Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишине көзөмөл күчөтүлөт


Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жарандардын майыптыгы боюнча корутунду чыгарууга милдеттүү болгон медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) ишине көзөмөлдү күчөтөт.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Гүлнара Баатырова МСЭК жетекчилери менен онлайн жолугушууда алардын ишине эл арасында нааразылык көп экенин айтты. Жолугушуу 11-декабрда болгон. Министр комиссиялардын иши текшерилип, жемкорлукка шек саноо болсо укук коргоо органдарына тапшырыларын белгилеген.

9-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Араван районунда МСЭК төрагасы менен эки мүчөсү паракорлукка шек саналып кармалганын билдирген.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, аймактык МСЭКтер жарандардын убактылуу жана туруктуу эмгекке жарамсыздыгына медициналык-социалдык экспертиза жүргүзөт, майыптуулуктун бар экендигин белгилейт жана анын тобун аныктайт.

Ошондой аларга социалдык колдоо зарылдыгы тууралуу корутунду чыгарат. Майыптыгы бар адамдарга берилчү жөлөкпул жана жеңилдиктер аталган комиссиялардын чечимине көз каранды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG