Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Кадамжайда майыптыгы бар адамды сабаган киши иштен бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде майыптыгы бар адамга кол көтөргөн 62 жаштагы Б.К бригадир кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүчүлүгүнөн 8-декабрда "Азаттык" радиосуна билдиришти.

"Мекемелер аралык жумушчу топ бул окуя боюнча иликтөө иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгына жараша кошумча чечимдер кабыл алынат",- деп билдирди облустук бийликтен.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан иш Кадамжай РИИБнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына киргизилип, териштирүү жүрүп жатканын, сабалды делген 32 жаштагы бейтап соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жыйынтыгында юридикалык баа берилерин билдиришти.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) 7-дкабрда майыптар үйүндө майыптыгы бар адамдын таяк жегени тартылган тасма боюнча түшүндүрмө берген. Ага ылайык, видео боюнча текшерүү жүргүзүп, окуя эки жыл мурда болгонун аныктаган жана андагы бейтапты уруп жаткан кишини тапкан. 6-декабрда социалдык тармактарга тараган видео 2021-жылы кышында Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тартылган. Тасма майыптар үйүнүн кызматкерлеринин ич ара келишпестигинен улам ачыкка чыгып кеткени маалым болду.

Тасмадагы адамдарды текшерүү учурунда азыркы күндө аталган мекемеде бригадир болуп иштеген 62 жаштагы Б.К. 2021-жылы санитар болуп, суткалык күзөттө турганда, ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы бейтапты качып кеткен жеринен таап келген. Мындан кийин аны коркутуп коюу максатында опузалаганын айткан.

7-декабрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри тарабынан кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында бардык социалдык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуу боюнча тапшырма бергени кабарланган.

Расмий маалыматта өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны 211 миңден ашат. Алардын 37 миңден көбү балдар.

ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% өздөрүнүн эле жакындарынан, карап баккан адамдарынан психологиялык агрессиясына жана уруп-сабоого кабылышарын жылдык баяндамасында билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG