Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

Президент Жапаров уулунун "Берекет банкка" негиздөөчү болгону тууралуу маалымат берди


Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган “Берекет банк” жана ага уулу Нурдөөлөт Нургожоевдин негиздөөчүлөрдүн бири болгону тууралуу 2-ноябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде маалымат берди.

Жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, президент аны мамлекеттик кылып ачууну сунуштаганда Чжао ага макул болбогонун айткан.

“Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи”, - деди Садыр Жапаров.

Президент жаңы ачылган “Берекет банкка” башка да негиздөөчүлөр кошуларын, банк көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барарын тактады.

Жапаров анын туугандары жана жакындары саясатка аралашпай турганын, ал балдарына өлкөгө инвестор тартуу менен алектенүүнү сунуштап келатканын билдирди. Жакын туугандары Кыргызстанга инвестиция тартып жатканын, бул боюнча президенттин мөөнөтү аяктап жатканда ачык маалымат берерин кошумчалады.

Ал балдары Рустам менен Нурдөөлөт экономика жана финансы боюнча адистикти окуганын тактады.

Binance криптовалюталык компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао быйыл жайында президент Жапаровдун коомдук кеңешчиси болуп дайындалган. Ал 24-октябрда Бишкекте өткөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышкан.

“Берекет банктын” түзүлгөнү боюнча маалымат 31-октябрда чыкты. Анда жаңы ачылган банктын негиздөөчүлөрү Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов экени белгилүү болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG