Буга чейин ишкерлердин нааразылыгынан улам мөөнөтү жылдырылып келген. Өткөн апталарда бир катар ири базарларда соодагерлер өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы нааразылык билдирип чыгышты.
Анын алдында президент Садыр Жапаров ишкерлерге жолугуп, мындай жаңы талаптарды киргизүү менен көмүскө экономиканы азайтып, инвестициялык климатты жакшыртуу максатында болуп жатканын билдирген.
Салык кодексине ылайык, 1-июлдан тарта сатуу түрүндөгү патент салыгы жокко чыгарылып, салык төлөөчүлөр салык режиминин башка түрлөрүнө өтүүгө милдеттендирилген. Салык төлөөчү өз эрки менен же “бирдиктүү салык режимине” (жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы), же “жалпы салык системасына” өтүшү зарыл.
"Дордой" базарында сатуучу болуп иштеген Нурбек жаңы салык режимине өтүү үчүн документтерин даярдап, салык кызматына тапшырып коюшканын, азырынча колуна документ ала электигин айтып берүүдө:
“1-июлга чейин [документтерди] тапшыргыла, андан кийин процесс бир аз узагыраак болот, жетишпей калабыз, ошондуктан айыппул салабыз деп шаштырып атышкан. Бүт эле тапшырып өткөрүштү окшойт, алар бир нерсесин иштеп чыгып, анан киргизеби, азырынча эч кимге жообу келе элек”.
Бишкектеги курулуш базарларынын биринде иштеген Мирланбек бир жылдан бери патент албай, ККМ менен иштеп келатышканын айтты:
“Биздики мурда эле токтогон, дээрлик бир жылдан бери патент албайбыз. ККМ менен эле отчет тапшырып, салыгын төгөбүз. Кыйынчылык бар, албетте. Кээде отчет эстен чыгып калат, ар кандай болот. Кээ бирлери отчет тапшырып жатат, кээ бирлери ошо бойдон эле жүрөт, ар кандай”.
Кимге кандай салык салынат?
Патент менен иштегендердин көпчүлүгү орто жана чакан ишкерлер болгондуктан, алар үчүн бирдиктүү салык режими ыңгайлуу. Анткени мында кириштеп, чыгыштап иштеген бухгалтерлик кызмат көп талап кылынбайт. Соода-сатыгынан гана ошол жерде көрсөтүлгөн белгилүү бир өлчөмдөгү салыктык пайыздар менен төлөй алат.
Маселен, бир жылдык товар жүгүртүүсү 15 млн сомго жетпеген ишкер салык төлөбөйт, отчеттуулук дагы талап кылынбайт. Андан кийинки босого чек 30 млн сом болуп, соода жүгүртүүсүнөн 0,5% салык төлөйт, эгерде 50 млн сомго чейин болсо, 1% төлөйт. Андан ашса, накталай эмес эсептешүүдөн 2%, накталай болсо, 4% салык төлөнөт.
Салык кызматынын Атайын салык режимдерин көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Тынарбек Кошматов Кыргызстан боюнча базарлардын 90% ашууну бирдиктүү салык режимине өткөнүн, ишкерлерге түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдирди.
“Кыргызстан боюнча 300дөн ашуун базар бар, алар орто жана кичи базарлар болуп бөлүнөт. Алардын ичинен экөө стратегиялык объект деп бөлүнгөн. Бул эки чоң базар – импорт-экспортко эсептелген “Кара-Суу” менен “Дордой”. Экөөнө “өзгөчө салык режими” каралган. Бүгүнкү күндө базарлардын 90% бирдиктүү салык режимине өткөн. Дагы алты базардын салык төлөөчүлөрү 0,1% өткөн. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан базарлардан “Дордой-Моторс”, “Азиз”, “Мадина” жана “Кудайберген” базарлары өткөн. Дагы эки базар курулуш материалдарын саткан “Элитстрой” жана “Баткен” базары. Башка базарлардыкы 0,5 пайызга, чекене сатып, соода көлөмү 15 миллионго жетпегендер нөлдүк пайызга өткөндөрдүн бардыгы Кыргызстан боюнча 90 пайыздан ашык. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кайсы бир салык режимине өтпөй иштегендер салыктык каттоосу жок болуп калат. Патент бүгүнкү күндөн баштап күчүн жоготсо, ал салык төлөөчү салыктык каттоосу жок ишкердик кылган болуп калат. Анда, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт”.
Кошматов айткан алты базар Министрлер кабинети бекиткен талаптарга жооп бергендиктен, жаңы түзүлгөн реестрге киргизилген. Алардын ишкерлеринин бир жылдык соода жүгүртүүсү 100 млн сомго чейин болсо, 0,1% салык төлөшөт.
Ал эми “өзгөчө салык режимине” киргизилген “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларында салык төлөөчү өзүнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн өзү белгилеп, ылайык келген салык режимин тандайт. Маселен, бир жылдык соода жүгүртүүсү 4 млн сомго чейин болсо, жылына 18 миң сом же айына 1500 сом салык төлөйт. Ал эми 100 млн сомдон ашса, ошого жараша жылына 1 млн сом төлөйт.
"Жаңы чакырыктарды кабыл ала билели"
Атамекендик ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаев заман шарты жаңы технологияларга өтүүнү талап кылып жаткан чакта кыргыз ишкерлери да жаңы чакырыктарды кабыл ала билиши зарыл деп эсептейт:
“Жакшы өлкөдө, цивилдүү өлкөдө жашагыбыз келсе, күчтүү коом курабыз десек, жакшы бир улут курабыз десек, өтүшүбүз керек. Жаңы нерсенин баары эле окуганды талап кылат. Компьютер алсаң, аны деле үйрөнүш керек, жаңы автоунаа алсаң, ага деле көнгөнгө кичине убакыт керек. Бул деле ошондой нерсе. Бирок бул дүйнө жүзү колдонуп келген эреже да. Ошол эле кассалык аппарат, эсеп фактуралар мурун эле бар болчу. Демек, кичине кунт коюп, көңүл бурсак, ушунун баарын үйрөнгөнгө бир-эки жума кетсе керек. Мына, Түркия, Америка, Европаны мактайбыз – баарында кассалык аппарат бар. Жадагалса дааратканасында кассалык аппараттар турат. Биз деле ошого барышыбыз керек”.
Электрондук товардык коштомо кагазды (ЭТКК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы болгон “Дордой-Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери 12-июнда Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышкан. “Дордой-Дыйкан” менен “Ош базарынын” соодагерлери 10-11-июнда да нааразылык иретинде иш ташташкан.
Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ), электрондук товарык коштомо кагазды (ЭТКК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөргөн. Жыйында электрондук товардык коштомо кагазды колдонбогондорго айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганы белгилүү болгон.