Алар укугун билишпейт жана коргой алышпайт деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Кыргыз өкмөтү майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо үчүн тиешелүү иштер күчөтүлгөнүн маалымдоодо.
"Бейтапканада зомбулукка кабылган"
7-декабрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбору Республикалык психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага кайрылып, аталган ооруканада өспүрүм кызга зомбулук көрсөтүлгөнү аныкталганын кабарлады.
Психиатриялык ооруканага өспүрүм кызын апасы 4-декабрда жаткырган. Эки күндөн кийин кызынан кабар алганы барган апасы анын бейтапкананын коридорунда, клеенка төшөлгөн керебетте жатканын көргөн.
"Кызын жуундуруп жаткан убакта денесинен көгөргөн тактарды, колу-буттары, колтуктары, мойну көгала болгонун байкаган. Ошол эле күнү апасы кызын үйүнө алып кеткен, оорукананын кызматкерлери андан "доом жок" деген тилкат жаздырып алышкан. Иликтөө учурунда бейтапкананын кызматкерлери кыз жуунтуу учурунда жыгылып, көгала болгонун айтышкан. Бирок ал жерде дарыланып жаткан башка бейтаптар кыз 4-5-декабрь күндөрү керебетте таңылып турганын, айрымдары ага суу алып келип беришкенин айтышкан. Психикасы жабыркаган, өзүнө жана башкаларга кооптуу деп саналган адамдарды да эки сааттан ашык убакыт байлоо кыйноого жатат", - деп жазылган кыйноого каршы борбордун маалыматында.
Ушул тапта бул окуяны Башкы прокуратура жана Саламаттык сактоо министрлиги териштирип жатканы кабарланды.
Өткөн аптада социалдык тармактарда Кадамжайдагы социалдык стационардык мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамды мекеменин кызматкери сабап жаткан тасма тараган. Териштирүүдөн кийин окуя эки жыл мурда болгону аныкталып, кызматкер жумушунан алынган. Учурда милиция бул боюнча кылмыш ишин козгоду. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мындай зомбулуктардын алдын алуу үчүн бардык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуларын билдирген.
"Майыптыгы бар кыз-келиндер кабылган зомбулук катталбайт"
Human Rights Watch уюму акыркы эки жылдагы иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда майыптыгы бар кыздар жана аялдар түрдүү зордук-зомбулукка, сексуалдык ыдыкка дуушар болуп, укуктары бузулуп жатканын маалымдады.
Уюмдун 14-декабрда жарык көргөн баяндамасында майыптыгы бар кыздар жана аялдар чоочун адамдар менен катар эле жакын адамдарынан зомбулук көрө турганы жазылган.
63 беттен турган баяндамада белгиленгендей, мындай зомбулуктар дээрлик бардык учурларда каттоого алынбайт жана алардын укугун коргоо аракеттери көрүлбөйт.
"Майыптыгы бар кыздарын айрым ата-энелер коомчулуктан жашырат. Зордук-зомбулукка туш болгон кыздар үчүн социалдык мекемелер жетишсиз, ошондуктан алардын зомбулук көргөн жайдан башка бара турган жери жок. Алардын укуктары майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу мыйзамдарда да толук корголгон эмес", - деп жазылган баяндамада.
Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия аймагы боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева зомбулукка кабылган мүмкүнчүлүгү чектелүү кыз-келиндер укук коргоо органдарына кайрыла албаганынын себебин төмөнкүдөй чечмеледи:
"Майыптыгы бар кыз-келиндер түрдүү зордук-зомбулуктарга кабылат. Аларга пенсиясын же башка акчасын өзү каалагандай иштетүүгө жакын эле адамдары мүмкүнчүлүк бербейт. Көпчүлүк кыздар мектепке да барышкан эмес, кесипке ээ эмес жок. Ошол эле учурда психикалык, физикалык зомбулукка дуушар болгон майыптыгы бар аялдар милицияга кайрыла албайт. Аларга түрдүү тоскоолдуктар бар, милициянын бөлүмү жертөлөдө же тескерисинче 2-3-кабатта жайгашып, ал жакка ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү кыздар жете албашы мүмкүн. Милиция бөлүмдөрүндө алардын арызын уга турган адис жок, мисалы, жаңсап сүйлөөнү билген адистер милицияда дээрлик жок. Көзү азиз кыздар арыз жазышы үчүн ыңгайлуу Брайль шрифти да жок. Адвокат жалдап, сотко кайрылышы үчүн, эң башкысы акчасы да жок. Ушундан улам бизде майыптыгы бар кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук иштеринин так саны жок".
"Бардык жерде басмырлоо"
Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын "Назик кыз" коомдук бирикмесинин жетекчиси Үкөй Мураталиева өлкөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелүү кыз-келиндер жакындарынын же чоочундардын гана эмес, түрдүү мекемелердин кызматкерлеринин, дарыгерлердин, мугалимдердин, ошол эле социалдык кызматкерлердин да ар кандай кысым-басымына дуушар болорун айтууда:
"Бала бакчадан эле басым башталат. Майыптыгы бар балдар бакчага барбайт, мамлекеттик бакчалар албайт, ата-энеси кымбат акчасын төлөп менчик бакчага берет же үйүндө кармоого аргасыз. Мектепке да албайт, атайын мектептерге барат. Мектепте мугалимдердин, классташтарынын басмырлоосуна кабылат. Ооруканаларда да ошондой. Мелкызматкерлер кагып-силкип, орой мамиле кылат. Кош бойлуу болуп барса, андан бетер, "өзүң араң жүрүп, сага төрөгөндү ким койду" деген сөзү көздөрүнөн окулуп эле турат. Биздин медицина кызматкерлери "майыптыгы бар адамдар өздөрүндөй эле майыптыгы бар адамдын санын көбөйтөт" деген түшүнүк бар".
Үкөй Мураталиева бир нече жылдан бери майыптыгы бар кош бойлуу келиндердин аман-эсен көз жарышына жардам берип келген.
"Майыптыгы бар аялдар" кыймылы менен чогуу бир канча медицина кызматкерлерин окутуп, үйрөтүүгө жетишкенин белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелүү кыз-келиндердин укуктарынын сакталышы, зомбулукка кабылбашы үчүн алардын жакындарынан тартып, милиция, сот кызматкерлерине чейин окутуу зарыл деп эсептейт.
Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия аймагы боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укугу жана кепилдиктери тууралуу 2008-жылы жана 2017-жылы кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирди. Анын айтымында, эки мыйзамда тең майыптыгы бар кыз-келиндерди үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоочу так жоболор жок.
"Кыргызстан үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү үстүндө иштей баштады. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды. Бирок бул мыйзамдар ичинде майыптыгы бар кыздарга жана аялдардын укугун коргоочу ченемдер жетишсиз же такыр эле жок. Ушундан улам алар дагы деле коомдогу эң эле аялуу, укугун коргой албаган адамдар бойдон калып жатат. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндер милицияга, сотко кайрыла албайт. Анткени ал жактан да буларды толук кандуу коргоочу мыйзамдар жок. Майыптыгы бар кыз-келиндер менен иштөөчү милиция, медицина, социалдык кызматкерлер болушу керек, аларды да атайын окутуп, үйрөтүү зарылдыгы бар. Өкмөт зомбулукка кабылгандардын токтоосуз жардам алышын камсыздоого тийиш. Майыптыгы бар адамдардын укугу жана кепилдиги тууралуу мыйзамдар жазылып жатканда, демилгечилер менен авторлор мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен да кеңешип, алардын сөзүн угушу керек", - деди Султаналиева.
Кыргыз өкмөтү майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо багытында иштер жүрүп жатканын белгилөөдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлмира Баатырова бул багытта мекемелер аралык иштер аткарылууга тийиш экенин маалымат жыйынында билдирген:
"Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жакшыртуу бир эле министрликтен көз каранды эмес. Мекемелер аралык чоң жумуштар да жасалышы керек. Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги укук коргоо органдары чогуу иш алып барышы керек. Биз жумушту алдыга жылдырып атабыз. Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын майыптыгын далилдөөчү комиссиядан өтүү машакаты да жеңилдеди. Анатомиялык кемчилиги бар адамдар биринчи жолу кайрылганда эле майыптыгы мөөнөтсүз күбөлөндүрүлөт. Мамлекет тарабынан бирөөнүн кароосуна муктаж адамдар атайын кароочу адамдардын камкордугуна берилди".
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ушул тапта майыптыгы бар адамдардын саны 211 миңден ашат. Анын ичинен 96 миңден ашууну кыз-келиндер.
Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын саны 37 миңден көп. ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% өздөрүнүн эле жакындары, карап баккан адамдары психологиялык жактан кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.
Кыргызстанда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу 17 социалдык стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын ичинен 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358 чоң адамдардын психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.