Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

"Мелдешсе далилдеп берем". Министр Ибраев Атамбаевдин айткандарын калпка чыгарды


коллаж
коллаж

мазмуну

  • Энергетика министри Таалайбек Ибраев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагындагы сын-пикирлерин четке какты, бирок ачык-айкындуулук боюнча суроолорго жооп берген жок.
  • Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана суу энергетика тууралуу маалыматтар май айынан бери жашыруун болуп калганы коомчулукта талкуу жаратты.
  • Энергетика тармагында кышка даярдык жетишсиз экени айтылып, электр энергиясын үнөмдөө жана чектөөлөр киргизилди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагындагы жагдай тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Атамбаев мунун алдында президент Садыр Жапаровдун энергетикалык каатчылык тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарган.

Министр Таалайбек Ибраев бул жолу дагы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү, электр энергиясынын экспорт-импортуна байланышуу маалыматтар жабык болуп калганын түшүндүргөн эмес.

Соңку кайчы билдирүүлөр энергетика жаатындагы ачык-айкындуулук тууралуу талкууларга жем таштады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин энергетикадагы кризистик абал жөнүндө айткан сынына бийлик энергетика министри Таалайбек Ибраевдин билдирүүлөрү аркылуу жооп берүүнү чечкендей. Ал "Баракелде" сайтына берген маегинде Алмазбек Атамбаевдин айткандарын четке каккан. Мурдагы президенттин тушунда жаан-чачын көп болуп, Токтогул суу сактагычы толуп турганын, азыр болсо электр энергиясын керектөө көбөйгөнүн, ушундан улам тартыштык жаралганын айткан.

Таалайбек Ибраев.
Таалайбек Ибраев.

"Атамбаевдин айткан сөздөрүнүн көпчүлүгү чындыкка дал келбейт жана манипуляциялык мүнөздө. 2010–2017-жылдары Кыргызстан мезгил-мезгили менен Казакстан менен Тажикстандан электр энергиясын сатып алган. 1 кВт/сааты орто эсеп менен 5 сомдон импорттолгон. Азыр 1 кВт/саатты 3 сомдон импорт кылуудабыз. 2017–2018-жылдары кар жана жаан көп жаагандыктан Токтогул суу сактагычында суу көлөмү 19,6 млрд куб метрге чейин көбөйгөн. Бул запас кийинки жылга чейин жетип, ошол мезгилде өлкө чындап эле 2 кыш импортсуз жашаганбыз. Болгон ийгилиги ошол. Бирок бул да жаратылыш шартынын убактылуу натыйжасы болгон. 2019-жылдан тарта кайрадан электр энергиясын импорттоо башталган. Ал учурдагы керектөө көлөмү 14 млрд 163 млн кВт/саат болчу, азыр болсо керектөөнүн көлөмү 20 млрд кВт/саатка жетти. Анткени, акыркы жылдары, жүздөгөн жаңы мектептер, бала бакчалар, завод-фабрикалар, өндүрүш ишканалары ачылып, жаңы конуштар, айылдар пайда болду. 2023-жылдан бери эле 32 090 жаңы объект электр тармагына кошулду, аларга берилген жалпы кубаттуулук 2911 МВт. Ал эми өлкөнүн азыркы генерациялык мүмкүнчүлүгү – 3400 МВт. Башкача айтканда, мурдагыга караганда эл көбөйдү, экономика жанданды, өндүрүш жогорулады, ошондуктан керектөө өсүүдө. Мурда аз керектөө – өнөр жай ишканаларынын жоктугунан эле болгон".

Министр ошондой эле “Датка–Кемин” аба чубалгысынын курулушу Атамбаевдин убагында аяктаганы менен Токтогул ГЭСи анын тушунда оңдолгонун жокко чыгарган. Бишкек жылуулук электр борбору сапатсыз жана кымбат ремонттолгонун белгилеген. Атамбаев бийликте турганда бир дагы ГЭС курулган эмес деп корутунду чыгарган.

"Тескерисинче, тармак карызга батып, долбоорлор эки эсе кымбат жана коррупциялык схема менен ишке ашкан. Бул – расмий далилденген факт. Атамбаевдин “импорт токтоттук, ГЭСтерди реконструкцияладык” деген билдирүүлөрү карандай калп. Мени менен мелдешем десе далилдеп берем. Жогоруда айтпадымбы, кыска мөөнөттүү эки кыштык ийгиликтери жаратылыш шарттарына байланышкан", - деген Ибраев.

Деген менен министр талаш-талкуу жаратып жаткан энергетика тармагындагы ачык-айкындуулук тууралуу суроолорго жооп берген эмес.

"Азаттык" бул макала жазылып жаткан чакта Ибраевдин комментарий алууга бир канча жолу аракет жасады, бирок майнап чыккан жок.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу ушул жылдын май айынан тартып ачык маалымат берилбей калган. Ага чейин күн сайын кабар тараткан “Электр станциялары” ишканасы 15-майдан тартып мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук комитети өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген жана маалымат эмнеге жабык болуп калганын түшүндүргөн эмес.

Алмазбек Атамбаев соңку билдирүүсүндө ушул жагдайды белгилеген жана бул тармакта ачык-айкындуулук маселесине токтолгон.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

"Биз дайыма энергетика тармагында ачык-айкындык жана транспаренттүүлүк үчүн аракет кылганбыз. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эч качан "купуя" болгон эмес. Улуттук статистика комитети импорт жана экспорт кылынган электр энергиясынын көлөмүн өлкөлөр боюнча дайыма ачык жарыялап турган. Бишкек ЖЭБи үчүн жабдууларды сатып алуу тендерлери да ар дайым депутаттарга жана журналисттерге ачык болуп, аларга эч качан "купуя", "ДСП" деген белгилер коюлган эмес. Мунун баарын бир гана "эч нерсе жасалган эмес" деген сөз менен чийип салуу – бул Алмазбек Атамбаевге гана эмес, 1990-жылдардагы кыйроодон энергетиканы тартып чыккан миңдеген адамдардын эмгегине акаарат. Бул өлкөнү энергетикалык кризистен ийгиликтүү чыгарып кеткен бүтүндөй команданын эмгегин тебелеп-тепсөө. Эми өлкө кол менен жасалган эң оор энергетикалык кризисти баштан кечирип жаткан кезде бийликтин майнингди активдүү өнүктүрүп, криптовалюталар боюнча кеңешмелерди соттор тарабынан аферист, алдамчы деп таанылган адамдар менен өткөрүп, ошол эле учурда өлкөнүн ичинде тартыш болуп турган электр энергиясын үч эсе көбүрөөк көлөмдө Казакстанга арзан баада экспорттоп жатканы кандай логикага сыймак эле?", - деген Атамбаев.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу энергетика тармагында жаралган көйгөйлөр тууралуу пикирин жазган. Ал 10-ноябрда жаштар форумунда дагы бул темага учкай кайрылган жана азыркы маселелерге буга чейинки башаламан башкаруу себеп болгонун айткан:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Өлкөнү энергетикалык көз карандылыктан чыгаруу өтө олуттуу маселелердин бири экенин сиздер жакшы билесиздер. Энергетикага болгон муктаждык бүгүн эле жарала калган маселе эмес. Бул – буга чейинки башаламан башкаруунун кесепети. Жыл сайын бир катар ГЭСтер курулуп, ири ГЭСибиз реконструкциялоодон өтсө дагы энергияга болгон тартыштыкты жаба албай келебиз. Айрыкча, жыл сайын жүздөгөн социалдык объектилер: ири курулуштар, өндүрүштүк ишканалар салынып, энергосектор мындай өнүгүүнүн темпин кууп жете албай жатат. Бирок алдыдагы 2-3 жылдын аралыгында электр энергиясына болгон муктаждыкты толук жоюп, ал турсун экспорттой турган өлкөгө айлантууга аракеттенип жатабыз. Жакынкы жылдары бул багытта ири долбоорлор ишке ашканы турат. Мурда суудан эле электр кубатын алып келген болсок, азыр күндөн, шамалдан энергия алууга багыт алдык", - деген Жапаров.

Өткөн айда энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырган.

Эксперт Расул Умбеталиев Атамбаевдин тушунда энергетика тармагында ачык-айкындуулук болгонун бышыктады. Ошол эле маалда ири коррупциялык схемаларга жол берилген учурлар болгонуна токтолду.

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

"Алмазбек Атамбаевдин убагында канча электр энергиясы өндүрүлүп жатат, канчасы экспорт-импорт болуп жатат, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кандай деп кенен, ачык-айкын маалымат берилип турган. Бирок Бишкек ЖЭБин оңдоодо түздөн-түз коррупция болгон. Мунун баары 2018-жылы чоң авария болгондо билинген. Аттиш-кычкачты 600 доллардан алып, өрт өчүргөн шаймандарды 1,5 миң доллардан алган учурлар ачыкка чыккан. ЖЭБди көмүр менен камсыздоо маселесин мен көп көтөргөм. Ал жакка сапатсыз, кымбат көмүр ташылып турганын мен көп жазгам. Ошол жерде 10 миллиондон 20 миллион долларга чейин пара алып жүрүшкөн. Анын тушунда энергетика тармагындагы коррупция өтө өсүп кеткен. "Датка-Кемин" долбоорун ишке ашырууда дагы ири суммадагы акча кымырылып кеткен. Анын тушунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу ишке ашкан жок. Азыркы абалга келсек, май айынан баштап Энергетика министрлиги суу-энергетика тууралуу маалыматтардын баарын жашырып койду. Эч жерде маалымат жок. Мамлекеттик сыр деп купуя деген белги коюп коюшту. Бул туура эмес. Мындай эч качан болгон эмес. Канча суу келип жатат, канча суу агып чыгып жатат, суунун көлөмү канча, канча электр энергиясы өндүрүлүп жатат, кандай баа менен экспорт-импорт болуп жатат деген эч кандай маалымат жок. Токтогул суу сактагычы, энергетика бирөөнүн менчиги эмес. Бул элдин менчиги. Эл ошондой маалыматты билиши керек. Кышкы даярдык тууралуу маалымат бербей жүрүп, министр сентябрда быйыл суу аз топтолгонун, кышында чектөөлөр болорун айтып жатат. Бул эмне деген жоопкерчилик, эмне деген саясат? Жашырып отуруп азыр эми ушул абалга келдик. Пушкин жазган жомоктогу жыртык таштек менен калган кемпирдин абалына келдик. Эгер азыр үнөмдөбөсөк келерки жылы Токтогул суу сактагычында суу калбай калышы мүмкүн деген коркунуч бар. Булар азыр эми коңшу мамлекеттерден импорттойбуз деп айтып жатышат. Кыш катуу болсо, электр энергиясы өздөрүндө тартыш болсо алар бизге бере албай да калышат. Ошондо элибизди да кыйнайбыз, экономикабыз дагы төмөндөйт", - деди Умбеталиев.


Ушул айдын башынан бери өлкөдө калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

Энергетика маселелери боюнча талдоочу Эрнест Карыбеков бул тармакта абал оор экенине токтолду. Ал Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн сактап калуу чаралары жетишсиз болгонун айтты.

Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

"Энергетика боюнча биз эң төмөн абалга келдик. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн түшүрүп алып, азыр аны кайра толтура албай жатышат. Азыркы саясат менен аны толтура дагы алышпайт. Анткени Токтогул суу сактагычынын өзүнүн регламенти бар. Аны ошол туура регламент менен иштетсе суу керектүү көлөмдө болот. Регламентке ылайык, 1-октябрда суунун көлөмү 16 миллиард куб метр суудан аз болбошу керек. Ал эми кыштан чыккандан кийин 1-апрелде суунун көлөмү 12 миллиард куб метрден төмөн болбошу керек. Ошондо гана ал өзүнүн функциясын толук аткарат. Ал деген Тажикстандагы Нурек ГЭСи эмес. Эгер ал толсо аны электр энергиясын өндүргөндөн кийин бир сезондо агызып салышат. Токтогул болсо Борбор Азиядагы эң чоң суу сактагыч, 19,5 миллиард куб метр суу батат. Азыр Токтогул суу сактагычына кирип жаткан суунун көлөмү көп жылдан бери орточо эсеп менен алганда өзүнүн эле нормасында, жамгыр аз жаап, кургакчылык болгону менен мөңгүлөр ээрип, суу агып келип жатат. Демек биз альтернативдүү электр станцияларын пайдаланып, аны толтуруп алышыбыз керек болчу. Мен, мисалы, Кара-Кече ГЭСин курушубуз керек деп көп жылдан бери эле айтып келе жатам. Электр энергиясын керектөө алты жыл мурун аябай өсүп кеткен. Ошондо майнинг фермалар мекемелерде, үйлөрдө деле көбөйүп кеткен. Мына ошолорду текшериш керек, көзөмөлгө алуу керек", - деди Карыбеков.

Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.

Ушул тапта өлкө аймагында жана борбор калаада жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Буга чейин Энергетика министрлиги быйыл кыш оор болорун айтып, элди айрым техникалык мүчүлүштүктөр менен авариялык өчүрүүлөргө түшүнүү менен кароого чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG