарында жана эл аралык милдеттенмелерде так жазылган.

Уюм мындан улам президент Садыр Жапаровго, Акыйкатчы институтуна жана парламентке кайрылуу жасады. Азыр үчөөнөн тең тийиштүү жооп келе элек.

Юрист жана медиа эксперт Надежда Алишева мыйзам долбооруна анализ жасап, дыкат карап чыккан. Ал документ балдарды терс маалыматтан коргоо үчүн эмес, жөн гана цензураны киргизүүгө багытталган деп эсептейт.

Надежда Алишева
Надежда Алишева

"Эң коркунучтуусу - бул мыйзам бир гана балдарды эмес эрезеге жеткен, акыл-эси токтогон чоң кишилердин да маалымат алуу укугун чектейт, мыйзамдын ар бир кыргыз жаранына тиешеси бар. Мыйзам долбоорунун өзүндө тигил же бул маалымат балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша багытталары, көрсөтүлөрү же чектелери жазылган эмес. Тизмеде эки гана маалыматтын түрү тууралуу айтылат: интернетке жайылтууга мүмкүн болбогон маалымат жана экинчи түрү - тыюу салынган маалымат. Мына ушул эки маалыматтын айырмалары так белгиленген эмес. Мисалы, "мыкаачылык" деп жазылган. Ал категорияга кандай маалымат кире турганы түшүнүксүз".

Депутат Жамиля Исаева сунуштаган долбоорго ылайык, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү мыйзамга, Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.

Алишева Исаева сунуштап, үч окууда кабыл алынган мыйзам долбоору маалымат чөйрөсүнө гана тиешелүү деген пикирде.

"Биз анализ жасап, 17-апрелде эле Жогорку Кеңешке жибергенбиз. Андан сырткары президентке, Акыйкатчы институтуна жөнөтүлгөн. Мисалы долбоордо кандайдыр бир изилдөөлөр жүргүзүлгөнү тууралуу айтылбайт. Эмненин негизинде интернеттеги терс маалыматтан коргоп жатканы белгисиз. Кайсы маалымат зыян, кайсынысы пайдалуу болору жөнүндө тизме жок. Андан тышкары жазалоо механизми да каралган эмес. Блогерлер, ЖМК өкүлдөрү, интернет провайдерлери, байланыш операторлору менен жолугушуу болгон эмес, алардын үнүн эч ким уккан да жок. Документте ошондой эле мобилдик оператор "каалаган учурда тиги же бул контентке чектөө коюшу керек деп жазылган". Ага техникалык мүмкүнчүлүгү барбы, кандай жолдор менен ишке ашышы мүмкүн экени белгисиз. Ошондой эле интернеттеги маалыматтын балдардын психикасына тийгизген зыянын ким аныктайт? Ал кандай аныкталат? Ким буга арыздана алары да белгисиз. Биз долбоорду артка кайтарып алууну көздөгөн жокпуз, болгону толук кандуу иштелип чыксын жана сунуштар менен толукталсын деп жатабыз".

“Балдарды терс маалыматтан коргоо” мыйзам долбоорунун автору чыккан Жамиля Исаева өз баяндамасында сунушталып аткан өзгөртүүлөр балдарды "өсүү деңгээлине байланыштуу али даяр боло элек чоңдор дүйнөсүнүн таасиринен" коргоого багытталганын айтууда.

"Мыйзам долбоору кабыл алынса, Министрлер кабинети атайын жобо иштеп чыгат. Ага ылайык тиешелүү министрликтер керектүү иштерди алып барат. Так айтканда, Маданият министрлигинин алдында эксперттик топ түзүлүп, башка да ведомстволорго ушундай ыйгарым укуктар берилет. Кайсы маалыматтар зыяндуу экени тууралуу керектүү база түзүлүп, эксперттик аныктамалардын негизинде чектөө коюлат. Мындан сырткары 6, 12 жана 16 жаштагыларга өзүнчө контент сунушталат. Ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги белгиленген базага ылайык, интернеттеги маалыматты иргеген ченем, программаларды иштеп чыгат. ИИМ болсо жаза чаралары, айып пул маселелери боюнча иштейт. Мисалы, ЖМК балдарга ылайыксыз көрсөтүүлөрдү атайын эскертүү белгиси жок таратса, жоопкерчиликке тартылат. Интернеттеги терс маалыматтан коргоо жоопкерчилиги ошондой эле ата-энелерге да жүктөлөт".

Исаева терс маалыматтарды тараткандарды айыпка жыгып, анын өлчөмүн 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин көбөйтүү керектигин парламенттин 7-июнундагы отурумунда баяндама жасап жатып айткан.

Айыптын өлчөмү маалымат тараткандардын юридикалык же жеке деген статусуна жараша каралат. Депутат мындан сырткары долбоордо сунушталып аткан чектөөлөр Баш мыйзамга, Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерге да каршы келбей турганын эскертип, тескерисинче Конституциянын нормаларын аткарууга багытталганын белгилеген.

“Кыргызстандагы балдар жана медиа керектөөнүн” изилдөөсүнө ылайык, 11 жаштан баштап дээрлик бардык балдардын өзүнүн смартфондору бар жана алар көбүнчө Tik Тok, Instagram жана YouTube социалдык тармактарын колдонот.

Адистердин айтымында, бул платформалардын контентине Исаева сунуштаган мыйзам долбоору таасир эте албай калышы мүмкүн. Андыктан мыйзам кабыл алынган күндө да балдар өздөрү тандап көргөн видео, сүрөт жана башка маалыматты мындан ары да интернет аркылуу кеңири колдоно берет.

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзамга президент кол койсо, Кыргызстан бат эле Ооганстандын жолуна түшөт деп чочулайт.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Мен азыр Tik Тok, Instagram жана YouTube тууралуу ойлонбой эле турам, себеби силер аны жаба албайсыңар. Бул мыйзам кино (тасма) тарткандарга, китеп жазгандарга, ЖМК өкүлдөрүнө, жана жөн гана карапайым адамдарга тиешелүү болуп калды. Себеби, Инстаграм, Tik Тok социалдык тармагына чакын видео жүктөгөн ар бир жаран жоопко тартылып калышы ыктымал. Жазалоону милицияга берип атасыңар. Милиция мына ушу жерде интернеттеги маалымат пайдалуубу же пайдасызбы деп, жазылган китеп жакшыбы же жаманбы деп аныктап калат. Бул түшүнүксүз мыйзам. Азыр "Ураалап" туруп кабыл алып коебуз, бирок мыйзам Кыргызстанды экинчи Ооганстанга айлантат. Ансыз да ар тараптан кысымга алынып келаткан сөз эркиндиги бүтүн бойдон чектелип, цензураны киргизип коесуңар. Коом деградация болот. Мен кантип милиция кызматкери же Маданият министрлигинин адистери маалыматты жаман же жакшы деп бөлө аларын түшүнбөй жатам. Кандай гана маалымат болбосун ушул долбоорго кирип калат, бул жакшы эмес. Мындан ары аялдарга карата да интернетте кандайдыр бир чектөөлөр кире баштайт".

Эксперттер бул мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч туудуруп жана чиновниктер үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөөсүнө курал болорун эскертишүүдө.

Исаева Британия, Германия, АКШ, Канада, Кытай, Иран, Грузия, Украина, Орусия жана Казакстан өңдүү бир катар өлкөлөрдөгү балдарды "зыяндуу" маалыматтан коргоо боюнча ийгиликтүү эл аралык тажрыйбага шилтеме кылган.

Бирок адистер мыйзам долбоорунун коштомо документтеринде бул өлкөлөрдүн мыйзамдарына талдоо жок экенин белгилешкен. Мындан тышкары мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин регламентин бузуу менен кабыл алынганына көңүл бурушкан. “Кыргызстандагы балдар жана медиа керектөөнүн анализинде" алар долбоор Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүнө көңүл бурушкан.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева июнь айында аталган мекеменин социалдык тармактардагы маалыматты жайылтууну чектеп, жөнгө салууга техникалык мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген. Ал мындай иштерди жүргүзүү үчүн регламент иштелип чыгып, координация борборун түзүү зарылдыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда соцтармактардын ишине бөгөт коюу сот чечимине ылайык гана жүргүзүлөт. Бирок бөгөттөгөн күндө да VPN аркылуу кирүү жолдору бар.

Талаштуу мыйзамдар таржымалы

Кыргызстанда соңку жылдары ЖМКнын жана бейөкмөт уюмдардын ишине байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору жазылды. Эл аралык жана жергиликтүү медиа эксперттер бул мыйзамдар кабыл алынса, "демократия аралчасы" атка конгон Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелерин белгилешет.

  • Өткөн жылы президенттик аппарат “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча мамлекет башчысынын жарлыгы менен жумушчу топ түзгөн. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштары акыркы 5-вариантка кирбей калганда алар президент Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылышып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан. Эгер мыйзам бул бойдон ишке кирип кетсе, сөз эркиндигин чектеген, журналисттердин ишин оорлоткон бир катар нормалар пайда болот деген кооптонуусун билдиришкен. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 5-июлда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолукканда “ЖМК жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин, маалымат таркатуу принциптери жана медиа ресурстарынын өзгөргөнүн, мыйзамдагы өзгөрүүлөр улуттук кызыкчылыктарды эске аларын белгилеген.
  • “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдан тышкары "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору да даярдалган. Депутат Надира Нарматова демилгечи болгон бул мыйзамга ылайык чет өлкөлөр менен кыйыр да болсо байланышы барлардын бардыгы атайын тизмеге алынып, аларга мамлекет тарабынан тейлөөдө, банктардан кызмат көрсөтүүдө, кыскасы, социалдык, саясий, экономикалык бир катар укуктары чектелип калмакчы. Мындай “өкүлдөрдүн” катарына эркин журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, маалымат каражаттары, атургай депутаттар да илиниши ыктымал. Алгач бул мыйзамга отуз тогуз депутат авторлош болушкан, бирок, акыркы убактарда алардын бир даары демократияны, адам укуктарын чектеген бул мыйзам долбоорунан баш тартышууда.
  • 2022-жылдын ноябрь айында президенттик администрация дагы"Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзамды сунуштаган. Долбоорду иштеп чыккандар муну "мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук коопсуздукту эске алуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоо" зарылдыгы менен түшүндүргөн. Долбоордо Кыргызстанда "чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар" түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган. Мындан тышкары өлкө бийлиги мындай уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигинин атайын реестрине каттоону көздөйт. Бир катар эл аралык уюмдар бул демилгеге тынчсыздануусун билдирип, документти артка кайтарууга чакырган. Коомдогу сынга байланыштуу президенттик аппарат документти иштеп чыгууга макул болуп, атайын жумушчу топ түзүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү да кирген. Июнь айында жумушчу топтун иш мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылган.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

XS
SM
MD
LG