Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

Revolut Евробиримдикте жашоого уруксаты жок орусиялыктардын эсеби жабыларын эскертти


Литвада катталган онлайн-банк Revolut Евробиримдикте жарандыгы же убактылуу жашоо уруксаты жок орусиялык кардарларына эсептер жабыларын эскерте баштады. Банк бул чечимин Украинадагы согуш үчүн Орусияга каршы Евробиримдик кабыл алган 19-санкциялар пакетине таянып түшүндүргөн.

Буга чейин Revolut банкынан эсепти Европада жашоого уруксаты бар же узак мөөнөттүү D категориялуу улуттук визасы бар орусия жарандары гана ача алышчу.

Ишембиге караган түнү мурда D категориядагы виза менен эсеп ачкан колдонуучуларга эки кат жөнөтүлдү. Биринчисинде алардан Евробиримдикке мүчө мамлекетте, Европа экономикалык аймагына кирген өлкөдө, Швейцарияда берилген жарактуу убактылуу туруктуу жашоо уруксатынын көчүрмөсүн, же болбосо европалык паспортунун бар экенин тастыктаган документин жөнөтүүсү талап кылынган.

Экинчи катта болсо кардар менен түзүлгөн келишим жылдын аягында токтотулары маалымдалды.

31-декабрга чейин колдонуучуга эсепке акча салууга, картасы менен төлөөгө, банкоматтан накталай чыгарып алууга жана Revolut ичиндеги башка эсептерге акча жөнөтүүгө тыюу салынды.

Мындай бөгөттөөгө кабылган кардарлар банктын колдоо кызматынан жооп ала албай жатышканын “Медиазонага” билдиришкен.

Басылма жазгандай, редакцияга Латвияда D категориядагы виза менен эсеп ачкан, бирок жашоого уруксатынын эми берилишин күтүп жаткан эки адамдын эсеби тоңдурулуп калган. Кардарлар буга чейин жагдайын түшүндүрүп, уруксат күтүп жатышканын билдирген.

Дагы бир кардар аял учурда жарактуу жашоого уруксаты бар экенин жана аны мурда банкка жөнөткөнүн айткан. Бирок документти банк кайра талап кылган учурда өз убагында жүктөп бере албай, анын да аккаунту бөгөттөлүп калган.

Шерине

XS
SM
MD
LG