Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Тула: Бишкектен жардам күткөн мекендештер


Туладагы кыргыз айылы
Туладагы кыргыз айылы

Тулада жер үлүшүнөн ажырай турган кыргызстандыктардын көйгөйү дагы эле чечиле элек. Москванын четинде пайда болгон кыргыз айылы жергиликтүү бийликти бүтүндөй райондун башкы планын өзгөртүүгө мажбур кылган.

Орусиянын Тула облусундагы кыргызстандыктар бир ай мурда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

2016-жылдан тарта Клищино айылында жер сатып алып, турак жай кура баштаган төрт жүздөн ашуун мигрант быйыл июнь айында жеке менчигинен ажыроо коркунучуна кабылышкан. Алардын жарымынан көбү орус жарандыгын алгандар.

Туланын Заокский районунун депутаттары орус басылмалары кыргыз айылы тууралуу жазып, улуттук коопсуздук маселесин көтөрө баштаганда 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин макамын жокко чыгарып, жерди кайрадан айыл чарбалык керектөөгө аныктап коюшкан.

Кыргызстандык мигранттар улуттук маселеге такалган мындай кырдаал президенттик деңгээлде гана чечилет деп үмүт кылып турушат.

Баарикан Айылчиева
Баарикан Айылчиева

Туладагы кыргыз айылынын тургуну Баарикан Айылчиева азыр мигранттар чуу чыккан жерден кетүүгө даярданып жатканын айтып берди:

- "Улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирип" жатсак, анда көчөлү. Жок дегенде үй салып алгандар, көп чыгым болгондорго тоскоол болбойлу. Акчабызды толук кайтарып, башка жактан жер таап беришсе, кеткенге макулбуз. Жердин ээси Тимофей Ильиченко Дмитровский айылындагы жерлерин сунуштап жатат. Бирок жергиликтүү бийликтегилер ага да көнбөй жатышпайбы.

Айылчиеванын айтымында, жер ээлери иш сотко өтүп кетсе, чыгымдарды кайтарып бербей коюшат деп чочулап турушат.

- Бардыгы эле сотко каршы. Башкы пландагы өзгөртүү жарыялагандан кийин үч айда гана сотко берилет экен. Анан сот айлап-жылдап узарып канчага созулары белгисиз. Анысы аз келгенсип, компенсацияны бизге айыл чарбалык жер катары 10 миң рублдан берип коюшу мүмкүн. Биз жерди 200 миң рублга чейин алганбыз.

Туладагы Заокский районунун администрациясынын башчысы Николай Тимаков менен байланышканыбызда жергиликтүү бийликтин деңгээлинде кыргыз айылынын тагдыры дагы деле чечилбей турганы маалым болду.

- Ал жердин башкы планына өзгөртүүлөр азыр иштелип жатат. Жаңы долбоор даяр болгондо райондо коомдук талкуу өтүп, бир чечим кабыл алынат. Кандай чечим чыгарын мен айта албайм.

Толгонай Стамалиева
Толгонай Стамалиева

​Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Туладагы мигранттардын кайрылуусу бийликке жеткенин, бул маселени жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.

- Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеден кабардар. Кайрылгандар биздин мекендештер, бирок көбү орус жарандары экен. Тактап айтканда, Орусиянын ички мыйзамдары менен жашап жаткан адамдар. Президенттин тапшырмасы менен кыргыз-орус тышкы иштер министрлери, өкмөт башчыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болгон. Ал эми кыргыз жарандары боюнча Москвадагы элчилик иш алып барып жатат.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы жакын арада элчи Болот Отунбаевдин Тула облусунун губернатору менен жолугушуусу күтүлүп жатканын маалымдады.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Саясий ишмер Равшан Жээнбеков Тулада кыргызстандыктарга жасалган мамиле кыргыз-орус алакасындагы мүчүлүштүктөрдү ачык көрсөткөнүн айтты.

- Евразия экономикалык биримдигине каршы депутаттар, саясатчылар Орусия менен келишимдер так аткарылбай жатканын башынан эле айтып келебиз. Туладагы кыргызстандыктардын укуктары бузулуп жатканы айланып келип эле буга далил болуп жатат. Биздин ортобузда маданий, тарыхый жана башка байланыштар аябай көп. Евразиялык биримдикке мүчөбүз, Бажы союзуна мүчөбүз. Ага карабай эки тараптуу, көп тараптуу келишимдердин иштебей жатканы аябай өкүнүчтүү.

Авторитардык өлкөлөрдө мыйзам иштебейт. Облустук бийлик өзүнө жакпай калса же жогору жаткан көрсөтмө келсе, мыйзамды жокко чыгарып же каалагандай өзгөртүп кое берет.

Экинчиден, биздин бийлик, өкмөт ошол келишимдердин аткарылышын орус бийлигинин алдында талап кыла албай жатышкандай. Союздаш болгондон кийин биздин бийликтегилер – премьер-министр, элчилик, Евразиялык комиссияда иштегендер иш деңгээлинде жана маалымат каражаттары аркылуу ачык көтөрүп чыгышы керек эле. Тилекке каршы, мунун баары ишке ашпай жатат.

Орусиянын мыйзамдары чет өлкөлүктөргө жер сатып алууга тыюу салбайт. Тулада жер сатып алган кыргызстандыктардын көбү жерге тиешелүү документтерди мамлекеттик мекемелерден мыйзамдуу алган. Ал жерде азыр он чакты үй-бүлө там салып, туруктуу жашап жатат. Орусиянын Росрегистр мекемеси чыр чыккандан кийин гана жер менен үйлөрүн каттоого алуудан баш тарта баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG