Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Орусия: бийликтин шайлоодогу ишенимсиз жеңиши


Жекшемби күнү Орусиянын 22 регионунда губернаторлорду шайлоо үчүн добуш беришти.
Жекшемби күнү Орусиянын 22 регионунда губернаторлорду шайлоо үчүн добуш беришти.

Орусияда аймак башчыларын шайлоо бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясы регионалдык парламенттердеги үстөмдүгүнөн кол жууп баштаганын көргөздү. Кээ бир облус губернаторлору экинчи айлампада гана белгилүү болушу мүмкүн. Карама-каршылыктуу пенсия реформасы жарыялангандан бери бул – биринчи элдик добуш берүү. Шайлоо күнү айрым шаарларда пенсия жашын көтөрүүгө каршы митингдер өттү.

Жекшемби күнү Орусиянын 22 регионунда губернаторлорду шайлоо үчүн добуш беришти. Алдын ала санактар көргөзгөндөй, Хакасия, Приморск жана Хабаровск крайы, Владимир облусунда башкаруудагы партиянын талапкерлери биринчи айлампада жеңе алышкан жок.

Президент Владимир Путин дайындаган губернаторлор көп жылдардан бери мындай утулушка учурай элек болчу. Шайлоонун эртеси Путин экинчи айлампанын өткөрүлүшү "кадыресе көрүнүш" деп комментарийледи.

Путин добуш берүү учурунда.
Путин добуш берүү учурунда.

Губернаторлорду түз шайлоо Орусияда 2012-жылы кайра киргизилген.

"Бирдиктүү Орусия" партиясы бир нече аймактын мыйзам чыгаруу органына шайлоодо да ийгиликке жете алган жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова "Муниципалдык деңгээлде да талапкерлердин ортосундагы ажырым анча көп эмес" экенин билдирди.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин добуштардын 70 проценти менен жеңгени кабарланууда. Башкалаанын шайлоо комиссиясы шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 31 проценти катышканын билдирди. Өткөн жумада Москва шаардык соту Собянинди ат салыштан алып салуу талабын четке каккан. Коммунисттер партиясынын талапкери Вадим Кумин мэр "үгүт кампаниясында кызматтык абалынан пайдаланып жатат" деп сотко кайрылган.

Москва шаары. 9-сентябрь, 2018-жыл
Москва шаары. 9-сентябрь, 2018-жыл

Эксперттер бул өнөктүктө да атаандаштык дээрлик болбогонун, адаттагыдай эле административдик ресурс колдонулганын белгилешет. Бирок бул ирет шайлоого пенсиялык реформа планы катуу таасир этти. Эс алууга чыгуу жашын көтөрүү планы президент, өкмөт башчы, башкаруудагы партияга гана эмес, жалпы эле бийликке ишенимдин төмөндөшүнө алып келди.

Шайлоо күнү оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабдары жер-жерлерде реформага каршы масштабдуу акцияларды уюштурушту.

Митингдер 90 шаарда пландалган, бирок көпчүлүгүндө бийлик менен алдын ала макулдашылган эмес. 12 калаада гана акцияларга уруксат берилген. Навальныйдын шериги Леонид Волков акцияларга 60-80 миң киши катышканын "Твиттерге" жазды.

Айрым жерлерде митингдер тынч өтсө, башкаларында тартип коргоочулар күч колдонуп, катышуучуларды кармап кетип жатышты.

Санкт-Петербург шаар бийлиги адегенде Ленин аянтында митинг өткөрүүгө макул болуп, кийин суу түтүгү жарылганына шылтап, баш тартып койду. Бирок калаа тургундары баары бир чогулуп, пенсия реформасына каршылыгын билдиришти.

Санкт-Петербургдагы камоолор.
Санкт-Петербургдагы камоолор.

Эң көп камоолор дал ушул Санкт-Петербург менен Екатеринбург шаарларында болгону кабарланууда.

"ОВД-инфонун" маалыматына ылайык, жалпы жонунан өлкө боюнча 1000ден көп киши кармалды.

Навальный өзү болсо жыл башында "шайлоочулардын иш таштоосун" уюштургандыгы үчүн августта административдик жазага тартылып, 30 күнгө камалган.

Санкт-Петербург. 9-сентябрь, 2018-жыл
Санкт-Петербург. 9-сентябрь, 2018-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG