Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Кадамжайда сабалды делген майыптыгы бар адамдын жакындары милицияга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде мекеме кызматкери тарабынан сабалды делген 32 жаштагы майыптыгы бар адамдын жакындары милицияга арыз менен кайрылды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы 8-декабрда "Азаттык" радиосуна билдиргендей окуя боюнча тергөө амалдары башталды.

Кадамжай райондук акимчилигинен бул окуя боюнча жумушчу топ иликтөө жүргүзүп жатканын, 2021-жылы кышында тартылган делген видеону тасмага түшүрүп, ушул кезге чейин сактап, 2023-жылдын 6-декабрында гана жарыялаган кызматкердин аракети да мекеменин этикалык комиссиясында каралып, жумушунан боштулганын "Азаттык" радиосуна маалымдашты.

Буга чейин аталган психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде майыптыгы бар адамга кол көтөргөн 62 жаштагы Б.К бригадир кызматынан бошотулганы айтылган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) 7-декабрда майыптар үйүндө майыптыгы бар адамдын таяк жегени тартылган тасма боюнча түшүндүрмө берген. Ага ылайык, видео боюнча текшерүү жүргүзүп, окуя эки жыл мурда болгонун аныктаган жана андагы бейтапты уруп жаткан кишини тапкан. 6-декабрда социалдык тармактарга тараган видео 2021-жылы кышында Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тартылган. Тасма майыптар үйүнүн кызматкерлеринин ич ара келишпестигинен улам ачыкка чыгып кеткени маалым болду.

Тасмадагы адамдарды текшерүү учурунда азыркы күндө аталган мекемеде бригадир болуп иштеген 62 жаштагы Б.К. 2021-жылы санитар болуп, суткалык күзөттө турганда, ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы бейтапты качып кеткен жеринен таап келген. Мындан кийин аны коркутуп коюу максатында опузалаганын айткан.

7-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри тарабынан кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында бардык социалдык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу тапшырмасы берилгени кабарланган.

Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде акыл-эс дартына чалдыккан 200дөн ашык бейтап дарыланат. Аялдар жана эркектер бөлүмү бар.

Расмий маалыматта өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны 211 миңден ашуун. Алардын 37 миңден көбү балдар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG