Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Украина: Орусиянын соккуларынан бир нече киши каза тапты


Одессадагы чабуулдардын бири. Август, 2025-жыл
Одессадагы чабуулдардын бири. Август, 2025-жыл

Украинанын Одесса облусунда 2-ноябрга караган түнү Орусиянын дрон чабуулунан эки киши каза таап, үчөө жараат алды.

Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын айтымында, автотоктоочу жайда турган беш жүк ташуучу машинеге зыян келтирилди, анын төртөө бош, биринде соя жүктөлгөн болчу.

"Сокку "Шахед" үлгүсүндөгү учкучсуз аппараттар менен аскердик мааниге ээ болбогон жарандык жайларга урулду", – деп жазды Кипер.

Днепропетров облусунда ракета жана дрон чабуулунан төрт киши каза тапканы, анын экөө 11, 14 жаштагы балдар экени кабарланды. Дубанда бир нече жер тамга, инфраструктура, автомобиль жана дүкөнгө зыян келтирилген.

Орусиянын чабуулунан Сумы шаарынын бир бөлүгү жарыксыз калганын облустук администрациянын башчысы Олег Григоров маалымдады.

Буга чейин ал Орусия менен чектеш Миропольскиде дрон соккусунан бир киши өлгөнүн, дагы бир адам жараат алганын билдирген.

Орус аскерлери 2-ноябрда Запорожьеге да сокку уруп, анын кесептинен дээрлик 58 миңдей киши жарыксыз калганын, эки адам жарадар болгонун облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров жарыялаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG