Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:26

Пенсия курагын жогорулатуу сунушталды


Иллюстрация сүрөт
Иллюстрация сүрөт

Министрлер кабинети 2022-жылдын январь айынан баштап пенсиялык системаны реформалай турганын жарыялаган. Реформа системанын бардык катышуучулары үчүн бирдей укукту жана пенсиялык камсыздоонун принциптерин күчөтүүнү көздөй турганы айтылды.

Өзгөртүүлөрдүн негизги мазмуну пенсияга эрте чыгуу практикасын жана жеңилдиктерди берген категориялык принциптерди жоюуда турат. Мындай реформаны колдобогондор да бар.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 21-февралда парламент жыйынында өкмөттүн пенсиялык системаны реформалоо даярдыгы тууралуу айтты. Өкмөт бул реформалар социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөндөр менен пенсия алгандар ортосундагы теңсиздикти жоюу багытында баратканын билдирди.

“Бизди бир кыйла оор чечимдер күтүп турат. Бирок биз андан баш тартпашыбыз керек. Буюрса, этап-этабы менен ар бир алты ай сайын пенсияга чыгуу курагын көтөрүшүбүз керек. Бул дүйнөлүк тажрыйба, коңшу мамлекеттер дагы ушул жол менен барды. Мыйзам долбоорун да, концепциясын да алып келгенге даярбыз”.

Кыргызстанда учурдагы система боюнча пенсияга жаш курагы боюнча эркектер 63, аялдар 58 жашта чыгат. Бул куракка чейин аларда 20-25 жылдан кем эмес эмгек стажы болушу керек. Муну менен катар, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамда айрым жарандар үчүн пенсияга жеңилдетилген шартта чыгуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Социалдык фонд пенсиялык системанын каржылык туруктуулугун күчөтүү үчүн “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы өңдүү айрым укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп турат. Жарыяланган реформалардын алкагында бир катар чаралар сунушталган:

  • Пенсияга укук алуу үчүн этап-этабы менен беш жаштан 20 жашка чейин минималдык камсыздандыруу стажы киргизилет;
  • Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу тажрыйбасы жокко чыгарылат;
  • Жеңилдетилген категориялардын пенсияга чыгуу курагы жалпы белгиленген 58 жана 63 жашка шайкеш келтирилет;
  • Топтолгон төгүмдөрдүн суммаларын төлөнгөн бардык мезгили үчүн индексациялоо шарттары кайра каралат.

Соцфонддун маалыматында, 1-апрелден баштап мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көтөрүлсө, ага жараша алардын социалдык төлөмдөрү өсөт.

Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу эсебинен пенсиялык системанын катышуучулары көбөйөт. Ошондой эле социалдык камсыздоо төлөмдөрүн өтө аз төлөгөн үлүш жерлердин ээлерине тарифтерди көтөрүү менен аларды чогултуунун көлөмү көбөйтүлөт. Мекеме бул иш-аракеттердин натыйжасында пенсиялык төлөмдөрдүн көлөмү өсөт деп ишендирет.

Февраль айынын башында өкмөттө пенсиялык системаны реформалоо планы талкууланган. Социалдык фонд пенсияга чыгуудагы категориялык принциптен кетүүнү демилгелеп жатат. Сунушта ар кандай категориялардын алкагында жеңилдиктер аркылуу мөөнөтүнөн эрте пенсияга чыгуу тажрыйбасынан арылуу зарылдыгы баса белгиленет.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттин 17-февралдагы жыйынында мамлекеттик пенсиялык саясат жарандардын эмгек стажына жана кошкон салымына жараша жүргүзүлөт деп билдирди.

Гүлнура Жуматаева, Социалдык фонддун төрагасынын орун басары
Гүлнура Жуматаева, Социалдык фонддун төрагасынын орун басары

“Азыркы күндө пенсияга ар бир экинчи адам жеңилдик менен чыгууда. Бүгүнкү пенсионерлердин 40% жакыны жеңилдик менен чыккандар. Жылда жашоо минимумуна чейин жогорулатабыз, ошондо көрсөткүчүбүз жакшы болуп калат. Кийин кайра эле азайып калат. Анткени жеңилдик боюнча пенсияга 8-13 жыл эрте чыгып алат. Демек, алардын дагы 8-10 жыл пенсияга кошо турган салымы аз болгондуктан, пенсиянын өлчөмү да аз болот. Андан тышкары, алар иштеп дагы, пенсиясын дагы алат. Фондубуздун көп каражаты ошондой жарандарга кетип, чындап иштебей үйүндө отурган карыларга алгылыктуу пенсия жетпей калат. Ошондуктан, азыр мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Жеңилдиктегилердин курагын жок дегенде алты айдан болсо да жогорулатып, аялдарга 58, эркектерге 63 жаш деп чектеп, андан эрте чыккандарды жок кылалы дейбиз”.

Социалдык фонддун эсебинде, пенсиялык системага жалпы түшкөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 95% ишканалар, 0,5% дыйкандар төгөт. Ошол эле кезде дыйкандарга пенсиялык фонддун 40% берилет. Андыктан, жер үлүшүнөн алынуучу социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын көбөйтүү каралууда. Бул алардын ала турган пенсиясынын көлөмүнүн көбөйүшүнө да таасир этет.

714 миң пенсионердин 15% жакынын пенсияга жеңилдиктер менен мөөнөтүнөн 5-10 жыл эрте чыккандар түзөт. Жеңилдиктер бийик тоолуу шартта жашап, иштегендер, көп балалуу энелер, майыптыгы бар балдардын энелери, зыяндуу өндүрүштө иштегендер өңдүү 10 категориядан турат.

Депутат Улан Примов пенсиялык системаны бюджеттен каржылоонун көлөмү барган сайын өсүп баратканын, андыктан реформалык кадамдар зарыл экенин айтты.

Улан Примов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары
Улан Примов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары

“Биз алтынчы чакырылышка келгенде республикалык бюджеттен каржылоо (ассигнование) 16-17 млрд. сомдун тегерегинде болчу. Бүгүн бюджеттик каржылоо 23 млрд. тегерегинде болуп жатат. Демек, бизде жылдан-жылга пенсионерлердин саны көбөйүп баратат. Мунун бирден-бир себеби – бизде жеңилдик алгандар көп. Эгерде жеңилдикке ээ жарандардын параметрин кайра карап чыкпасаңар, Кыргызстан пенсионерлердин өлкөсү болуп калат. Бул популярдуу эмес чечим. Бирок сиздер ал кадамга барбасаңыздар, Соцфонд жакынкы 4-5 жылда пенсияны төлөй албай калат”.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө пенсиялык система тилектештик жана топтомо бөлүктөрүнөн турат. Жумушчу маянасынын 10% социалдык төлөмдөргө которот, мындан тышкары ишкана да жумушчунун айлыгынан 17, 25% чегерет. Жумушчунун 10% социалдык төлөмүнүн сегиз бөлүгү азыркы пенсионерлерди каржылоого жумшалат, калган эки бөлүгү топтомо фонддун эсебине түшөт.

Эл аралык эмгек уюмунун жобосу боюнча пенсиянын көлөмү орточо маянанын 40% кем эмес болушу керек. Кыргызстандын экономикалык шартында бул жобо аткарылбайт.

Кесиптик кошуундар федерациясынын социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Касымалиева жеңилдетилген шарттарда иштеген жумушчулардын олуттуу себептери бар экенин айтты.

“Ал туура эмес, биз ага каршыбыз. Анткени, ар кандай категориялар бар, алардын баарын бирдей шартка келтирген болбойт. Алардын ичинен да караш керек, кайсынысын жойсо болот, кайсынысын болбойт. Ошондуктан аны талкуулоого алып чыгыш керек. Сөзсүз түрдө иштеген адамдар менен жана Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүү керек. Алар дагы кишилердин организмине канчалык зыян келтирилерин карашат да. Анткени, эмгек шарттары оор болсо кишиге зыян алып келет. Киши болсо ал жакта пенсияга эрте чыгыш үчүн жана маянасы көбүрөөк болгондуктан иштеп атат. Ошондуктан, категорияларды жоюп салган болбойт”.

Пенсиялык система боюнча эксперт Жамийла Тогузбаева жеңилдик берген категорияларды жоюу менен тескерисинче, турмушу жашоо минимумунан төмөн болгон калктын саны көбөйөт деп эсептейт. Эксперт пенсионерлердин бюджетин үнөмдөөдөн башка да бир катар натыйжалуу жолдор бар экенин айтты.

Жамийла Тогузбаева, пенсиялык система боюнча эксперт
Жамийла Тогузбаева, пенсиялык система боюнча эксперт

“Жеңилдетилген пенсияга альтернатива болгон жаңы жумуш орундарын ачып, маянаны көбөйтө турган чараларды аткарсак, анда туура болмок. Негизги максатты пенсияны кесип, Пенсиялык фонд менен Каржы министрлигинин бюджетин үнөмдөөгө коюп, бирок ал жарандар кантип жашарына кайдыгер карабай, мындай маселени комплекстүү чечүү абзел. Мен жеңилдетилген пенсияны азайтуу чаралары жумуш орундары жетиштүү, калкынын жарымынан көбү орточо айлык алган өлкөдө жакшы болмок деп эсептейм. Пенсияны каржылоону түз жүргүзбөй, инвестициялап көбөйтүү вариантын карап чыкса да жакшы болмок. Пенсиялык системага такыр салым кошпогон ишканаларды көмүскөдөн чыгаруу жана топтомо пенсиялык фондго чогулган каражатты натыйжалуу башкаруу варианты да көңүл чордонунда болушу керек”, - дейт Жамийла Тогузбаева.

Кыргызстанда ишкерликтин 50% жакыны көмүскөдө деп эсептелет. Өкмөт экономикалык реформаларынын негизги максаты көмүскөдөгү ишкерликти ачыктоону көздөрүн жарыялаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык медиадагы баракчасында жаңы Салык кодекси кабыл алынгандан бери салык төлөөчүлөрдүн саны 9000ге азайганын жазды. Мекеме кичи жана орто бизнес үчүн социалдык төлөмдөрдү азыркы 27,25 пайыздан 14% чейин түшүрүү аркылуу көмүскөдөгү жумушчулардын санын арттыруу жолун кароодо.

Экономист Элдар Абакиров Кыргызстанда социалдык төлөмдөр системасына катышкан жарандардын саны өтө аз экенин, аларды көбөйтүү саясатын күчөтүү жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо зарыл деп эсептейт.

Элдар Абакиров, экономист
Элдар Абакиров, экономист

“Аларды (ишканаларды) көмүскөдөн жалгыз камчы менен коркутуп-үркүтүп чыгара албайсың. Стимул керек. “Сен өзүңө канча акча чогултсаң, ошончо пенсия аласың” деген стимул эң туура, классикалык ыкма деп ойлойм. Ошол ыкмага өтүш керек. Бизде болгону 2% эле өзүң үчүн топтомо фондго кетет, калганы баары жалпы фондго кошула берет. Ал жерде дагы адамдардын жумушуна жараша бирөө көбүрөөк алса, бирөө такыр эле аз алат. Демек, адилеттүүлүк жок, ошон үчүн көбү пенсияга акча чогулткусу келбейт”.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу жарандар 61,1% түзөт. Пенсия курагындагы жарандар 714 миң адамды же 6,6% түзөт. Кыргызстанда болжол менен ар бир пенсионерге бирден эмгектенген жаран туура келет. Өлкөнүн пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясында жакынкы келечекте эмгекке жарамдуулардын саны азайып, пенсия курагындагылар 2,5 эсеге көбөйөрү божомолдонот.

Ага ылайык, 2050-жылга карай эмгекке жарамдуу курактагылар 57,3%, андан жогорку курактагылар 16,2% жетет. Эл аралык эмгек уюмунун стандарты боюнча бир пенсионерге үчтөн көп жумушчу туура келиши керек. Мындан аз болсо, пенсиялык системанын туруктуулугуна доо кетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG