Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Гани ИМ тобун жок кылууга убада берди


Жардырууда жакындарын жоготкон ооган бала. 18-август, 2019-жыл. Кабул.
Жардырууда жакындарын жоготкон ооган бала. 18-август, 2019-жыл. Кабул.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 17-августта үйлөнүү тойдо болгон чабуулду айыптап, «Ислам мамлекети» радикал тобунун баардык уюктарын жок кылууга убада берди. Ганинин бул билдирүүсү 19-августта өлкөсүнүн Британиядан өз алдынчалык алышынын 100 жылдыгына арналган салтанатта айтылды.

17-августтун кечинде Кабулдун негизинен шииттер отурукташкан аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде үйлөнүү тою өтүп жаткан эле. Миңдей киши чакырылган үлпөткө сырттан капыстан кирген жанкечти дароо өзүн жардырып жибергенин окуяда аман калгандар айтышууда. Жекшембиде курман болгондордун көбүнүн сөөктөрү жерге берилди.

Насрат Рахими.
Насрат Рахими.

«Үйлөнүү үлпөтү болуп жаткан жерге коюлган террордук чабуулдан кеминде 63 жараныбыз мүрт кетти, алардын арасында аялдар жана балдар да бар. 180ден ашуун киши жаракат алды», - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими.

Окуя үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна «Ислам мамлекети» радикал тобу алды. Уюм атайын билдирүү таркатып, жанкечтинин аты-жөнүн жана сүрөтүн да жарыялап жиберди. Ооганстандын эгемендикке жетишинин жүз жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн президент Ашраф Гани террордук уюмду түп-тамырынан бери жоготууга убада берди:

Ооганстандын президенти Ашраф Гани. 13-август, 2019-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани. 13-август, 2019-жыл.

«Биз төгүлгөн кандын ар бир тамчысы үчүн өч алабыз. Биз «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөштү улантабыз, алардан өч алабыз жана түп тамыры менен жоготобуз» - деген Гани эл аралык коомчулукту бул аракеттерге кошулууга үндөдү.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ооган бийлигине жиберген куттуктоо катында да чабуулду айыптай кеткен.

«Кабулдагы үйлөнүү тоюнда болгон террордук чабуул - бул адамзатка каршы кол салуу», деп жазылат мамкатчынын катында.

Бул жардыруу «Талибан» кыймылы менен Вашингтон Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан жарандык согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюуга жакындап калган маалда болду.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп анын администрациясы талибдер жана ооган өкмөтү менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жекшембиде билдирди. Ал Ооганстанда 13 миңдей америкалык аскер бар экенин жана алардын санын кыскартуу каралып жатканын Нью-Жерсиден Вашингтонго учар алдында кошумчалады.

Ооганстан боюнча АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад бул кол салуу «Ислам мамлекети» радикал тобун жок кылыш үчүн тезирээк талибдер менен тынчтык макулдашууга жетишүү зарылдыгын көрсөткөнүн белгиледи.

«Ислам мамлекети» радикал тобу жана ага ыктаган уюмдар 2015-жылдан бери шииттер отурукташкан аймактарда ар кандай кол салууларды уюштуруп келишет.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, соңку он жыл ичинде Ооганстанда 32 миңден көбүрөөк адам өлтүрүлгөн. Былтыр эле 927 бала мерт болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG